Президенттин Түркияга сапары: “гүленчилердин” тизгини тартылабы?

С. Жээнбековдун 9–10-апрель күндөрү Түркияга жасаган расмий иш сапары жемиштүү гана эмес, тарыхый да болду. Анткени президентибиз КМШ аймагынан сырткары жакка алгачкы ирет чыгышы өтө жогорку деңгээлде уюштурулуп, мамлекет менен карапайым жарандарыбыз үчүн бир катар пайдалуу документтерге кол коюлду. Ушул жагдай эске алындыбы же башка да себептери барбы, айтор Анкаранын “Эсенбога” аэропортуна конгон мамлекет башчыбызды траптан өлкөнүн вице-премьер-министри Хакан Човушоглу баштаган бийлик өкүлдөрү тосуп турушту. Андан соң кортеж 40 атчандын коштоосунда бийлик имаратына жеткирилип, президент Р. Эрдоган өзү кабыл алды. Саясый серепчилердин айтуусунда, түрк тарап С. Жээнбековго жакында Россиянын президенти В. Путинди тоскондой эле өтө жогорку деңгээлде мамиле жасады.

Түркия Кыргызстандын Эгемендүүлүгүн алгачкылардан болуп таанып, өз элчилигин ачкан менен мүмкүнчүлүгү болуп тургандыгына карабай, ошол учурда кризиске капталган экономикабызга ири инвестицияларды чегере алган эмес. Анткен менен социалисттик түзүлүштөн капитализмдин жапайы рыногуна туш болуп, эмне кыларын билбей турган коомчулукка түрк ишкерлери кантип ишкерлик менен алектенүүнү үйрөтүшкөн. Негизинен Кыргызстанда бизнестин битин сыккан түркиялык соодагерлер менен тейлөө тармагын жакшы билген жеке адамдар гана иштешет. Ал эми мамлекеттик деңгээлде Түркия өкмөтүнө караштуу ТИКА уюму Бишкекте заманбап оорукана куруп, Тарых музейинин капиталдык оңдоосун жүргүзүүдө. Мындан тышкары 50 миллион доллар карызыбызды да кечип берди. Анткен менен Азия, Африка жана Европа континенттеринин чок ортосунда жайгашып, деңиз жана аба жолдорунан чоң киреше тапкан бул боордош мамлекет кыргыздарды, Кыргызстанды ата-бабабыз, түпкү мекенибиз деп эсептешип, урмат-сый жасашат.

С. Жээнбеков сапарынын алгачкы күнү түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолукту. Жолугушуунун жыйынтыгында экономика, инвестиция, айыл чарба, спорт, социалдык камсыздандыруу жана маалымат чөйрөсүндөгү алты документтерге кол коюлду. Эрдоган жолугушуудан кийинки маалымат жыйынында “Кыргызстан Түркия үчүн өзгөчө өлкө” экендигин да баса белгиледи.

Тилекке каршы 2016-жылы июнда Анкарада ишке ашпай калган аскердик төңкөрүштөн кийин кыргыз-түрк мамилеси бир топ солгундай түшкөн эле. Бул окуядан кийин түрк бийлиги баардык боордош жана тилектеш мамлекеттерге кайрылуу жасап, бийликти алмаштыруунун артында турат деп эсептелген, учурда АКШда бозгунда жүргөн “Хизмет” кыймылынын негиздөөчүсү жана жетекчиси Фетхуллах Гүлендин билим берүү жана бизнес тармактарынын ишмердигине тыюу салууну өтүнгөн болчу. Албетте, дипломатиялык кызматташтыгы бар дээрлик баардык мамлекеттер Анкаранын расмий өтүнүчүн аткарды. Бирок бир гана түрктөргө эң жакын, боордош жана көбүрөөк жардам алган биз, Кыргызстандын эски бийлиги тетириленип, “Бул биздин ички ишибиз, кийлигишпегиле, өзүбүз билебиз…”, — ​деп айкүрүнөн түшүп отуруп алды. Болгону Гүлендин “алтын мууну” аталган “Себат” билим берүү мекемелери “Сапат” деп өзгөртүлүп, мазмуну ошол бойдон кала берди.

Адатта эл аралык саясатта же мамлекеттердин ортосундагы карым-катнашта лидерлер менен жетекчилердин ортосундагы жеке мамиленин орду чоң. Андыктан өзү түркчө билген, ошол учурда бизнесинин бир бөлүгү да Түркияда экендиги айтылып жүргөн жана Ош менен мына бул Дача-СУга… караганда Анкарага көбүрөөк каттаган, түрк президенттерин “аби” деп, жеке мамилесин баса көрсөткөн экс-президентибиз А. Атамбаевдин мындай моюн толгоосу көп суроолорду жараткан.

Түркияда парламенттик болобу же президенттик болобу шайлоолордо жеңген тараптын ошол күнү шайлоонун жыйынтыгы чыгарылган соң өз партиясынын кеңсесинин балконуна чыгып, добуш берген колдоочуларын куттуктаган салты бар. Менимче азыркы президент Р. Эрдоган болсо керек, партиясыбы же өзүбү кезектеги шайлоодо жеңгенде ошол балкондо жанында туруу үчүн атайын Бишкектен учуп баргандыгын жана түркчө сөз сүйлөгөндүгүн ал жактагы кыргыздар айтып жүрүшөт. Чындыгында мындай мүмкүнчүлүк ар бир эле чет элдик лидерлерге бериле бербейт. Сыягы, ушундай камыр-жумур мамиленин эпкини болсо керек, Түркия жогоруда айтылган ири суммадагы карызыбызды кечип, оорукана куруп, музейибизди оңдоого каражат бөлүп берди. Ал тургай радикалдык багытка бурулуп бараткан дин саясатыбызды да колдоп, атайын түзүлгөн “Ыйман” фондуна бир нече миллион доллар бөлүп берген. Адилеттик үчүн айтып коюшубуз керек, булардын баардыгы А. Атамбаевдин эмгеги жана жеке кадыр-баркы үчүн келген акчалар.

Бирок 2016-жылдагы төңкөрүштөн кийин Кыргызстан бир гана Түркиядан качкан “гүленчилердин” экинчи мекенине айланбастан, алардын бизнеси үчүн да жашыл жарык жандырып берди. Азыр Бишкекте жана республикабыздын башка ири шаарларында түрктөрдүкү деп аталган супермаркеттер, кафе, ресторандар жана базарлардын көбү “гүленчилердики” болуп саналат. Алар ал тургай өлкөбүздүн билим берүү тармагынан тышкары диний мекемелерине, өкмөт менен Ак үйгө чейин орношуп алышкан. Сыртынан кыргыз болуп көрүнгөн менен өздөрүнүн идеологиясына сугарылган бул жигиттер кайсыл чөйрөдө иштебесин, жалаң гана пикирлештерин колдоп, мекенчилдерди четтетип турушат.

Р. Эрдоган С. Жээнбеков менен болгон жолугушууда бул жагдайды ачык эле айтып, Кыргызстанды бозгундагы диниятчы Фетхуллах Гүлендин тарапкерлерине каршы чара көрүүгө чакырып, мындай деди:

— Биздин жакын кызматташтык, тилекке каршы, 2016-жылдагы төңкөрүш аракетинен кийин ар түрдүү сыноолорго туш келди. ФЕТО өзүнүн таасири астындагы кишилер аркылуу ушул кызматташтыгыбызды ууландырууга жана бузууга аракет кылды. ФЕТО мүчөлөрү жана ага жакшы карагандар Түркия менен Кыргызстандын ортосунда ар түркүн чагым салганга аракет кылды. Президент Жээнбековдун бүгүнкү сапары ФЕТОнун бул аракеттерине каршы эң жакшы жооп деп ойлойм. Ушул себептен муну баса белгилеп кетейин. Түркия ФЕТОнун акыркы мүчөсү укук алдында жооп бергенге чейин өлкөнүн ичинде жана тышында бул уюмга каршы күрөшүн улантат. 251 жараныбыздын канын төккөн, дагы 29 жараныбызды өлүмгө учураткан бул мыкаачылардын колдорун бош коюп эркин жүрүшүнө жол бербейбиз. Кайда качса да, кайсы ийинге кирсе да аларды кулагынан кармап, укук коргоочуларга тапшырабыз. Түркиядагыдай эле Кыргызстан үчүн да коркунуч болуп турган бул уюмдун башчыларын кармап тамырын жулуу президенттер катары биздин моюнубуздагы милдет болуп эсептелет. Бул уюм бүгүн бизге кылганын эртең Кыргызстанга да жасайт. Бетме-бет жана делегациялар ортосунда болгон жолугушууларда да ушул темаларды карап чыктык.

Бирок президентибиз мындай чакырыкка расмий түрдө ак да, көк да деп жооп берген жок. Бир гана элчибиз И. Жунусов маалымат жыйынында журналисттерге түрк тарап “Хизмет” кыймылынын Кыргызстандагы ишмердүүлүгү тууралуу көп кайрыларын, ал жагдайлар кылдат иликтенерин гана учкай айтып өттү.

С. Жээнбеков өзгөчө кол коюлган документтер арасынан социалдык камсыздандыруу боюнча келишимге басым жасап, аны тарыхый документ катары баалап:

— Бүгүн биз маанилүү эки тараптуу келишимдерге кол койдук. Алардын ичинде тарыхый мааниге ээ болгон Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы социалдык камсыздандыруу жөнүндө келишим бар. Башкача айтканда эки жакта иштеп камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөгөн жарандарга бир эле мезгилде Түркия жана Кыргызстандын пенсиясын алууга мүмкүнчүлүк болот, — ​деди.

Президент мындан тышкары мурда кыргыз-түрк мамилелеринен улам өтпөй калган Түрк тилдүү мамлекеттер кеңешинин жыйыны быйыл күзүндө Бишкекте өтүп, ага Р. Эрдоган катышууга макулдук бергендигин билдирди. Ошондой эле сентябрдын алгачкы жумасында өткөрүү белгиленип жаткан кезектеги Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна да түрк президенти катышары белгилүү болду.

Демек, НАТОнун мүчөсү экендигине карабай бул дүйнөлүк ири согуштук блоктун негизги душманы катары эсептелген Россия тарапка ооп, Сириядагы согушта да чечүүчү күчкө ээ болгон, глобалдык деңгээлдеги тараза ташын өкчөп турган бакубат Түркиянын президентинин бул эки иш чарабызга катышып бериши ал мааракелерге бир топ көрк бермекчи.

Бирок достукка да бекем, кыжырына тийген душманын да аябаган, керек болсо аэропортунда “өлдүм” деп жатып алган досуна бир тамчы суу берип койбогон өжөр Р. Эрдоган эгер анын “Гүленчилер” боюнча айткан талаптары аткарылса гана күзүндө Кыргызстанга келип, кол коюлган документтердин аткарылышына макулдук бериши мүмкүн…

Эмилбек Момунов

Булак: “Жаңы ордо

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *