Равшан Жээнбеков, экс-депутат: “Бийлик бүгүнкү күндө сүйлөшүүгө жөндөмсүз”

Сөз эркиндигин коргоо комитетинин айрым мүчөлөрү 7-8-март күндөрү Бельгияда Европарламенттин, Евробиримдиктин Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү менен жолугушту. Сапардын максаты жана мазмуну боюнча аталган комитепин өкүлү Равшан Жээнбеков маек курду.
– Равшан мырза, алгач сапардын максаты тууралуу айтып берсениз, кимдер менен жолуктунуздар, кандай сөздөр болду?

– Акыркы убактарда Кыргызстанда сөз эркиндиги, адам укуктары боюнча демократиялык багытта кырдаал кескин начарлап кетти. Бизге чейин Брюсселге мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев барып келген. Биздин сапардын алдында, эки-үч күн мурда тышкы иштер министри да барып кеткен. Алар баргандан кийин биз жок дегенде Европарламенттин, Еврокомиссиянын өкүлдөрүнө өлкөдөгү азыркы абал тууралуу кеңири маалымат берели деген максат менен сапарды уюштурганбыз.

– Ошол Евронарламенттен, Еврокомиссиядан кимдер менен жолуктунуздар?

– Сапарыбызда маанилүү үч жолугушуу болду. Европарламенттин бир катар депутаттары жана саясий кеңешчилери менен жолугуштук. Ошондой эле Европарламенттин тышкы иштер министрлиги деп айтсак болот – бул Федерико Могерини айымдын кеңсеси, алардын Борбор Азия боюнча департаменттин жетекчилери менен жолугуштук. Алар менен учурда Кыргызстанда айрым маалымат каражаттарына, Жогорку Кеңештин депутаты, “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге, жарандык активист Рита Карасартовага жасалып жаткан кысым тууралуу маалымат бердик. Ошондой эле демократия жаатындагы абалдын кескин начарлап баратканы тууралуу кенен талкууладык.

– Сөз эркиндигин коргоо комитетинин мүчөлөрү Европага президент Алмазбек Атамбаевдин сапарынан көп өтпөй эле барышты. Мамлекет башчы Европа сапарында бир катар расмий жолугушууларга катышып, Кыргызстандагы демократия боюнча жылуу пикирлерди угуп келген. Бирок февраль айынын аягында өлкөдө болгон айрым окуялардан соң Европа коомчулугу кандай баа берип жатышат?

– Адатта Европа биримдигинин, Европарламенттин дипломатиялык маданий деңгээли аябай жогору. Ошондуктан алар эч качан өздөрүнүн позициясын кескин түрдө билдирбейт. Бирок алардын Кыргызстандагы азыркы болуп жаткан абалга кабатыр болуп жатканын, алардын ушул абалга кызыгып, биздин баарыбызды: саясатчыларды, маалымат каражаттардын жана жарандык коом өкүлдөрүн сурап, сүйлөшкөнүнөн байкалып турду. Албетте алар Кыргызстандагы абалды начар же башка деген позициясын айтпаганы менен, кийинчерээк Еврокомиссия же Европарламент кандайдыр бир билдирүүлөр менен чыгышы мүмкүн. Биз муну түшүндүк.

– Өткөн жумада Башкы прокуратура тарабынан өлкөдөгү айрым маалымат каражаттары сотко берилгени маалым болгон. Ишемби күнү президент Атамбаев өздөрүн “калыс, бейтараппыз” деп санаган маалымат каражаттарын “өлкө баш-чысын жана жалпы өлкөнүн беделин түшүрүүгө аракеттенип жатат” деп айыптады. Ошол эле учурда айрым уюмдар соттошуулардан көрө бет мандай отуруп, диалогго чакырууну сунуштап чыгышты. Сиз кандай жолду көрүп турасыз?

– Мен биринчи иретте президент Алмазбек Атамбаевдин өзүнүн кадамдарына кайрылат элем. Тилекке каршы, эгерде кайсы бир маалымат каражаттары атайылап жамандоо саясатын жүргүзүп аткан болсо, биринчи кезекте президенттин өзүнө баш ийген мамлекеттик маалымат каражаттарына көңүл бурушубуз керек. Өкмөттүк, мамлекеттик телеканалдар, жасалма интернет сайттар беш жылдан бери оппозициялык маанайдагы саясатчыларды, жарандык коом өкүлдөрүн, бийликти колдобогон жарандарды жамандоону өнөкөт кылып келатышат. Эми минтип эгемендүү маалымат каражаттарына президенттин күнөө коюусу – адилетсиздик, туура эмес болуп эсептелет.

Ал эми диалог тууралуу айтчу болсок, биз, оппозициялык саясатчылар, эгемендүү жарандык коом өкүлдөрү колубуздан келишинче бийлик менен диалогго жана сүйлөшүүгө барууга аракет кылып келдик. Бирок, тилекке каршы, бийлик бүгүнкү күндө сүйлөшүүгө жөндөмсүз экенин далилдеди.

Булак: “Майданkg”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *