Путин менен Назарбаев Сирия маселесин талкуулады

Орусия президенти Владимир Путин Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуу учурунда Астанадагы Сирия боюнча сүйлөшүүлөр БУУнун ортомчулугу алдында Женевада өткөн сүйлөшүүлөргө негиз салып бергенин билдирди.

Казак президентинин маалымат кызматы кабарлагандай, Орусия президенти глобалдуу маселелерди чечүүдө Казакстандын колдоосунан үмүт артарын айтты.

Назарбаев Казакстан менен Орусия эл аралык күн тартибиндеги маселелер боюнча бирдей позицияда экенин жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин алкагындагы тапшырмалардын аткарылышы үчүн болгон аракетин жумшай тургандыгын баса белгиледи.

Путин Астанадагы Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдө Назарбаевдин көмөгү менен жыйынтыктар болгонун, ок атышууну токтотууну көзөмөлдөө механизмин түзүүгө казак лидери катышканын билдирди.

Астанада 23-24-январда өткөн сүйлөшүүлөрдө Орусия, Иран жана Түркия Сириядагы согуштук аракеттерди токтотуу боюнча бирге аракет көрүшөрүн жарыялашкан. Бирок алты жылга созулган Сириядагы согушту саясий жол менен жөнгө салууга мүмкүн болгон эмес.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *