Путиндин Дүйшөмбүдөгү сапары маалында бир нече документке кол коюлат

Орусия президенти Владимир Путиндин Дүйшөмбүгө болчу февралдагы сапарынын жүрүшүндө бир катар документтерге кол коюлат. Бул тууралуу Тажикстан өкмөтүнөн кабарлашты.

Өлкөнүн Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлиги кабарлагандай, макулдашуулар Орусиянын айрым ири аймактары менен экономикалык кызматташтыкты бекемдөөгө багытталат.

Орусия президенти Тажикстанга февралдын башында расмий сапар менен келүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу өткөн аптада Орусия өкмөтүнүн биринчи вице-премьери Игорь Шувалов соода-экономикалык кызматташтык боюнча тажик-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынында билдирген.

Эксперттердин көбү анда Тажикстандын Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) кирүүсүнө байланышкан маселе козголот деп болжолдоп жатышат. Орусия бир канча жылдан бери Тажикстандан аталган уюмга кирүү чечимин күтүп келет. Бирок министрлик Дүйшөмбү учурда бул маселени талкуулап, ЕАЭБге кирген башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы менен таанышып жатканын кабарлады.

Владимир Путин буга чейин Дүйшөмбүгө 2015-жылдын сентябрында ЖККУнун саммитине катышуу үчүн келген. Анда ал Тажикстан стратегиялык өнөктөшү катары Орусиянын колдоосуна ишенсе болорун билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *