Равшан Жээнбеков, экс-депутат: “Эгерде “квартет” жашыруун бийлик менен кызматташса, саясый карьераларына чекит коюлат”

– Равшан мырза, президенттикке аттанган төрт саясатчынын биригүүсү эмнеден кабар берет?

– Шайлоонун алдында мамлекетте таза шайлоо болооруна саясатчылардын көзү жетпесе, мамлекетте системалуу түрдө административдик ресурсту колдонуп, саясатчыларга саясый куугунтукту колдонуп, дайыма өздөрү каалагандай гана шайлоо өткөрсө, эртеби-кечпи саясатчыларда иммунитет пайда болуп, ошол процесске каршы чыгуунун жолун издей башташат. Жыйынтыгында биригүүгө аргасыз болушат. Бул маселе айланып келип эле аргасыздыктан жаралды. Демократиялык мамлекетте эч убакта шайлоочулар шайлоо болгонго чейин бирикпейт. Талапкерлер өздөрүнүн саясый кызыкчылыгын жогору коюп утат же утулат. Андан кийин экинчи турда гана биригет. Ал эми бизде шайлоо боло электе президенттикке бараткан талапкерлерди биригүүгө түртсө, анда биздин мамлекетте кандайдыр бир ойго салчу туура эмес нерселер бар экенинен кабар берет.

Мисалы?

– Мисалы, баарыбыз эле билебиз. Президент менен анын тегерегиндегилердин эки мураскери бар. Биринчиси Жээнбеков болсо, экинчиси Бабанов. Бабанов башка партиядан чыкканы менен ал деле Атамбаевдин мураскору. Эки талапкерин ийгиликке жеткириш үчүн бийликтегилер колдорунан келишинче административдик укукту пайдаланганга, аларга болушунча жакшы шарт түзгөнгө аракет кылышат. Аларга бардык жагынан жардам беришет. Ошон үчүн президенттикке аттанам деген дымагы бар төрт талапкер бийликтин талапкерине каршы биригүүгө аракет кылып жатышат. Негизи биригүү тууралуу ар ким ар нерсени айтып, бири сындап, бири мактап жатышат. Чынында биригүү бул жакшы нерсе. Жакшы көрүнүш. Кандай болгон күндө дагы өздөрүнүн амбициясын чектеп, эч болбогондо кыйын абалды түшүнүп, биригип жатканын жакшы жөрөлгө катары бааласак болот.

– “Президент болсом” деген амбициясы аттын башындай саясатчылар бу сапар кимисине жол бошотуп берет? Кимиси президенттик шайлоого чыныгы талапкер болуп чыгат?

– Азырынча анысы же мунусу талапкер болуп чыгат деп айтуу эртелик кылат. Анткени, баары тең талапкер. Биринчи кезекте “ичибизден бирөөбүздү талапкер кылабыз” дегенинин негизги максаты бийликтин азыркы күндөгү зөөкүрлүгүнө, мыйзамсыз иштерине каршы туруу үчүн түзүлгөн союз болуп эсептелинет. Менимче бул уюмдун биринчи максаты бийликке каршы туруу.

– Сиз бул биригүүнү колдогонуңуз менен айрымдар жөн гана биригүү деп сындап жатышат го. Чындап эле бул саясатчылар эч бир программасы же стратегиясы жок эле кыска максат менен биригип алышкан жокпу?

– Президенттикке бараткан бардык саясатчынын саясый кызыкчылыгы бар. Булар кыска максат менен биригишкен жок. Алдыга койгон максаттары бар. Албетте, убактылуу биригүү, убактылуу алянс. Ошондой болсо да, оппозициячыл саясатчы катары колдойм. Экинчиден, булар берген убадаларына туруп, айткан сөздөрүн аткара турган болсо, бул уюм саясый талаага бир топ өзгөрүүлөрдү алып келе алат.

– Бирок, бул биригүүнүн арасында бийлик менен кызматташкан да талапкерлер жүрөт го. Бул биригүү бийликке кызмат кылып калбайбы?

-Андай да коркунуч бар. Бийлик менен сүйлөшүп алуу да мүмкүнчүлүгү бар. Аны саясатчы катары билем, түшүнөм. Эгерде булар жашыруун бийлик менен кызматташабыз десе, анда булар коомчулукка билинип калып, саясый карьераларына чекит коюлат. Оппозициялык маанайдагы
саясатчылар бул саясатчыларга ишенүүгө болбосун, аягына чейин сөзүнө тура албаган саясатчы катары коомго белгилүү болуп уят болушат. Бирок, бийлик өзүнүн талапкерин президенттикке сүрөш үчүн булардын баарын оюндан чыгарып, коркутуп болсо да ийгиликке жетүүгө аракет кылат.

– Буга чейинки биригүүлөрдө түндүк-түштүк маселеси эске алынып, тең салмактуулук сакталчу эле. Бу сапар регионалдык кызыкчылык эске алындыбы эмнегедир түштүктүн гана кулундары биригишти го?

– Адатта биригүүдө ошондой жагдайлар орун алчу. Менимче буларда бири-бири менен саясый жактан көз караштын жана мамилелердин жакындыгынан улам биригишти окшойт. Бул биригүүнүн башталышы. Мен айткан биригүү процесси башталды. Регионалдык биригүү болсо да бийликке каршы биригүүнүн башаты болду деп ойлойм.

– Бул биригүү кайсы талапкерге сокку болушу мүмкүн?

– Негизи бийликтин талапкерине каршы болот. Кандайдыр бир деңгээлде Бабановго да сокку болот.

Булак: “Майдан.kg”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *