Прокурор Анарбай Мамажакыповдун өлүмү боюнча айрым жагдайлар ачыкка чыкты

Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмү боюнча айрым жагдайлар ачыкка чыкты.

Эскерте кетсек, 18-ноябрда жергиликтүү тургунга таандык “Лексус LX-407” унаасынан кандын тактары байкалып, ошонун негизинде иликтөө иштери жүргүзүлгөндөн  көп узабай, Төрт-Күл суу сактагычы тараптан киши колдуу болуп өлгөн адамдын денеси табылган. Өлгөн адам облус прокурору экендигин окуя болгон жерге келген милициянын оперативдүү кызматкерлери таанышкан.

Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү – Баткен облустук капиталдык курулуш башкармасынын башчысы кызматында иштеген М.К. аттуу адам кармалган кезде мас абалында болгон. Айрым күбөлөр  маркум прокурор менен кылмышка шектүү “башчы” экөө мурдараак эле чогуу жүргөнүн да көрүшкөн. 17-ноябрда облусттун прокурору Мамажакыпов райондордун прокурорлорун ээрчитип алып, М.К. менен чоогу тоого аңчылыкка чыгышкан. Ошол эле күнү кечинде Мамажакыпов менен М.К. жергиликтүү бизнесменге таандык унаа менен Баткенге кайтып келатышып, жок болуп кетишкен.  Учурда шектүү көрсөтмө берип жатат.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы өлгөн облпрокурордун денесинде күч колдонулган белгилер бар экендигин жана бул иш боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иш козголуп, учурда ыкчам тергөө иштери жүргүзүлүп жаткандыгын билдирди. 

Учурда облпрокурор А.Мамажакыповду адегенде уруп-сабап, андан кийин башка атып өлтүрүшкөнү белгилүү болду.

Маркумдун сөөгүн туугандары жерге берүү үчүн кичи мекенине – Чоң-Алайга алып кетишкен.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *