Президенттин жардамчысы Эрнис Толтоевге кулак кагыш

Акыркы убактарда эл ичинде карапайым элди алдаган шылуундар өтө эле көбөйүп кетти. Мына ошондой алдамчылардын тузагына илинип акчасын алдаткан карапайым жарандардын бири Наргиля Тоялиева. Аты аталган айым былтыр дал ушул маалда Бообеков Бахтияр Таласович аттуу жаранга 2500 долларын алдаткан. Бахтияр Наргиляны паспорт алып берем деп алдаган. Бирок тилекке каршы, ал Наргиляга жасалма паспорт алып берген. Акчасынан ажырап жабыркаган Наргиля Тоялиева УКМКга арыз жазган. Ар кандай негизсиз себептерди айтып, УКМК жабырлануучунун арызын караган эмес. Бизге маалым болгондой, Бахтияр Бообеков учурдагы таасирдүү ишкерлердин бири Нурмухаммед Миңбаевдин “Ас сапам” фондунда иштээрин, бассатурса “Ас салам фондун мен жетектейм, фонд мага таандык” – деп көкүрөк керип мактанаарын дагы аны жакындан билгендер айтышууда.

Элге белгилүү болгондой, аталган фондду кыргыздын белдүү жигиттеринин бири, жакында эле болуп өткөн кыргыздын улуттук тамагы бешбармакты Гиннеске киргизүү иш-чарасына зор салымын кошкон Нурмухаммед Миңбаев жетектээри белгилүү. Бахтияр Бообеков буга чейин Социалдык фонддо иштеп, иштей албай иштен куулган да жайы бар экен. Казакстанга контрабандалык жол менен товар ташыганын да эшиттик. Айтор жакшы жигит эмес экен. Ошондой эле, баса белгилеп койчу нерсе, Бахтияр Бообеков президент Сооронбай Жээнбековдун жардамчысы Эрнис Толтоевдин жакын досу экендигинен да кабар алдык. Жабырлануучуну “Билгениңди кылып ал, колундан эмне келмек эле, мен деген Эрнис Толтоевдин досу болом. Керек болсо, каматып коём” – деп опузалап, коркутууга аракет жасаарын да уктук. Эгер укканыбыздын баары чын болсо, анда Эрнис мырза мындай жакын досторунан эртелеп арылбаса болбойт. Булар Эрнис мырзанын бетине көө жапкандан башка жакшылык алып келбеси белгилүү. Бул маалыматты окусаңыз, жыйынтык чыгараарсыз Эрнис мырза…

Булак: “Фабула”

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *