Равшан Жээнбеков: “Биздин бийликте бандиттик психология бар. Бандиттер “сен кошулбашың керек. Кошулгандан кийин биздин чөйрөнүн мыйзамдарын сакташың керек”- дейт го…”

-Равшан мырза, АКШга Трамп президент болуп шайланды. Кыргызстан үчүн президенттикке ат салышкандардын кимиси президент болгону жакшы эле?

-Кыргызстан үчүн Американын ролу өтө деле чоң эмес. Себеби, биз бүгүнкү күндө Америкага окшогон көрүнүктүү мамлекеттер менен жакшы мамиле түзө алган жокпуз. Биз саясый маселелер боюнча Россияга, ал эми каражат жагынан Кытайга басым жасап көнүп алдык. Азырынча маселени чечтик дешкени менен биз ыктаган эки мамлекеттин тең абдан коркунучтуу жактары бар. Маселен, Россия саясый жактан өзүнө баш ийдирүүгө аракет кылса, Кытай бизди акча менен өзүнө бурганга аракет кылып жатат. Учурда Америка менен да, Европа менен да, каражат бере турган маанилүү уюмдар ме­нен да мамилебиз аябагандай начар. Ошон үчүн Трамп президент болобу же Хиллари Клинтон президент болобу, биз үчүн айырмасы жок. Анткени, Трамп Кыргызстан үчүн маанилүү да, маанисиз да эч нерсе жасабайт. Анча-мынча демократиялык процесстерди колдоо максатында граждандык коомду, массалык маалымат каражаттарына гана жардам бербесе, жалпы экономикага, социалдык турмушубузга Америкадан жардам деле болбойт.

-Айрымдар Америка менен Рос­сия биригип алып, Орто Азиянын кайсы бир мамлекетине Сириядагы абалды орнотуп, “жардам берип жатабыз” деген шылтоо менен эки мамлекет тымызын куралдарын сынайт деген маалыматты айткандар бар. Ишенсек болобу?

-Мындай пикирди саясатты көп деле түшүнбөгөн адамдар айып жатышы мүмкүн. Америкага да, Россияга да Борбордук Азияга кандайдыр бир чатактарды уюштуруу, Сириядагыдай абалды орнотуу алардын улуттук кызыкчылыгына туура келбейт Антке­ни, Борбор Азияда чатак чыга турган болсо, гуманитардык, экономикалык зыяны сөзсүз түрдө Россияга тийет. Ал эми Америка Бор­бордук Азиядан башка Сириядагы, Палистина менен Израилдеги, Ирандагы, Ирактагы маселелерин чече алышпай жатат.

-Американын президенттерине “Нобель” сыйлыгын алуу салтка айланган көрүнүштөй экен. Биздин мамлекеттеги президенттерге эмне үчүн эл аралык деңгээлдеги сыйлыктар берилбейт же андай абройлуу сыйлыктарды алуу мамлекет башчыларынын түштөрүнө да кирбейт?

-Адатта кандайдыр бир маанилүү сый­лыктарды алыш үчүн биринчиден, биздин коом, мамлекет башчыларыбыз, саясатчыларыбыз жалпы адамзаттын баалуулуктарын өнүктүрүшү керек. Же болбосо өнүгүп жаткан багытка салымдарын кошушу керек. Башкача айтканда, жалпы адамзаттык баалуулуктарды. Экинчиден, сөзсүз түрдө биздин мамлекет башчыларыбыз, өкмөт башчы­ларыбыз, саясатчыларыбыз демократияны колдоп, өнүктүрүшү керек. Ошондо гана дүйнөлүк сыйлык берген уюмдар, дүйнөдөгү өнүккөн алдыңкы мамлекеттер көңүл бурат. Жалаң эле сыйлык маселесинде эмес, жалпы экономикалык маселебизди чечүүдө, реформаларга каражат табууда дагы мен айтып жаткан эки көрсөткүч аябагандай маанилүү болот.

– Бекназаров да, Бакыт Бакетаев да “мен кимди колдосом, ошол адам президент болот”- деген ойлорун айтышты. Кимисине ишенсек болот?

-Азимбек Бекназаровдун айтканында кандайдыр бир чындык бар. Эгерде Кыргызстанда оор революциялык абал жарала турган болсо, кандайдыр бир саясый конфликттер пайда болуп, оппозиция менен бийликтин ортосунда чоң чатак чыга турган болсо, ан­дай учурда Бекназаровдун ролу чоң болуп, маанилүү иштер менен алек болот. 2005-2010-жылкы революцияда дагы Азимбек Бекназа­ров маанилүү ролду ойногон. Ал эми тынчтык жолу менен бийлик алмаша турган болсо, Кремль деген институт ишке кирип, Россиянын ролу кескин түрдө жогорулайт. Айтайын дегеним, бүгүнкү күндө президент болом де­ген дымагы бар саясатчылардын көпчүлүгү Россияда жүрүшөт. Кыскасы, ким президент болоорун Атамбаев чечпейт. Келечектеги пре­зидентти кыргыз эли эмес, Кремль тандайт. Кремль кимди президент кылаарын чечип туруп, массалык маалымат каражаттары жана адамдар аркылуу элди көндүрүп, ишеним арткан талапкерин пиар кылып, пропагандалап, бизге аны таңуулайт. Жана келечекте прези­дентти азыркы жолу да Кремль тандаган, каалаган адам президент болот.

-Кремль кандай критерийдин негизинде Кыргызстага президент тандайт? Берген акчасына карата тандайбы же алардын саясатына ыктаган адамга басым кылабы?

-Менимче Кремль акчасы бар же жогуна карабай болжолдуу түрдө үч критерийдин не­гизинде тандайт. Биринчи критерий, Кремль тандай турган адам алардын көз карашын толугу менен колдошу керек. Ошондой эле саясый маселелердин баарын Кремль менен кеңеше турган адам болуп, саясый көз карашы да Кремлдеги жетекчилерге окшошураак болушу керек. Экинчи критерий, сөзсүз түрдө ал адам ар бир маанилүү маселелерде өз алдынча чечим кабыл алалбай, алар менен кеңеше турган адам болушу керек. Үчүнчү критерий, ал адам сөзсүз түрдө кандайдыр бир деңгээлде кыргыз саясатында мамлекеттик кызматка аралашкан адам болушу керек. Болжолдуу түрдө үч критерийге туура келсе жана Кремль менен тил табышса, ал адам Кыргызстага президент болот. Ал адам Бакиев, Атамбаев сыяктуу Кремлге көз каранды болуп, улуттун кызыкчылыгын эмес, Кремлдин кызыкчылыгын коргогон президент болот.

-Бакыт Бакетаев “Равшан Жээнбеков менен 2010-жылы бир парламенттик башкаруу болушу керек дечүбүз. Азыр Равшан Текебаевге ыктап кетти” деди го?

-Мен Текебаевге ыктаган жокмун. Тескерисинче, акыркы беш жылда оппозициялык маанайдагы көз карашты карманып, “парламенттик башкарууга өтөлү, Кыргызстан де­мократиялык мамлекет болсун. Келечектеги президентибиз Орусиянын көзүн карабаган, эгемендүү президент болсун”- деген идеяны туу тутуп келе жатам. Акыркы 6 айда Текебаев оппозицияга өттү. Мурда чынын айтышыбыз керек, ал киши Атамбаевдин санаалашы, пикирлеши болчу. Көпчүлүк маселелерде Атамбаевди колдоп келген. Азыр ал “мен жакка өттү” деген маселеде эмес, бийликтин күчтөнүп баратканына жана бийликтин бир колго топтолуп жатканын токтотуу маселеси менен алектенебиз.

– Бийликтин укуругу социалдык түйүндөрүнө чейин жетип, катуу сын айткандарды УКМК көзөмөлгө алганына каршы пикириңерди билдирдиңер. Андан майнап чыгабы?

– Майнап чыгарууга аркет кылып, бий­ликтин аша чапкан аракеттерине каршылыгыбызды билдирип жатабыз. Айтайын де­геним, сөз эркиндиги интернет түйүндөрдө, “Фейсбукта” жана “Твиттерде” калсын. Сөз эркиндиги биздин турмушубузда жана массалык маалымат каражаттарында, интернетте орносун деп жатабыз. Президентти колдобой тескерисинче, президентке сын пикир айтып, кээ бир учурларда президентти шылдыңдаган адамдарды бийлик улуттук коопсуздук кызматын, прокуратураны, милицияны пайдаланып коркутуп, аларга кылмыш ишин ачууну адатка айланта баштады. Бул жагдай бүгүнкү бийликке абийир алып келбейт. Бүгүн туура эмес аракеттерин токтотуп калбаса, бийликти эртели кеч туңгуюкка такайт. Айтканыбыздан майнап чыгарбаса, ал бийликтин трагедиясына айланат. Анткени, бийлик туура эмес аракети менен өзүн өзү аңга түртөт.

-Равшан мырза, “кырсыкка учураган учактагы жүк президентке тиешелүү экен”- деген каңырыш маалыматтар айтылып жатат. Ишенсек болобу?

– Биринчиден, кыргыз жетекчилери толугу менен башка мамлекеттин жетекчилерине көз каранды. Экинчиден, биздин тегерегибизди авторитардык, коррупциялык мамлекеттер курчап турат. чүнчүдөн, биз да ошолор сыяктуу аябагандай коррупциялашкан мамлекет болуп эсептелебиз. Ошондой эле биздин улуттук коопсуз­дук кызматы, бажы, салык кызматтары жана аэропорттогулардын баары бир адамга баш ийет. Ал адам айта турган болсо, бардыгы унчукпайт. Биз ал адам кылып жатат же жок деп айта албайбыз. Бирок, биздин Кыргызстанда ушундай жол менен коррупция кылуу, контрабанда жасоо мүмкүн десек болот. Мына ушундай жагдайлардан улам, бул маселе боюнча депутаттык комиссия түзүлдү. Саясатчылар бул маселе боюнча коомдук дагы комиссия түзүлсүн дегенди талап кылып жатабыз. Анткени, депутаттык комиссия пре­зидентке жана анын тегерегиндеги адамдарга көз каранды. Аларды чакырып туруп, “башкача жыйынтык чыгарасыңар”- десе, депутат­тык комиссия башкача жыйынтык чыгарышы мүмкүн. Ошон үчүн биз коомдук комиссия түзүп, анын курамына саясатчыларды, көз карандысыз эскперттерди жана адистерди киргизсек, бийлик тарабынан коркутуу аз болуп, адилеттүү чечим чыгарганга мүмкүнчүлүк болот. Ошондуктан, коомдук дагы комиссия түзүлүшүнө шарт түзүшүбүз керек.

– Текебаев “эгер бирикпесек, бий­лик тепселеп кетет!”- деген коңгуроо какты го?

– Туура, бүгүнкү күндө аябагандай чоң коркунуч бар. Анткени, президент Атамбаевдин бийликтен кете турган убагы келип калды. Мен саясатчы катары бийликтен тынч кетип калаарына көзүм жетпейт. Ал кетпегенге аракет кылат. Эгер ал аракети ишке ашпаса, жакын адамдарын бийликке калтырганга жол издейт. Аны Кремль аркылуу бийликке алып келүүгө аракеттенет. Ошондуктан, бүгүнкү күндө Кыргызстанда тынчтык жол менен бийликтин алмашышын, Кыргызстан демократиялуу мамлекет болушун, бийликти дагы бир Атамбаевдин колуна топтолушун каалабаган саясатчылар, граждандык коомдун өкүлдөрү, журналисттер баарыбыз биригүүгө туура келет. Эгер биз баарыбыз бириге турган болсок, анда Атамбаев жана Кремлдин каалаган адамы өтпөй калат. Биз оппозиция жана бийликтегилер талашып, тартышып, талкуулап, саясый күрөш менен татыктуу адамдын келишине шарт түзө алабыз. Эгерде кээ бирибиз жашыруун сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кээ бирибиз унчукпай, айрымдарыбыз сатып жибере турган болсок, анда мурдагыдай эле Атамбаев да, тышкы күчтөр да өздөрү каалаган адамын коюп алышат.

– “Президент болом” деген дымагы барлардын кимисинин шансы көбүрөөк?

– Биз бийлик кимди жылдырса дагы, оппозициялык маанайдагы адамдар, президенттин азыркы саясатын колдобогондор колубуздан келишинче чогуу, бирдиктүү талапкер жылдырууга аракет кылышыбыз керек. Ушундай мамлекеттин гана келечеги болот. Эгерде биз бүгүнкү күндө бийликке ыктаган адамдарды шайлай бере турган болсок, анда мамлекетибиздин келечеги болбойт. Анткени, Кремль акчасы бар же жок экенине, эл арасында кадыр-баркы бар экенине карабай мактап жатып президент кылып коёт.

– Аида Салянова “Ата Мекенден” депутат болгон үчүн кысымга туш болуп, тымызын куугунтукка кабылып жатабы же ал да кайсы бир мезгилде катачылыктарга жол бергенби?

– Анын эки себеби бар. Биринчиси, биздин бийликте бандиттик психология бар, автори­тардык мамлекеттерде ушундай психология орун алат. Бандиттер “сен кошулбашың керек. Кошулгандан кийин ошол чөйрөнүн мыйзамдарын сакташың керек”- дейт го. Ошол сыяктуу эле Салянова дагы мындан ашып кетсе, бир жарым жыл мурун эле бийликтин Башкы прокуратура деген уюгунун башчысы болуп, мамлекетте үчүнчү-төртүнчү адам болгон. Ушул бийликти бекемдеп, колунан келишин­че авторитардык бийлик кылууга чоң салым кошкон. Кыргызстандагы демократиянын, сөз эркиндигин басылышына Башкы про­курор катары Салянованын ролу аябагандай зор болгон. Бирок, ал чөйрөгө каршы чыкканы мен жогоруда айткандай бандиттик эрежени бузганы болуп калат. Ошон үчүн бийлик тараптан чоң соккуга кабылып жатат. Бул бир жагы. Экинчи жагынан Салянова “Ата Мекен” партиясы менен депутат болуп келгени. Ант­кени, “Ата Мекен” партиясына кошулгандардын баары убагында ушундай кысымга, чоң кыйынчылыктарга туш болушат. Андай ма­селе учурунда Байболовдо, Абдырахмановдо, Аликбек Жекшенкуловдо жана менде болгон. Анткени, каалайбызбы, каалабайбызбы Теке­баев бүгүнкү күндө оппозициянын башына келип,  Атамбаевдин комфорттуу турмушун бузуп койду.

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *