Раймаалы менен Бегимайдын ыры ырдалат

Көп мыкты ырларды бийик деңгээлде аткарып эл оозуна алынып, жаштардын да, улуулардын да сүйүктүү ырчысына айланган ырчы Султан Садыралиев менен жаңы сахнага кадам таштап, өз талантын элге тартуулап жаткан жаш ырчы Марсиана кадимки кыргыз менен казак элине таанымал болгон «Махабат дастаны» тасмасындагы Раймаалы менен Бегимайдын ырын жаздырып, эл сынына койгону турушат. Учурда ыр даяр болуп, аранжировкасын жасап жатышат. Аз күндө жаңы ырдын бет ачары болуп, теледен, радиодон жаңыра баштамакчы.

Булак: “Фабула”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *