Равшан Жээнбеков, коомдук ишмер: “Райым Матраимов сотко берип, туура кадамга барды жана соттон утуп чыгышы мыйзамдуу”

-Равшан мырза, экс-президент Роза Отунбаева президент Жээнбековго кайрылып, Текебаев үчүн ырайым берүү тууралуу өтүнүчүн өлкө башчысы эмне себептен канааттандырган жок деп ойлойсуз?

– Мен ойлойм, бул жерде эки маселе бар. Биринчиси, саясый, экинчиси, юридикалык-процедуралык. Саясый жагын карап көрсөк, албетте, чечим кабыл алардан мурда президент, президенттик администрация бир топ анализдерди, прогноз, моделдөө жасайт. Жыйынтыгы кандай болот, сөзсүз түрдө ойлонулууга тийиш. Бул баардык эле бийликгин иши болуп эсептелет. Анан эми Текебаевдин маселесинде же жалпы эле саясый куугунтук менен түрмөдө отургандардын маселесинде азыр бийликтин абалы бир топ оор болуп турат. Оң чечим чыгарса да, тескери чыгарса да, абалы оор. Себеби, жазында абал бир топ курчуйт. Ал эми экинчи, юридикалык-процедуралык маселесинде – ырайым суралган учурда аны кароо убакытты талап кылат. Анткени, президенттин администрациясына кат берилгенден кийин профилдик бөлүм карап чыгып, алар башкы прокуратурага, андан соң ырайым ала турган кишиге «сиз макулсузбу?» деген таризде кат жиберишет. Ушунун баары болжол менен 2-3 айды талап кыла турчу маселе.

– Жаңы жылдан тарта кылмыш-жаза кодексинин ишке кириши менен гумандаштыруунун негизинде 460 адам абактан бошотула тургандыгы айтылган. Саясый куугунтук менен камалгандар алардын арасында болуп калышы ыктымалбы?

– Менимче, алар бул жеңилдетүүгө кирбейт. Анткени, алардын баары убагында мыйзамсыз саясый чечим менен оор кылмыштарга айыпталып соттолушкан. Алардын жеңил жол менен бошоп кетүү мүмкүнчүлүгү оор. Саясый куугунтук менен камалган саясатчылардын көбүнө биринчи кезекте сөзсүз түрдө саясый чечим кабыл алынышы керек. Экинчиси, юридикалык негиздер болушу зарыл. Бул маселелерге жаз алды менен сөзсүз түрдө кайрыла турган абал түзүлөт. Каалайбызбы-каалабайбызбы, жаз – азыркы болуп жаткан саясый окуялар бул маселелерге бийликти кайрылууга мажбур кылат. Андан башка деле азыркы жаңы кодекстер бир топ саясый иштерге, соттук иштерге жеңилдиктерди түздү. Мындан кийин адамдарды соттоо бир топ оор, кыйын болот. Анткени, гуманизация принциби кармалды.

– «Жазга жетпей Абылгазиев баштаган өкмөт кетет» деген прогноздор бар…

– 2019-жыл оор жыл болот. Бийлик үчүн өзгөчө оор жыл болот. Өкмөт сөзсүз кетет. Ишенимдүү түрдө айта алам. Бийлик кааласа да, каалабасада өкмөт кетет. Абал ошого алып келип такады. Азыр көрүп жатасыңар, 28 жылдын ичинде бир да кыш мындай активдүү болгон эмес. Кыш менен жай дайыма тынч өтөөр эле. Өткөн жылы жай да активдүү болду, азыр кыш да активдүү болуп жатат. А жаз кандай болот, бул башка маселе. Жаз мындан да курч болот. Бул саясый аба ырайына бай-ланышкан нерсе. Саясат курчуду, мамлекетге эркиндик пайда болду, саясый активдешүү аябагандай күч алды. Коом, массалык маалымат каражаттары, саясатчылар, дүйнө өзгөрдү. Ал эми бийлик алардын баарынын алдында турбасган, артында калып калды. Ошол себептен жазында бийликке аябагандай басым пайда болот. Тышкы саясаттан, экономикадан, саясатчылардан, сөз эркиндигинен, айтор, баардык тараптан басым болот. Эгерде бийлик ошонун баарын эске алып, азыркы жүрүп жаткан процесстердин алдына турганга аракет кылса, акыл-эси, потенциалы, көз карашы жете турган болсо жакшы, жетпей турган болсо бийликтин абалы оорлошот. Ал эми өкмөт ашып кетсе февраддын аягына жетпей отставкага кеткенге мажбур болот.

– Парламент да тарайбы, же мөөнөтүнүн аягына чейин иштейби?

– Жалпы саясый абал курчуп, экономика начарлагандан кийин, саясатчылар эркиндикке чыгып, коркуп жаткан саясатчылар баш көтөрүп, активдүү боло баштагандан кийин, дегеле, жалпы процесстер күзүндө парламентти таратып, жаңы шайлоого алып келет.

– Райым Матраимов өкмөттү соттон, эки инстанциядан тең утту. Эми өкмөт аны кайра мурунку ээлеген кызматына коюуга милдеттүүбү?

– Маселени юридикалык жактан карай турган болсок, Матраимовдун утушу туптуура болсо, ал адам мамлекет, укук коргоо органдары тарабынан эч кандай күнөөлөнбөсө, сотко бергенге толугу менен укугу бар. Райым Матраимов сотко берип, туура кадамга барды жана соттон утуп чыгышын мыйзамдуу деп эсептейм. Албетте, өкмөт сот чечимин аткарууга милдеттүү. А өзү ал кызматка барабы-барбайбы, ал башка маселе.

– Жазында саясый аба-ырайы кандай болот?

– Кыргызстанда азыр бир топ саясый күчтөр пайда болду. Бийлик өзүнчө саясый топ. «Ата Мекен» партиясы менен анын тегерегинде чогулгандар өзүнчө саясый топ. Экс-президент Роза Отунбаева болжолдуу түрдө ушул топко кирет. Жарандык коом жана эгемендүү саясатчылар өзүнчө бир топ. Улутчулдар өзүнчө, Атамбаев өзүнчө бир топ болуп, 5-6 күчтүү топ пайда болуп калды. Мынаушул топтордун көпчүлүгү жазында мурдагы президент Атамбаевге асылышат. Анткени, алардын таарынычтары бар. Текебаевдин, түрмөдө отурушкан саясатчылардын, мурдагы бийликтин тушунда ыдык көргөн саясатчылардын Атамбаевге катуу таарынычтары бар. Ушулардын баардыгы үчүн жазында бир мезгилде Атамбаевге чабуул коюуга шарт түзүлөт. Ал чабуул Кыргызстанда конфликтке алып келүү мүмкүнчүлүгү аябагандай жогору. Башында бийлик карап гана турат. Бирок, көзөмөлүнөн чыгарса, ошол процесстердин баары бийликке карай кайрылат. Анан бийлик жалгыз калып, Атамбаев, башка күчтөр дагы биригип кетип, бийликке чабуул жасашы мүмкүн. Кыскасы, жаз аябагандай курч, кызыктуу, ар кандай саясый окуяларга бай болот.

Динар Турдугулова

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *