Равшан Жээнбеков: “Бекназаровдун шайлоого катышуусуна козголгон кылмыш иши тоскоолдук жаратпашы керек””

– Равшан мырза, Юстиция министрлиги даярдаган жарандык мыйзам коомчулукта түрдүү пикирлердин жаралышына шарт түздү. Эгер аталган мыйзам колдоого алынып кетсе, укук коргоочуларды жана бийликке ачуу сын айткан оппозициялык маанайдагы саясатчылар УКМК менен ИИМдин чогулткан документинин негизинде “чыккынчы” деген айып тагылып, Кыргызстандын жарандыгынан ажыратып жиберет дегендер да пайда болду. Эгер бул мыйзам колдоого алынып кетсе, коомчулукту ойго салган чочулоолор турмуш чындыгына ашып кетиши мүмкүнбү?

– Биз, кыргыз эли Россиядан дайыма жаман нерселерди көчүрүп алганга аракет кылабыз. Анын далили катары президент Кыргызстандын жарандары кандайдыр бир кылмыш кыла турган болсо, “жарандыктан ажыратуу” деген тажрыйбаны Россиядан, Казакстандан алып, биздин турмушубузга киргизгенге аракет кылып жатат. Бул аябагандай жаман аракет. Эгерде кайсы бир кыргыз жараны кылмыш кыла турган болсо, ал кылмыш кайсы бир мыйзамга туура келбей турган болсо, мыйзам боюнча түрмөгө жатып, жооп берип, жоопкерчиликке тартылышы керек. Анын атуулдуктан ажыратуунун эч кандай зарылчылыгы жок. Чынында атуулдуктан ажыратуу жаза эмес. Ал көбүнчө саясый максатта колдонула турган басым. Айтайын дегеним, негизги жаза адамды түрмөгө камоо, кандайдыр бир акчалай айыпка жыгуу. Жогору жактагыларга андай жазалар жетишпей жаткансып, эми жарандыктан ажыратуу мыйзамын сунуштап жатышат. Бул нерсе биздин бийликтин көп нерселерди түшүнбөстүгүнүн далилдеп жатат.

– Сапар Исаковдун мыкты делген университеттен билим алган, тажрыйба топтоп келген адамды кеңешчи кылып алганы мамлекеттин жүгүн жеңилдетеби же мамлекеттин маселесин чечиш үчүн билим да аздык кылабы?

– Чынын айтсам, билим дагы маанилүү. Бирок, кеп билимде эмес. Анткени, билимден да жогору мамлекетти башкарууда эки көрсөткүч бар. Биринчиси, мамлекетти башкарууга келген адамдар билимдүү гана эмес, биринчи кезекте так идеологиясы бар, кандайдыр бир принциптерди, баалуулуктарды карманган адам болушу керек. Мына ошондо гана мамлекет үчүн пайдалуу болот. Экинчиси, билимин, үйрөнгөн тажрыйбаларын көрүнүктүү компанияларда, окуу жайларда ишке ашырыш үчүн сөзсүз түрдө адамда мүнөз болушу керек. Мына ушул эки нерсе болбосо адам миң билимдүү болсо да мамлекетке эч кандай пайда алып келе албайт. Ошондуктан Сапар Исаковдун кеңешчисинин билимине анчалык деле таяна бербешибиз керек.

– Азимбек Бекназаровго президенттик шайлоого катышууга мандат берилди. Бирок, ошол эле мезгилде ага УКМК тарабынан Ташиев экөөнүн интернетке жарыяланып кеткен аудио жазуудагы сөзү “экспертизадан далилденди” деген кине менен кылмыш иши козголду. Эми аны болбогон шылтоо менен оюндан чыгарып, президенттик шайлоого катыштырбай коюшпайбы?

– Мыйзам, Конституция боюнча талапкер болуп катталган адамга кылмыш иши козголушу мүмкүн. Бирок, президенттик жарыш бүткөнгө чейин ал адамды жоопко тартканга, ал адамды кандайдыр бир кылмыш боюнча процессуалдык иштерди ишке ашырууга мыйзам жол бербейт. Мыйзам боюнча кылмыш иши козголгон күндө дагы президенттик шайлоо бүткөнгө чейин ага укук коргоо органдары тарабынан басым болуп, тергөө жүргүзүүгө эч кандай укук берилбейт. Кыскасы, Бекназаровдун шайлоого катышуусуна козголгон кылмыш иши тоскоолдук жаратпашы керек.

– БШК Ахматбек Келдибековго президенттик шайлоонун күрөөсүн төлөтүп алганы менен “соттолгону жоюла элек” деген шылтоонун негизинде талапкер кылып каттоодон баш тартты. Эмне үчүн БШК анын документтерин, ал чогулткан кол тамгаларды кабыл алып жатканда эле “соттолгонуң жоюла элек”-деп каттоодон баш тарткан эмес?

– Аны атайын кылышы да мүмкүн. Себеби, БШК башта эле аны каттабасын, соттолгону жоюла элегин билген. Ошого карабай чыгаша кылып, убара кылышкан. Болбосо, башында эле каттабайбыз деп коюшу керек эле. Булар атайын кылышкан үчүн “убара болсун, чуркасын”- дешти. Анткени, саясатта мына ошондой жагдайлар орун ала берет. Кандай болгон күндө да бул Келдибековдун эмес, БШКнын катачылыгы.

– Эмнегедир тар чөйрөдө “төртилтик Сооронбай Жээнбековго кошулду”- деген маалыматтар айтыла баштады. Төртилтик ошондо Бабановго каршы түзүлгөнбү же түштүктүн кулунун колдойлу деген таризде Сооронбайды колдоого аргасыз болуштубу?

– Алардын түзүлүшү боюнча бул жерде көп факторлор бар. Бирок, мен алдыга койгон жакшы максаттарды ишке ашырыш үчүн уюшулган деп ишенгим келет. Ошондой эле регионалдык кызыкчылык да эске алынган. Аларда бийлик менен кызматташып кетүү да мүмкүнчүлүгү бар. Ал нерсе алардын оюнда дагы болушу мүмкүн. Бирок, мен азыр алардын аракетинен бийлик менен кызматташа баштаган кадамын байкай элекмин. Бирок, бул биригүүнүн эч кандай идеологиясы, программасы жок. Болгону, эл арасында “жакшы жигиттер бирикти”- деген эле сөз айтылып жатат.

– Эгер имиштер чындыкка дал келип, булар бийлик менен кызматташып, Сооронбай Жээнбековду сүрөй турган болушса, бул биригүүнү мамлекеттин келечеги үчүн жасалган кадам деп кабыл алсак болобу?

– Эгер төртилтикке кирген бул саясатчылар бийлик менен тымызын биригип, иштеше баштаса, мен ойлойм ал саясатчылардын эл алдында кадыры кетип, уят болуп калышат.

Булак: “Майдан.kg”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *