Прокурор мурунку депутат Аскарбек Шадиевди 11 жылга эркинен ажыратууну суранды

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда парламенттин экс-депутаты Аскарбек Шадиевдин кылмыш иши каралууда.

Соттук процессте тараптардын талкуулары болуп өттү. Мамлекеттик айыптоочу  Аскарбек Шадиевдин күнөөсү тергөөнүн материалдары, Арсен Закировдун көрсөтмөлөрү жана мамлекеттик органдардын документтери боюнча толугу менен далилденгенин билдирди.

Прокурор Аскарбек Шадиевди кызмат абалын кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн сыртынан 10 жылга эркинен ажыратууну суранды.

Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөндүгү үчүн айыптоочу мурунку парламентарийди 2 жылга камакка алууну сурады. Жыйынтыгында прокурор жазаны кошуп, мурунку депутатты 11 жылга камакка алып, мүлкүн конфискациялоону суранды.

Аскарбек Шадиев кызмат абалын кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн айыпталууда. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал парламенттин эл аралык иштер боюнча камитетинин төрагасы болуп турганда, Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыктын 30 миң доллар каражаты кайда жоголдгондугу жөнүндө туура эмес маалмымат берген. Аталган комитеттин бөлүм башчысы Арсен Закиров камакка алынды. Аскарбек Шадиев өлкөдөн чыгып кетип, азыр ал эл аралык издөөдө. Соттук процесс башкы айыпталуучусуз өтүп жатат.

Булак:KyrgyzToday

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *