Равшан Жээнбеков, экс-депутат: “Тебелендиде калып жаткан президентти тебелеген саясатчы эмесмин”

— Равшан Бабырбекович, мурунку президент менен учурдагы президенттин саясий келечегине баа берип көрбөйлүбү. Эки тарап эки жолго түшкөнүн ачык жарыялап алышты. Алгачкы маекти азыркы президент Жээнбеков берип, “Атамбаев үчүнчү адам аркылуу мени башкаргысы келген” деп агынан жарылды. Ушул сөздүн маанисин чечмелебейсизби?

— Мен президенттин бул сөзүн “Атамбаев Кыргызстанды башкаргысы келген. Бирок, мен Атамбаевдин башкаруусуна жол берген жокмун. Бүгүн Кыргызстанды толугу менен мен башкарып жатам. Бүгүнкү Кыргызстандын ийгилиги менен жетишпеген жактары, жакшы менен жаманы менин мойнумда. Бийликтин эки тизгин, бир чылбыры президент болорум менен менин колума өттү. Атамбаевдин каалаганына карабай өткөзүп алдым” деп түшүндүм. Албетте бул жакшы нерсе. Мындай болгондон кийин мамлекеттеги саясий, экономикалык, социалдык маселелердин баардыгына жоопкер президент экенин так билдик. Атамбаев Кыргызстанды башкаргысы келгени чындык. Ар бир кетип жаткан президент, керек болсо президенттин тегерегинде жүргөн ар бир адам президентти башкаргысы келет. Дүйнөнүн баардыгында ошондой. Бизге окшогон авторитардык өлкөлөрдө бул эки эсе күчтүү. Бүгүнкү күндө президенттин тегерегиндеги адамдар дагы башкаргысы келип жатышат. Кээ бир убакта тегерегиндеги адамдар өздөрүнүн кызыкчылыгын, кадрдык саясатын, саясий-экономикалык чечимдерин түртүп, президент аркылуу ишке ашырганын 15 жыл мамлекеттик кызматта иштеген, 15 жыл оппозицияда жүргөн саясатчы катары байкап, сезе баштадым. Президентке кээ бир топтордун таасири акырындап сезиле баштады.

— Экинчи маек Атамбаев тарабынан жасалды. Ал киши таарынган адамдын кейпин кийип алганы гана болбосо, дурусураак ойду айта албады. Экинчи маекти кандай деп баалайбыз?

— Ал боюнча эки маанилүү нерсени айткым келет. Президенттиктен кеткенден кийин мурдагы бийлигин, таасирин, мүмкүнчүлүктөрдү, каражаттарды, өзгөчө мурунку кошоматчыларды жоготуп, жөнөкөй адамдын жашоосу менен жашоо өтө оор. Президенттиктен кеткен адам жерге түшүп, реалдуу турмушту кабыл алганга чейин бир топ убакыт керек. Атамбаевдин жерге түшүү процесси болуп жатканы өзүнө, үй-бүлөсүнө, мамлекетке маанилүү болуп эсептелет. Канчалык эртерээк реалдуу турмушка аралашып, саясий процесстерди түшүнө турган болсо өзүнө жакшы. Экинчиси, жеке таарынычтан арыла албай жатканынын негизи бар. Азыркы президентти мурунку президент чоң ийгиликтерге жеткизгенин баарыбыз билебиз. Бир үй-бүлөдөн спикердин, премьер-министрдин, элчилердин, акырында президенттин чыгышы оңой нерсе эмес. Бул ошол үй-бүлөнүн ийгилиги менен гана болбойт. Буга башка күчтөрдүн, башка адамдын чоң салымы бар экенин билишибиз керек. Мунун баарынан кол жууган Атамбаев жеке деңгээлге өтүп кеткенине ички сезими түрткү болуп жатат.

— Эки президенттин эки жолго түшүшүнө негизги себепкер “Райым миллион” болуптур. Мен экинчи маектен кийин ушундай деп түшүндүм. Эмне үчүн Атамбаев өзү башкарган мезгилде ийгиликтерге жеткен “Райым миллионду” четке сүрүп, өзү өстүргөн кадр экенин моюндагысы келбей, эмне үчүн кийинки президентке түртүп жатат?

— Мен бул маселеде “Райым миллионду” күнөөлөй албайм. Себеби, мамлекеттеги саясий системаны, укук коргоо органдарын баштан-аяк башкарган президенттик институт бар. Президенттик институт Акаевдин, Бакиевдин, Отунбаеванын, Атамбаевдин убагында деле баарын көзөмөлдөп турган. Бажыда, салыкта, экономикада, саясатта болобу баардыгына президенттер күнөөлүү. Анткени, мамлекетти башкаруунун башында турган негизги чечүүчү таасирлүү фигура президент болуп эсептелет. Бажыдагы иштерди байкабаса президенттердин маселеси. Алардын колунда аңдуучу, каралоочу, токтотуучу бийлик органдары бар. Эмне үчүн ошолор убагында бул нерселерди токтоткон эмес? Мамлекеттеги туура эмес деген маселелерге, коррупцияга биринчи кезекте президенттик институт күнөөлүү. “Райым миллион” коррупционер болсо эмне үчүн кармабадыңар?- деген суроону мурунку УКМКга, прокуратурага, президентке беришибиз керек. Бүгүнкү президентке дагы жакын арада ушул суроо коюлуп калышы мүмкүн.

— Мурунку президенттин маегинде Икрам Илмиянов экөөсү дагы эки башка жолду тандап кетиптир деп айтылып жаткан сөздүн чындыгы бардай сезилди. Сиз эки адамдын ажырымы бар экенин байкай алдыңызбы?

— Ал экөөнүн деталдуу маселелери кандай болгонун билбейм. Өмүр бою чогуу жүргөн адам катарында экөөсүндө жакшы мамиле сакталып кала берет. Атамбаев менен Илмияновдун ортосундагы мамиле — ​күчтүү мамиле болуп эсептелет. Алар чогуу жүрүшкөн, баштарынан жакшылык менен жамандыкты өткөрүшкөн, байлыкты чогуу бөлүшкөн. Ошондуктан, экөөсүнүн мамилеси бузулган, Икрам экинчи тарапка өткөн
дегенге ишене албайм. Менин оюмча экөөнүн мамилеси жалпысынан дурус эле болуш керек.

— Азыр саясатчылар эки достун кимисине барышты билбей, келечек кандай болуп кетет деп ортодо турушат. Сиз Атамбаев менен бат-бат жолугушуп жаткан саясатчы болуудасыз. Келечекте саясий абал ушул тарапка ооп кетет деп ошол жакка биротоло
кеттиңизби?

— Мен Атамбаевге 6 жыл колумдан келишинче системдүү түрдө оппозиция болуп келдим. Муну эч ким тана албайт. Бүгүнкү күндө Атамбаев бийликтен толугу менен кетти. Ал мурдагыдай мамлекетте саясий-экономикалык чечимдерди кабыл ала албайт. Президент катарында кандай иштегенине коом, тарых жана мамлекеттик укук органдары баа берет. Бүгүн менин көз карашымда Атамбаев өлкөгө маанилүү зыян алып келе албайт. Кеткен президент менен күчтүү профессионал саясатчылар алышпайт. Жыгылганды кыргыздын мыкты жигиттери тебелебейт. Азыр Атамбаев тебелендиде калып жаткан президент болуп эсептелинет. Анын ырын ырдаган кошоматчы саясатчылар, мамлекеттик институттардын баардыгы кетип жалгыз калды. Атамбаевди жыгылган саясатчы десек болот. Мен жеке өзүм мындан ары Атамбаевге эч кандай талап койбойм деген чечим кабыл алгам. Талабы бар болгон болсо, Атамбаевге кошомат кылышып, премьер-министр, министр, депутат болгондор айта беришсин. Азыркы бийлик менен деле мамилем бар.
Мурун азыркыдан жакын мамиледе болчумун. Акыркы убактарда жолугушкан дагы жокмун. Жалпысынан байланышым да жок десем болот. Акырындан мамилебиз алыстап баратат. Президент менен жарандык коомдун өкүлдөрү жолукканыбызда сот реформасын жүргүзүүнү, ага жарандык коомдун өкүлдөрүн да кошууну суранганбыз. Бир жылдык мөөнөтү боюнча президент маанилүү реформаларды жасай албады. Такыр эле ийгилик болгон жок десек туура болбой калат. Кичине болсо дагы бир жылдыгында ийгиликтер
бар. Бийликтин жаратылышын өзгөртө албады деп так айта алам.

— Эки президенттин лидерлик, адамдык сапаты боюнча айырмасына анализ жүргүзбөйсүзбү?

— Атамбаев дайыма топтун, саясатчылардын алдында лидер болуп жүргөн адам. Ошол жол менен президент болуп келген. Жээнбеков дайыма мамлекеттик кызматта, башка лидерлердин көрсөтүүсү менен жүргөн, өз алдынча чечим кабыл албаган, өзүнүн ишин так аткарып, ошону менен кадыр-барк топтогон адам болуп саналат. Лидерлик көрсөткүчтөрү жагынан Атамбаев күчтүү. Иш стили боюнча айтсак, Атамбаев чечимди тез кабыл алган саясатчы. Анын мүнөзү ошондой. Жээнбековду чечимди создуктурган, чечимди кабыл алгандан корккон адам катары байкадым. Жеке адамгерчилик сапаты жагынан Жээнбеков сыйлай турган адам.

— Бүгүн Жээнбековду жакын туугандарын бийликке алып келип жатат деп айыптап жатышат. Ошол президенттин жакындары деген адамдар Атамбаевдин тушунда дагы бийликте жүрүшпөдү беле. Аларды бир гана Жээнбековдун кадрлары эмес, Атамбаев-Жээнбеков тандеминин кадрлары десек болобу?

— Президент Жээнбеков жөнүндө байкаган эки нерсемди айтып койгум келип жатат. Биринчиси, Атамбаев жана анын тегерегиндегилер айтып жатабы, факт түрүндө ошондой башкаруу кандайдыр бир деңгээлде жаралып келатат. Жээнбековдун жакындары, туугандары, кудалары мурда деле кызматта болгон. Жээнбеков Атамбаевдин жакын адамдарынын бири катарында болгондуктан, мурунку президент аларды
бийликтин кайсыл бир тепкичине кошуп койгон, өзү чоңойтуп даярдап койгон. Биз бул чындыкты дагы айтышыбыз керек. Ошол тепкичтеги адамдын амбициясы бар да, мындан ары дагы өсүшүм керек деп талап кылып жатат. Бул жагынан алганда бул өтө маанилүү деле эмес. Бирок, ошол адамдар коом тарабынан президентке көп сын айтылганга шарт түзүп коюп жатышат. Караколго агасынын күйөө баласы мэр болуп дайындалышы, Жалал-Абадга дагы бир кудасы мэр болгону, жээндеринин мамлекеттик кызматка баруу
талабы Жээнбековдун күнөөсү эмес. Аларды мурунку президент даярдап кеткен. Ошондуктан, азыркылар бир гана Жээнбековдун кадрлары эмес, Атамбаевдин дагы кадрлары болуп эсептелет. Булар Атамбаев-Жээнбеков өстүргөн кадрлар.

Маектешкен: Наралы Асанбаев

Булак: “Жаңы ордо”

1 ой-пикир

  • Ж.Равшан Атамбаев тебелендиде калды дегени туура эмес.Ал ОЗУ куноолуу,
    Кыргызстан учун Эмне иш кылып берди Атамбаев??
    Эч, эч нерсе,жалан ОЗУ учун иштеди, андыктан Ал жасаган иштери учун Эл алдында жооп бериш керек!!!Аны эмне себептен Эл аяш керек!!!!

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *