Расул Үмбөталиев, отун-энергетика боюнча көз карандысыз серепчи: “Быйыл да Бишкек ТЭЦи менен Токтогул ГЭСинде ири авария катталышы мүмкүн”

Маектешим менин төрт жылдан бери туруктуу каарманым. Бул аралыкта ар убак аргументтүү ойлорун таамай билдирип келет. Бул сапар да босогодо турган кышка даярдык, өлкөбүздүн отун-энергетикалык жаатындагы камылгасынан кеп сурап кайрылдык. Биздин суроолорго адаттагыдай далилдүү жоопторун узатты.

— Расул мырза, ана-мына дегиче кыш мезгилинин босогосуна кирип баратабыз. Кыргыз бийлиги өлкөбүздү кышка карата отун-суу менен тыңгылыктуу камсыздап жатабы? Дегеле күз-кыш мезгилине карата өкмөттүн камылгасы кандай болууда?

— Ар жылы кыш мезгилинин босогосуна келгенде биздин энергетикалык тармактын жетекчилери “кышка 100% га даярбыз” деп төш кагышат. Мен алардын “жел убадаларына” кошула албайм. Анткени, кышка карата камылга менен жалпы эле энергетикада көптөгөн кемчиликтер бар. Биздин күз, кыш мезгилине болгон даярдыгыбыз Токтогул суу сактагычындагы топтолгон суудан да көз каранды болот. Былтыркы жылга караганда, быйыл аталган суу сактагычта топтолгон суунун көлөмү абдан жакшы болду. Негизи аталган суу сактагычка 19 миллиард, 500 миллион куб суу батат. Быйыл Токтогул суу сактагычында топтолгон суунун көлөмү ушул күндөргө карата 19 миллиард, 200 миллион куб көрсөткүчтү түздү. Биз суу сактагычты толук толтуруп, 19 миллиард, 500 миллион сыйымдуулуктагы сууну топтосок деле болот эле. Агып кирген суу деле Кудайга шүгүр, жетиштүү болчу. Бирок, “Электрстанциялар” акционердик коомунун жетекчилери өз убагында Токтогул ГЭСине сууну топтошпой, жай мезгилинде жаратылыштын байлыгын текке кетирип салышты. Биринчиден, алар мындай кадамдарына “500 млн. кВт/ саат электр энергиясын экспорттодук” деген жүйөөнү келтиришти. Экинчиден, булар Казакстан менен Өзбекстанга жай саратанында Токтогулда топтолгон сууну коё берип жиберишти. Бул жерде чоң коррупциялык жолдор роль ойногонун кайда катат элек?

— Бишкек ТЭЦиндеги абалыбыз кандай? Быйылкы кыш чилдеде да шаардыктар “көк муштум” боло тоңуп калбасына кепилдик жок да, ээ?

— Үстүбүздөгү жылдын 29-январында Бишкек ТЭЦиндеги чоң ири авария болгону эч кимибиздин эсибизден чыга элек. Ошол ири аварияны мен соңку 5-6 жылдан бери үзбөй, тынбай кулак кагыш кыла алдыртан айтып келе жаттым. Анткени, Бишкек ТЭЦинин модернизациялоодо техникалык негиздемеси жана  долбоору болгон эмес. Модернизациялоонун жүрүшүндө химиялык суу даярдоо бөлүгү салынган эмес. Кыштын эң суук мезгилинде кытай блоктору ишке киргенде тазаланган суу жетпей калган. Кытайлык TBEA компаниясы өз өлкөсүндөгү эскирген, сапаты начар жабдууларды арзан баада алып келип коюшуп, үч эсе кымбат баада бизге модернизация кылып беришти. Убагында ага эч ким көзөмөл кылган жок. Көзөмөлсүз, башаламан жагдай орун алып, акыры ири авария катталды. Жарым миллионго чукул шаардыктар тоңуп калышты. Алдыдагы кыш мезгилинде да Бишкек ТЭЦинде ири авария катталышы мүмкүн. Буга чейинки авария болгондон кийин энергетика жетекчилери менен өкмөт мүчөлөрү “биз химиялык суу даярдоо бөлүгүн ТЭЦке 1-октябрга чейин курабыз” дешкен. Мына айтылган убакыт да келди, бирок, убадаланган иш Бишкек ТЭЦинде толук курулуп бүтө элек. Бишкек жылуулук борборунда кышка карата камылгада булар кайра эле модернизациялоо учурундагы каталарды кайталап жатышат. Дагы деле техникалык негиздемелери жана долбоору жок жылуулук борборду жаңыламыш этишүүдө. Жакында Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов күз-кышка карата отурум кылса, ошол жыйында Бишкек ТЭЦинин жетекчиси А.Воропаев “кышка даярдык боюнча мен болгону 70% гана кепилдик берем, 100% кепилдикти бере албайм” деп ачык айтты. Анткени, ал дагы Бишкек жылуулук борборундагы химиялык суу даярдоо бөлүгү толугу менен бүтпөгөндүгүн билип жатат. Кышында ТЭЦте жылуулукка талап күчөгөндө чоң басым болот. Ошондо жылуулук борборубуз андайды көтөрө алабы же көтөрө албайбы – бул чоң маселе. Ошол себептен Бишкек ТЭЦинде ири авария быйыл да кайталанышы мүмкүн. ТЭЦти оңдоп-түзөөгө быйыл 77 миллион сом бөлүнгөн. Эми ошол каражат да жетпей калып, өкмөттөн дагы 7 миллион сом алып жатышат. Бул жакка кайрадан чоң каражаттар кетирилип жатат, бирок, бөлүнгөн акчалар сапаттуу жумшалганына эч ким көзөмөл кылган жок. “ТЭЦке акча бөлбөсөңөр быйыл да жылуулуксуз калабыз” деп тиешелүү жетекчилер өкмөттү коркутуу менен догурунуп чоң акчаларды бөлдүрүп алышууда. А иштеринен оңчулуктуу жыйынтык жок.

— Мурдатан биздин гезитке үзбөй маек берип, энергетикадагы кыңыр иштерге шектүү Артыкбаев, Калиев баштаган жетекчилер тез арада камалышы керектигин ачык коңгуроо кагып келдиңиз эле. Бүгүн бир кездери айтканыңыз эми келип, сиз атагандардын баарысы камакта. Бийлик алмашканы энергетикадагы коррупционерлерди кайрадан атап баштадыңыз, Жээнбеков бийлиги айтканыңызга кулак салчудайбы?

— Ошол мезгилдерде башкы прокуратурадан мени тынбай чакырышып, коркутуп-үркүтүп, куугунтук кылышкан. Мен ошондо эле адам тагдырын каалагандай калчашкан абийирсиз прокурорлорго Сапар Исаков, Осмонбек Артыкбаев, Айбек Калиев, “Электрстанциялары” акционердик коомунун жетекчилери чогулуп алышып, энергетикабызды талкалап гана тим болбостон “мүлжүп” жатышканын, “Датка-Кемин”, Жогорку Нарын ГЭСи, Камбар-Ата–2, Токтогул ГЭСи, Бишкек ТЭЦи баштаган жайларды жайлап салышканын көзгө сая көрсөтүп бергем. Ошондогу бийлик мага карата “бул элдин, мамлекеттин душманы” деп мамиле кылышкан. Кечээ жакында бул бийлик Бишкек ТЭЦине Казакстандын “Шабыркүл” көмүрүнөн 400 миң тоннаны 1 миллиард, 420 миллион сомго алышты. “Шабыркүл” көмүр кенинин 100% акциясынын ээлери казактардын эң бай олигархтары Александр Машкеевич, Патох Шодиев, Алимжан Ибраимовдор экендиги белгилүү. Жылуулук борборго көмүр тартуу боюнча конкурстук комиссиянын курамында мен дагы бар болчумун. Казакстандан көмүрдү ОсОО “Рассвет Компани” деген Болот Абиров (азыркы шаардык кеңештин төрагасынын атасы) жетекчилик кылган компания тендерден утуп алып, 56 доллардан ташып келишти. 2015-жылдары да булар “Прогресс компани” деген компаниясы менен Бишкек жылуулук борборуна көмүр ташышкан. Конкурска катышкан ТОО “Евротрансс ГРУПП” 90 миллион сомго арзан көмүр сунуштаган. Ага карабастан “Электрстанциялар” акционердик коомунун жетекчилери кымбат баадагы ОсОО “Рассвет компании” компаниясынын көмүрүн алышкан. Эгерде биздин “Электрстанциялары” акционердик коомубуз Бишкек ТЭЦине эч кандай “Рассвет Компани” деген ортомчу фирма жок эле Казакстандан өздөрү көмүрдү түз алышса, 36 доллардан айланмак. Бул жерде биздин энергетика тармагыбыздын жетекчилери ортомчу компаниялар менен сүйлөшүп, ортодогу 20 долларлык үлүштү өздөрү чөнтөккө уруп келишүүдө. Тагыраагы, орточо эсеп менен 1 миллиард 200 миң сомду биздин жетекчилер сол чөнтөккө өөнөп жатышат. Буга чейинки энергетика тармагыбыздын жетекчилери ортодо пайда болгон мындай акчаны казак олигархтары менен түздөн-түз бөлүшүп, мамлекеттик казынанын акчасын жеп-ичип келишкен. Табалабайын, Сапар Исаков, Осмонбек Артыкбаев, Айбек Калиев, Кыдырбаев, Боркоев баштаган энергетикабызды тейлеген чиновниктер бүгүн камакта отурушат. А бирок, береги эргулдар камалышканы менен учурда буга чейинки түзүлүп калган коррупциялык схемалар бузулган жок. Энергетика тармагыбыздын учурдагы жетекчилери аны улантып жатышпайбы? Бүгүнкү бийлик деле азыр менин энергетикадагы коррупциялык схемалар менен андагы отурушкан коррупционерлерибиз тууралуу ачуу чындыгыма кулак салбай келишүүдө. Анан кантип булардын ишинен жыйынтык болот?

— Энергетика менен Бишкек ТЭЦиндеги абал түшүнүктүү болду. Алдыдагы кышта көмүр жана көгүлтүр от жагынан өлкөбүздө көйгөйлөр жаралбайбы?

— Токтогул ГЭСи өлкөбүздөгү эң ири электр станциясы экендиги, Кыргызстандагы өндүрүлүп жаткан электр энергиябыздын 40%ы ушул жерден чыгат. Бүгүн аталган ГЭСте абал жакшы эмес. Андагы жаңы 2-3-энергоблоктуу трансформаторлор жакшы иштебей, ысып жатат. Азыр дагы көп басым болгон жок, эртең кыш келсе бул жерге өтө чоң басым болот. Бизде билесиңер, жыл сайын Токтогул ГЭСинде эки же үч агрегат иштебей калат. Ушундай көйгөйлөрдү алдыртан бийликтегилерге эскертип айтсам, “Үмбөталиев жалган айтып, элди дүрбөлөңгө салып, мамлекетке чыккынчылык кылууда” деген былжырак кептери менен мени күнөөлөшүүдө. Мен чыныгы абалды Токтогул ГЭСинде иштеген балдардын өздөрүнөн алып жатам. Алар мага алдыртан андагы чыныгы кырдаалды айтышып, коомчулукка, өлкө жетекчилигине кабардар кылып коюшумду өтүнүшүүдө. Эгерде Токтогул ГЭСиндеги агрегаттардын бири кышында жарактан чыкса, өлкөбүздүн түндүк аймагы жарыксыз калышы мүмкүн. Мындай көрүнүшкө өкмөт жетекчилери олуттуу көңүл бурбай калышты. Кышка карата даярдыкты текшерүүдө өкмөт жетекчиси Абылгазиев ушундай көйгөйлөргө эмитен көңүл бурбаса, эртең кеч болуп калат. Ал эми сурооңдогу көмүр менен көгүлтүр от жагын караганда учурда элибиз үчүн кыш чилдеде “кара алтын” абдан маанилүү болууда. Анткени, карапайым элибиз электр энергиясы менен көгүлтүр отко караганда көмүр арзан экенин, ошон үчүн көбүнчөсү чыгымына карашып көмүрдү пайдаланууга өтүп кетишти.

Жакында мамлекеттик “Кыргыз көмүр” ишканасынын ишин сыдыргыдан өткөрүп чыктым. Булардын да кышка даяр эмес экенине толугу менен көзүм жетти. Анткени, 2018-жылдын эсебинен 450 миң тонна көмүр өндүрүүнү пландашса, бүгүнкү күнгө карай болгону 59 миң тонна гана “кара алтынды” казышкан. Мына, бүгүнкү “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасынын кышка карата даярдыгы. Бу “Кыргыз көмүр” ишканасы деле алдыдагы кышта элибизди “кара алтын” менен тыңгылыктуу камсыздай албасына ишенсеңер болот. Биз кайра эле карапайым элибиз үчүн Казакстандан көмүр алганга муктаж болобуз. Буга ишенип койгула. Энергетика, өнөр жай жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине Кубат Осмонбетов жаңы жетекчи болуп келди. Ошол эргул да кечээ кышка даярдык көрүү боюнча “атайын көмүр сата турчу 630 топ база ачтык” деп төш кагып жатат. Осмонбетовдун айткандары калп. Кыргызстанда болгону 40 чамалуу эле топ база бар. Калпты чындай айтса эле эл ишенет деп ойлоп жатабы? Кичине ойлонбойбу?!

Калыгул Бейшекеев

Булак: Азия ньюс                    

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *