Рамазан айына дарыгердин кеңеши

“Орозо башталганда аллергия, жүрөк оорулары баштаган дарттарга пайдалуу болсо, бүткөндө эркектердин жыныстык абалынын жакшы жагына өзгөрүүсү байкалат”

Редакциядан: кыргыз кыйырына алтын колдуу кардиолог катары белгилүү бул инсан ар жылы улуу Рамазан айынын башталышында орозонун дин менен медицина жаатындагы айкалышканын элибизге ташка тамга баскандай таасын чагылдырып берет. Бул сапар да босогодо турган Рамазан айын утурлай дин менен медицинадан эң мыкты түшүнүгү бар билимдүү эл уулу Жараткан Алланын ыраазычылыгы үчүн өзүнүн көлөмдүү материалын гезитибиз аркылуу коомчулукка жарыя кылды.

 “Эй, ыймандуулар! Силерден мурдагыларга буйрулгандай эле, силерге да орозо кармоо буюрулду… ”

(Ыйык Куран  2- 183).

Мына алдыбызда улуу Рамазан айы дагы кирип келе жатат. Жыл сайын бул улуу айдын жакындашы менен жарандарыбыздан орозо кармоо боюнча көптөгөн суроолор келет. Бул суроолор бүткүл мусулмандар жашап жаткан жердеги дарыгерлердин бир чоң көйгөйү болуп эсептелет. Себеби, азыркы күндө мындай изилдөөлөрдүн аздыгы, оорулуу адамдарга кайсы шарттарда орозо кармоого уруксат берүү же бербөө – биз, дарыгерлер үчүн жооптуу жагдай.

Ислам окумуштуусу Имам аль-Куртуби айткан: “Бейтапта эки абал: биринчиси, ал орозо кармоого анын ден соолугунун начарлыгы жол бербейт. Бул убакта албетте, бейтап орозосун ачуусу зарыл. Экинчиси: бейтаптын кыйынчылык менен ɵзүнɵ чоң зыян кылып орозо кармоосу. Мындай орозо Алла Тааланын жеңилдигин эсепке албагандык жана текеберчиликтин гана белгиси болуп саналат. Бул чоң күнɵɵ болуп эсептелет”. “Алла Таала силерге жеңилдикти каалайт, кыйынчылыкты каалабайт. (Ыйык Куран. Бакара сүрөсү, 185-аят)”.

Ошондуктан, ушул гезит аркылуу орозо кармоого ниет кылган бейтаптарга эскертип кетели. Орозо кармоо алдында дарыгериңерге кайрылып, текшерүүдөн өтүп, керектүү кеңештерди алып жана ичип жаткан дары-дармектерди да тактап, аларды кайсы убакта, кандай тартипте ичүүнү билип алууңуздар сунушталат. Себеби, орозо убагында укол жана капельница алуу, таблетка ичүү, ар түрдүү ингаляторлор менен колдонууга, кан (анализ) тапшырууга, уролог, гинекологдон дарыланууга болбойт. Бирок, орозо кармаган адамдын абалы медициналык жардамга муктаж болсо, анда тезинен орозону токтотуу зарыл. Исламда кыйынчылык менен орозо кармоо күнɵɵ болуп эсептелет.

Азыркы статистика боюнча дүйнө жүзүндө жүрөк кан тамыр ооруларынын эпидемиясы, рак, өпкө, ашказан оорусу ж.б. ушул сыяктуу илдеттерден жылдан жылга миллиондогон адамдардын каза болууда. Дүйнөлүк кризистин элибизге тийгизген терс таасири – стресс, жакырчылык… Азыркы күндɵ жүрөк оорусу менен ооруган бейтап бир айга кеминде 3-4 миң сомдук дары-дармек ичип жүрүүсү зарыл болот. Андан тышкары кɵпчүлүк учурда бир эле адамда бир канча оору да болот. Ошондуктан, бейтаптар үчүн дары-дармектерден тышкары дарылануунун альтернативдик жолдорун карап, аларды сунуштоо биздин милдетибиз. Маселен, ушул күнгө чейинки изилдөөлөргө таянсак, чылым чегүүнү таштоо, спирт ичимдиктерине тыюу салуу, салмакты таштоо жана кыймыл-аракетти көбөйтүү менен жүрөк кан тамыр оорулардан таблеткасыз эле 70-80% кутулууга болот экен. Эми бизге организмдеги иммунитетти көтөрүүгө, аз тамактанууга, организмде бир жылдын ичинде топтолуп калган илдеттерден тазалоонун ыкмасы керек болууда. Бул болсо мындан 1439-жыл мурда Ыйык Куранда жазылган 30 күндүк Рамазан айындагы орозо экендиги кɵпчүлүк окумуштуулар тарабынан бүгүнкү күндө тастыкталып келе жатат. Бул айдын дагы бир пайдалуулугу – 30 күндүн ичинде чылым чегүүдɵн, спирт ичимдиктерин ичүүдөн жана ушул сыяктуу жаман адаттардан биротоло кутулуу мүмкүнчүлүгү бар экенин да эскертип кетебиз. Рамазан айы адам баласын сабырдуу жана мээримдүү кылуу менен бири-бирибизге болгон мамилени жакшы жакка өзгөртүп, дартка чалдыктырып жаткан стресстен да кыйла алыстат. Сүйүктүү пайгамбарыбыздын (с.а.в.) хадистеринде “орозо кармагыла – айыгасыңар” деген сөздөрү бүгүнкү күндө акысыз дарылануунун дагы бир зор ыкмасы болуп калды.

Орозо – бул тамак жактан гана чектелүү эмес, моралдык, руханий жактан бүтүндөй тазалануу да болуп саналат. Адам баласындагы стресс жана коркунуч орозо кармоонун да бир чоң тоскоолу болуп, Рамазан айы башталбай туруп эле кээ бир адамдар чоң кайгыга бата баштайт: “орозо кармап ооруп же болбосо алсыз болуп жыгылып калсам эмне болот? Жумушум эмне болот? Акыл менен иштейм, ачка калсам иштей албайм го” ж.б. толтура ойлор адам баласына шайтандын жардамы менен толук берилип турат. Шайтан дагы бул айда өзүнүн досторунан толугу менен ажырап калуусун каалабайт. Ошондуктан, кɵпчүлүктүн орозо убагында бир гана кɵйгɵйү – кантип ачка калбоо, кечке чейин убактысын кɵбүрɵɵк азык-түлүк сатып алуу менен ɵткɵрɵт. Статистика боюнча Рамазан айында базар жана маркеттерде азык-түлүктөрдүн сатылуусу башка айларга караганда 100-150%га чейин өсөт экен. Бул көрсөткүч колунда жок кедей-кембагалдардын, жетимдердин, карылар үйүнүн пайдасына болсо, анда канчалаган чоң соопко ээ болмокпуз?

Рамазан айы – бул тазалануунун айы. Элестетип көрөлү, өзүңүз жашап жаткан үйүңүздү бир жылдын ичинде бир да жолу тазалап, жыйнабай жашасаңыз эмне болот? Андагы жуулбаган идиш-аяктар, алмашылбаган кийимдер, шейшептериңиз ж.б. Жараткан бизге бир жылда бир организмибизди өз калыбына келтирүүгө, аны тазалап, алдыдагы 11 айга даярданууга мүмкүнчүлүк берип жатпайбы. Бул ай денебиз үчүн бир айлык “эмгек өргүүсү” катары болуп жатат. Бир жылдын ичинде организмде топтолгон ар түрдүү илдеттерден, ɵнɵкɵт дарттардан да кутулууга эбегейсиз чоң салымын кошот.

Орозонун организм үчүн пайдалуулугун азыркы күндөгү изилдөөлөр төмөндөгүдөй тастыктап жатышат:

  • Орозо убагында организмдеги SIRT3 жана SIRT4 аттуу гендердин иштеши кескин түрдө жогорулаганы далилденген. Бул гендер клеткалардын жашоо өмүрүн узарышына өбөлгө түзөт. Клеткалардагы энергетикалык алмашууга митохондрия жооп берет. Окумуштуулар митохондрия – клеткалардын өмүрүн узартуу функциясын аныкташкан. Митохондрия чарчаган убакта клеткалардын тез бузулушу жана анын өзүн-өзү жок кылуусу (апоптоз) аныкталган. Бул сигналды биринчи болуп митохондриядагы НАД+ аттуу заттын синтезинин азайып кетүүсү аныктайт. Ачка калган организмде белок Nampt функциясы бир канча эсеге тездеп, НАД+ синтезинин жандандыруу башталып, клеткалардын өзүн-өзү жок кылуу фукнкциясын токтотууга мүмкүнчүлүк түзүп берет. Доктор Кристиана Льювенбург башчылыгындагы Флорида университетинин окумуштуулары изилдешип, төмөнкү жыйынтыкка келишкен: организмге тамактардын убактынча жетишсиздиги жана клеткалардагы тамактын азайышы (орозо) алардын жашоосун узартууга өбөлгө түзүп, андагы клеткалардын ичиндеги аутофагии – жараксыз митохондриянын кайра жаңыланышына алып келет, эскирген клеткаларды жаңы клеткалардын пайда болуусундагы “курулуш” материал катары колдонулат. Бул функция биринчи болуп митохондрияга бай болгон жүрөктүн клеткаларында катталып, адам өмүрүн узартууга зор шарт түзөт экен;
  • Физиология жактан алып караганыбызда, организм ач калгандан 8 сааттан кийин гана кошумча тамакка муктаждыгын баштайт. Биринчи болуп организм глюкозанын запасы – глюкогенди пайдалана баштайт. Глюкогендин запасы аз болгондуктан кийинки пайдалануучу зат – май болот. Тамактын жоктугунан организм өзүндөгү ашыкча майларды энергия катары иштетип, ар түрдүү илдеттерди жана эми башталып келе жаткан рак клеткаларын да биротоло жоготуп салууга кɵмɵк берет. Ошондуктан, орозонун эң пайдалулуугу диабет, гипертония, жүрөк ооруларга (жаман холестериндин төмөндөшү жана жакшы холестеринди көбөйүүсү) жана ашыкча салмактагы бейтаптар үчүн эбегейсиз зор пайдасын берет;
  • Көпчүлүк адамдар орозо туткандан коркушат, себеби, организмден белок сарпталып, тез арыктап кетем же ооруп калам деп ойлошот. Илимий жактан тастыкталганына таянсак, организм өзүндөгү белокту 3-4 жума ачка жүргөн убакта гана пайдалана баштайт. Исламдагы орозонун өзгөчөлүгү – бул ифтардан сухурга чейин каалаган тамагын жеп, кетирген запасты дагы толуктап алат, б.а. организмде белоктук дефицит болбойт;
  • Эртең мененки ооз жабууда (сухурда) албетте, тамактануу зарылдыгы ислам жактан да, медицина жактан да тастыкталган. Ислам жактан сухурда баракат болсо, медицина жактан сухур ашказан жарасы жана гастрит оорусуна чалдыкпастыгы тастыкталган. Сухур кылбаган инсандарда гастрит, холецистит, ашказан жарасынын пайда болуусу жана анын күчөп кетүүсү аныкталган;
  • Рамазан айы бул организмдеги процесстерди калыбына келтирүүнүн убагына туура келет, б.а. адамдагы “биоритм” организмге бир жыл токтоосуз иштөөсүнө программа түзүп берет экен. Эртеден кечке чейин тамактанбай жүрүү менен биз биоритмди бир жылга толугу менен калыбына келүүсүнɵ шарт түзүп беребиз. Орозо – организмдеги биоритмди машыктырат, ошону менен иммунитетти көтөрөт, адамды жашартууга да зор өбөлгө түзөт;
  • Ашказанга эртеден кечке чейин тамак кирбеген соң, организм тамак сиңирүү функциясынын ордуна башка милдетти, б.а. денедеги бүткүл жаман илдеттерди чыгаруу, тазалануу функциясын ишке салат. Орозо убактысы 12-14 саат – бул тамактын ооздон кирип, жоон ичегиге жеткенге чейинки убакыт болуп эсептелет. Ушул убакыттын ичинде ашказан, ичегилер толугу менен эс алат. Ашказандагы кычкылдуулуктун азайышынын натыйжасында андагы жара ооруларынын пайда болуу ыктымалы да азаят, а бар болгон жаранын айыгып кетүүсүнɵ да зор шарт түзүлɵт;
  • Орозо убагында боордун иштеши он эсеге көбөйүп, организмдеги уулардын чыгуусун тездетет. Мисалы, орозо убагында организмден аммиактын чыгуусу 100 эсеге көбөйөт;
  • Орозо кармаган 20-35 жаштагы аялдарда кандагы пролактин 80%га азайган! Ошондуктан, окумуштуулар төрөгөн аялдарга орозону токтотуусун буюрган. Себеби, бул гормон энедеги сүттү иштеп чыгаруу функциясына ээ. Ал эми боюна бүтпɵй жүргөн жаш аялдарда пролактиндин кандагы азайышы алардын балалуу болушуна зор мүмкүнчүлүк жаратат.

 

Эркектердин жыныстык абалына токтолсок: орозонун башында бул функция бир азга төмөндөйт экен. Орозо бүткөн соң ал функция мурдагы абалына караганда бир топ эле жакшы жакка өзгөрүүсү да байкалган.

  • Кош бойлуулук – бул медициналык ооруга кирбейт. Бирок, пайгамбарыбыз Мухаммед (с.а.в.) айткан: “Балалуу жана кош бойлуу аялдар орозо кармабасын, себеби, Алла Таала жаш баланын же эненин ичиндеги наристенин кыйналышын каалабайт”;
  • Адамдын терисиндеги майда оорулар (кожные заболевания) орозо убагында организмдеги суюктуктун азайышынын натыйжасында айыгып кетүүсү жана ɵнɵкɵт тери оорулардын жакшы жакка ɵзгɵрүүсү да далилденген;
  • Аллергия оорулары орозо кармаган убакта кескин түрдө азаят, себеби, аллерголог дарыгерлер өздөрүнүн бейтаптарына ооруну айыктыруу үчүн биринчи кезекте эле аларды диетага отургузушат;
  • Орозо өттөгү жана бөйрөктөгү таштардын пайда болуусуна да тоскоолдук кылат. Себеби, орозо кармоо сийдиктеги кальцийдин көбөйүшүнө, натрий менен калийдин азайышына шарт түзүп берет;
  • Сɵɵк-муун оорулары менен ооруган бейтаптарга орозо жана андагы таравих намазын окуу да чоң пайдасын тийгизет. Орозо айы бүткɵн соң мындай бейтаптар бир жылга чейин стационардык дарылануу муктаждыктарынан кутулушат экен.

Кант диабети

Инсулин алып жаткан жана кантты түшүрө турган таблетка ичип жаткан бейтаптар орозо убагында албетте, өзүнүн дарыгери менен кеңешип, эртең мененки жана кечки дарыларынын ичүү тартибин тактап алуусу зарыл! Орозо убагында да дарыгердин кɵзɵмɵлүндɵ болуусу керек. Окумуштуулардын айтымына караганда, инсулинге көз карандысыз диабет менен ооруган ашык салмактагы адамдарга орозо кармоо аябай пайдалуу болот. Инсулин алып жаткан бейтаптар эгер орозо кармагысы келсе, алар сөзсүз түрдө дарыгери менен кеңешүүсү жана анын көзөмөлүндө болуусу шарт.

Мындай бейтаптарга орозонун үч эрежеси кеңештелет:

  1. Дары-дармектерди так жана убагында ичип туруусу;
  2. Диетаны катуу сактоо;
  3. Кыймыл-аракетти кɵбɵйтүү.

Жогорудагы үч эрежени катуу сактаган бейтаптарга орозо кармоого уруксат берилет.

Тɵмɵнкү диабет ооруларына орозо кармоого тыюу салынат:

  • Инсулин алып жаткан (I типтеги) абалы оор бейтаптар;
  • Канты тезинен түшүп же кескин кɵтɵрүлүп кетүүчү оорулар;
  • Дарыгердин кеңештерин аткарбаган бейтаптар;
  • Канттын артынан кан басымы жогору жана бөйрөктөрү начар иштеген бейтаптар;
  • Кетоацидоз (тезинен комага түшүп калуу) болгон бейтаптар;
  • Диабет менен ооруган кары адамдар;
  • Орозо убагында кандагы канты кескин түшүп же көтөрүлүп кеткен бейтаптар.

Орозо кармоо дагы кимдерге мүмкүн эмес:                                                   

  • Башка адамдын жардамына муктаж болгон оор абалдагы бейтаптар;
  • Жүрөк жетишсиздигине чалдыккан оорулар (сердечная недостаточность);
  • Инфаркт жана инсультка чалдыккан оор абалдагы бейтаптар;
  • Оор абалдагы гипертония (кан басымы жогору болгон) бейтаптар;
  • Бөйрөк жана боор жетишсиздигине чалдыккан бейтаптар;
  • Баардык өнөкөт оорулары козголуучу бейтаптар;
  • Баардык инфекциялык (жугуштуу) оорусу барлар;
  • Психикалык ооруга кабылган бейтаптар;
  • Кош бойлуу жана балалуу аялдар;
  • Карылар (80 жаштан жогору) жана жаш балдар (12-14 жашка чейинки).

Орозо убагында чоң күч сарп кыла турган жумуштарды азайтуу же жеңилдетүү зарыл, машыгуучу залдарды (футбол, волейбол, күрөш ж.б.) токтотуу да сунушталат. Күн ысык мезгилде денени дем ала турган, пахтадан даярдалган ак же боз кийимдерди кийүү керек болот, башыбызга жеңил калпак же шапке кийип жүрүү керек. Ошондуктан, ысык аба ырайында сыртта азыраак болууга аракет кылып, көпчүлүк убакта кондиционер бар жерде болуу зарыл. Бирок, шамалдап ооруп калуудан сактануу үчүн кондиционердин түз тийип турган шамалынын астында көп убакытка чейин болууга болбойт. Сухурдан кийин тоюп жатып алуу мүмкүн эмес, себеби, жеген тамак кайра кызыл өңгөчкө өтүп, ашказан жана кызыл өңгөч ооруларын (гастроэзофагиальная рефлюксная болезнь) пайда кылат. Орозо убагында күндүзү саат 14:00дөн кечки 17:00гө чейинки аралыкта 40-60 мүнөткө чейин уктап эс алуу да пайдалуу.

 

Орозо убагында кантип жана эмне менен тамактануу керек?

Орозо убагында мүмкүн болушунча тамактарды жөнөкөйлөтүүгө аракет кылуу зарыл. Тамакты бул айда канчалык аз жесеңиз, организм үчүн абдан пайдалуу. Кечке чейин ачка калган ашказанды бир заматта толтуруп алуу да ден соолукка терс таасирин тийгизет. Ифтарды суу жана үч даана хурма (финик) менен ачкан медицина жактан дагы, пайгамбарыбыздын (с.а.в.) сүннөтү боюнча да сунушталат. Себеби, окумуштуулардын айтуусу боюнча, хурманын курамында 60-65%га чейинки организмге тез сиңүүчү кант (фруктоза) бар. Фруктозанын кадимки канттан айырмасы – ал кандагы кантты кɵтɵрүп жибербейт, үч даана хурма 10-15 мүнөттөн кийин ашказан тамак системасын толугу менен иштей башташына шарт түзөт. Куурулган, майлуу жана туздуу тамактарды, кантты, ар түрдүү таттуу тамактарды (торт, пироженое ж.б.), минералдык сууларды колдонбоого аракет кылуу керек. Рационго жумуртка, майсыз эт, балык, тооктун этин, түрлүү ботколорду, буурчак, жаңгак, хурма, банан, туздалбаган жер-жемиштер сунушталат. Суу, айран, компот жана көк чайды көбүрөөк ичүү сунушталат, себеби, суюктуктун суткалык нормасы дени сак адамдар үчүн 2,5-3 литрге чейин болуусу зарыл. Андан тышкары жер-жемиш, салаттардан да ифтар убагында колдонуу зарыл. Куурулган, майлуу жана туздуу тамактарды сухурга жегенге болбойт, себеби, организм кечке чейин сууну талап кылат. Эртеден кечке чейин суусабай жакшы жүрүү үчүн бир стакан газдалбаган сууга чай кашыктын төрттөн бир бɵлүгүндɵгү тузду кошуп ичип, кийин оозду жапса жакшы болот. Туз организмдеги суюктукту көп убакытка чейин кармап турат. Сухурга газдалган ичимдиктер, өтө ачуу жана таттуу ичимдиктер да сунушталбайт. Орозодо суткасына бир жолу жакшы тамактануу зарыл. Бул ифтар убагында болгону жакшы. Себеби, окумуштуулардын изилдөөсүнө таянсак, ифтарда жакшы тамактангандан соң 1,5-2 сааттан кийин кандагы канттын көлөмү эң бийик даражага чейин кɵтɵрүлɵт экен, а бул убакыт болсо “таравих” намазына туура келип, ал намазды окуп бүткөндөн соң жеген тамак да сиңип, канттын кандагы көлөмү ɵз нормасына келип калуусу лабораториялык жактан такталган. Ошондуктан, мындан 1439 жыл мурда жазылган орозо, таравих намаздарынын организмге пайдалуулугун окумуштууларыбыз азыркы күндө гана тастыктап жатышат.

Урматтуу окурмандар, мен бул баянымда улуу Рамазан айынын бир гана ден соолукка тийгизген пайда-зыяндарына кыскача токтолуп өттүм. Орозонун мындан башка дагы пайдалуу жактарын кыскача токтолсок:

  • Рамазан айында бизге Ыйык Курандын түшүүсү;
  • Ыйык Куранда айтылган бир гана ай – Рамазан айы;
  • Исламдагы 5 парздын бири;
  • Рамазан айындагы миң күндөн (83 жыл) да улуу болгон “Лайлат ал-Кадр” (“Кадыр түндүн”) кечесинин бар экени;
  • Аллах Субъахана айткан: “Ар бир жакшылык иштер үчүн 10 эседен 700 эсеге чейин сооп жазам, орозодон башкасына. Орозону болсо пендем мен үчүн кармайт, ошондуктан, ага канча сооп береримди бир гана өзүм билем”;
  • Жакшылыктардын, сооптордун эсепсиз кабыл болуу айы;
  • Таравих намазын окуп, соопторубузду андан да көбөйтүүчү ай ж.б.

Бул айда Ыйык Куранды көп окуу, кошумча намаздарды окуу, зикир жана салаваттарды көбөйтүү сунушталат. Булар ден соолукка чоң пайда, акыретке болсо эсепсиз сооп берерине күмөнүм жок.

 “Рамазан айында адамдарга туура жол болуп, ушул туура жолдун жана жакшы менен жаманды ажыратуучунун ачык далилдери болуп Ыйык Куран түшүрүлдү. Силерден ким ушул айга күбɵ болсо (туш келсе) орозо тутсун! Ал (бул айда) бирөө ооруп калып же сапарга чыкса, башка күндөрдө санын толтурсун. Алла Таалам силерге жеңилдикти каалайт, кыйынчылыкты каалабайт (Ыйык Куран; 2-185)”.

Абдимиталип ХАЛМАТОВ, медицина илимдеринин кандидаты,

кардиолог, жогорку категориядагы дарыгер, саламаттык сактоонун отличниги

Булак: Азия Ньюс

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *