Райым Матраимов экс-премьер Сапар Исаковду сотко берди

Бизге жеткен маалыматтар боюнча алсак, бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райым Матраимов премьер-министр Сапар Исаковду сотко берди. Себеби, 2017-жылдын 23-ноябрында Исаков мыйзамсыз түрдө Матраимовду кызматтан алганы, бул боюнча эч кандай негиздерди келтирбегени, укукту тебелөө менен жеке саясый кызыкчылыкты аткарганы айтылууда. Факт жүзүндө премьердин утулуп калуусу алдыртан болжонууда. Эске салсак, Райым мырза кызматтан кеткенден кийин дарыланып, бир катар командировкаларда жүргөн. Эми убакыт-сааты келген соң, сот аркылуу Сапар Исаковдун мыйзамсыз ишин ашкерелеп, коомчулукка сенсация жаратканы турат. Дал ушул боюнча гезиттин кийинки санына Райым Матраимовдон расмий билдирүүсүн алууга аракет кылмакчыбыз.

Булак: ”Азия Ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *