Путин Израилдин премьер-министри Нетаньяху менен жолукту

Орусиянын президенти Владимир Путин 29-январда Москвада Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен жолугуп, Сирия жаңжалын жана Ирандын Жакынкы Чыгыштагы ролуна байланышкан маселелерди талкуулады.

Андан тышкары эки лидер соода, маданият жана гуманитардык тармактардагы эки тараптуу кызматташтык, ошондой эле израилдиктер менен палестиндиктердин ортосундагы тынчтык жараяны, Сириядагы абал өңдүү эл аралык жана аймактык көйгөйлөр тууралуу сүйлөштү.

28-январда Израилдин премьер-министри жолугушууда түрдүү аймактык көйгөлөрдү, Израиль менен Орусиянын Сириядагы куралдуу күчтөрүнүн координациясын күчөтүү жана Израилдин коопсуздугу маселелерин талкуулоого ниеттенип жатканын билдирген.

Путин менен Нетаньяху 1943-жылы нацисстердин Собибор лагериндеги козголоңго арналган Москвадагы еврей музейинде жана Толеранттуулук борборунда ачылган көргөзмөгө катышышты. Андан соң Нетаньяху Израиль«мындай типтеги бардык идеологиялык аракеттердин, биринчи кезекте израилдиктерди жок кылуу каалоосун билдирген Ирандын аракеттеринин ишке ашуусуна жол бербөөгө даяр экенин айтты.

Израиль Сирия жаңдалында бир дагы тарапты колдобой турганын билдирип келет. Бирок өлкөнүн учактары Сирия аймагына аба соккуларын жасап турат. Израиль лидерлери Сирия аймагына Ирандын база түзүүсүнө же аймакты Дамаск колдоп жаткан «Хезболла» тобуна курал жеткирүү үчүн пайдалануусуна жол бербөө милдеттенмесин алган. Күн мурун “Гаарец” гезити Нетаньяху менен Путин согуш аяктагандан кийин иран күчтөрүнүн Сирия аймагында калышына мүмкүндүк берген кандай гана макулдашуу болбосун Израилдин каршылыгын билдирип жатышына байланышкан маселелерди талкуулай тургандыктарын жазган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *