Равшан Жээнбеков: “Турсунбековдун президенттикке бара албай калганы – анын саясатчы эмес экендигин көрсөтүп койду”

– Равшан мырза, парламенттин спикери Чыныбай Турсунбековдун адегенде президенттикке барам деп белсенип, анан кайра бул оюнан баш тартканын кандай баалайсыз?

– Өмүр бою президенттин тегерегинде ишкерлик кылган, саясый карьерасын бийликтин колдоосу менен жасаган саясатчы эч убакта бийликке каршы чыга албайт. Бул атам замандан бери келаткан чындык. Алар бийликке каршы чыга алат, бийлик мүмкүнчүлүк берген чекте гана. Ошол чекке чейин барышы мүмкүн, андан ары өтө албайт. Азыр тилекке каршы, биздин саясый аренабызда андай коммерциялык саясатчылар аябагандай көп. Алардын баары бийлик уруксат берген чекке чейин саясат жасап, бийлик уруксат берген чекке чейин аттарын атабастан туруп мамлекеттик түзүмдөрдү, өкмөттү сындай алышат. Эгер алардын кайсы бир чечими бийликке жакпай кала турган болсо, анда бийлик аларды бат эле токтотот. Эгер токтобой турган болсо, тез эле ордуларына алпарып коюп коюшат. Мына ушундай кишилер бүгүн саясаттын алдыңкы сабына чыгышты. Бул убактылуу нерсе. Анткени, саясат бир эле акчанын, коммерциянын күчү менен жасалбайт, кээ бир убактарда саясатчынын позициясына, эр жүрөктүүлүгүнө, өзүнүн көз карашын акырына чейин коргоп, бийлик менен күрөшө алгандыгына байланыштуу болот. Мисалы, эки жолку революцияны ала турган болсок, экөө тең бийликтин тегерегиндеги коммерциялык саясатчылардын эмес, бийликтен коркпогон, бийликке каршы тура алган саясатчылардын лидерлиги менен жасалган.

– Чыныбай мырзага «талапкерлигиңди койбойсуң, болбосо спикерликтен кетесиң» деген катуу талап коюлду деген да божомолдор айтылып жатат…

– Мен антип айтпас элем. Чыныбай мырза бизнесте дагы, саясатта дагы болуп көрбөгөндай карьера жасады. Бул биринчи кезекте өзүнүн эмгеги болсо (чынын айтыш керек, өзүнүн да эмгеги бар да), экинчи жагынан бийликтин эмгеги. Ага Акаев кандай мамиле кылганын мен жакшы билем. Бакиев да жакшы мамиле кылганын баары билишет. Бирок, баарынан жакшы мамилени Атамбаев жасады. Аны ишкерликтен саясатка алып келип, мамлекеттик башкаруунун туу чокусуна чыгарды. Чыныбай мырзанын ошондон кийин да КСДПга каршы чыгып, президенттикке барам дегени – коммерциялык саясатчылардын көз карашына, жаратылышына туура келбеген нерсе. Ал мына ушул жерден бир аз ката кетирип койду. Эч кандай соодалашуу болгон жок. Аны президент кааласа алып коёт, каалабаса калтырып коёт. Чыныбай мырзанын спикер катары президенттикке барганы албетте, демократия үчүн жакшы болмок деп айтаар элем. Бирок, бара албай калганы Турсунбековдун саясатчы эмес экенин, саясатта анын орду жоктугун көрсөтүп койду. Бирок, жалпы саясый талаага, президенттик шайлоого бул эч кандай таасирин тийгизбейт.

– Акыркы маалымат боюнча талапкерлердин саны 59га жетти окшойт. Бирок, саясый серепчилер таймаш негизинен үч талапкердин: Жээнбеков, Бабанов, Сариевдин ортосунда жүрөрүн болжоп жатышат.

– Эч кандай таймаш деле болбойт. Жогоруда сиз атаган кишилердин баары Атамбаевдин талапкерлери. Өмүрбек Бабановду өзү мактап отурат. Темир Сариев болсо анын кечээ күнкү премьер-министри. Бабанов да, Сариев да президентке карата бир каршы сөз айткан жок. Анан каяктагы таймаш жүрөт алардын ортосунда? Кимиси президент болорун Атамбаев тандайт дагы, ошону креслого алып келип отургузганга аракет болуп жатат.

– Сиз аябай кызык ойду айтып койдуңуз. Президент талапкер катары Жээнбековго токтолгонун билдирди го? Эгер сиз айткандай, эми үчөөнүн ичинен тандачу болсо, анда кандай болуп калат?

– Сооронбай Жээнбеков толугу менен президенттин талапкери деп мен айта албас элем. Анткени, аябагандай көп коркунучтар бар. Ооба, Жээнбеков президенттин ишенимдү кишиси, өмүр бою КСДП менен байланышып келген. Ал жанагы Россиядагы Медведевдин ролундай болуп жатат да. Бирок, бул бийликтин гана планы. Эгер ал план өзгөрүп кете турган болсо, Атамбаевдин жеке коопсуздугуна чоң коркунуч жаралат. Ошон үчүн ал эки талапкерди: Бабанов менен Сариевди атайылап коюп жиберип жаткандыр. Андыктан, ал саясатын өзгөртүп, экөөнүн бирөөн колдоп жиберүү мүмкүнчүлүгү аябагандай жогору. Алар да мунун талапкери. «Мен колдогон үчүн силер президент болдуңар, эми менин коопсуздугумду камсыз кылып бересиңер» деши мүмкүн. Атамбаев үчүн бул азыркы оор саясый абалдан чыгып кетүүнүн кандайдыр бир жолу болуп эсептелет.

– Эми жеке өзүңүзгө келсек, азыр эмне менен алек болуп жатасыз?

– Мен саясаттамын. Саясаттан эч кайда кеткен эмесмин, кетпейм дагы. Мамлекеттеги бардык маанилүү, актуалдуу маселелер боюнча көз карашымды айтып турам.Туура, адилеттүү дегең бардык саясый акцияларга катышып жатам жана катышам. ЖМКлар, социалдык түйүндөр аркылуу өз көз карашымды коомго таратуунун аракетиндемин.

– Талапкерлердин ичинен кимиси көңүлүңүзгө көбүрөөк ынайт? Кимисин колдойт элеңиз дегеним?

– Мен азырынча эч кимди колдоп, эч кимисине жардам берген жокмун. Бирок, менин көз карашыма төп келген, коомго көп өзгөрүүлөрдү алып келүүгө жөндөмдүү талапкерлер бар. Алардын аттарын атасам: биринчиси Камила Шаршекеева, экинчиси Рита Карасартова. Мен кыргыз президенти ушулардай болушун каалар элем. Албетте, алардын ресурстары, саясый келечеги чектелүү. Бирок, ошентсе да мен бул эки талапкерди кыргыз мамлекети, биздин келечегибиз үчүн жакшы талапкерлер деп эсептейм.

– Алардын ресурстары чектелүү дедиңиз. Бирок, экөөнүн тең мамлекетти башкаруудагы тажрыйбасы да жетишсиз эмеспи?

– Биздин бүгүнкү күндөгү проблемабыз мамлекетти башкаруу тажрыйбасында, мамлекеттик кызматтарда иштегендигинде эмес. Тескерисинче, ошол мамлекеттик кызматта иштеген, тажрыйбасы көп кишилер отуруп алып, эчтеке кылышкан жок. Бакиевдин отуз жылдык тажрыйбасы бар болчу. Акаевдин да жетекчи, депутат катары тажрыйбасы аябагандай чоң болчу. Бирок, алар Кыргызстанга эмне өзгөрүү алып келишти? Мен ойлойм, бүгүн Кыргызстанга көз карашы кенен, реформа жасай ала турган адамдар керек.

– Эгер ушундай көз караш менен карай турган болсок, сиз деле талапкерлигиңизди койсоңуз болмок экен.

– Мен амбициялуу адаммын. Амбициям аттын башындай, мен аны жашырбайм. Бирок, мен амбициямды башкара алам. Бүгүнкү реалдуу кырдаал менен менин амбициям бири-бирине карама-каршы келип калышты. Биринчиден, Кыргыстанда шайлоо кандай нукта кетерин бийлик чечет. Экинчиден, шайлоого аябагандай чоң акча керек. Менин анализим боюнча, отуз миллиондон элүү миллион долларга чейин. Мына ушул реалдуулук менин амбицияма аябай каршы келип туруп алды. Ошондуктан, амбициямды көзөмөлдөп, азыркы күндө өлкөбүзгө мага окшогон президент кереги жок деп чечтим. Кереги бар болсо да жанагы мен айткан реалдулуук күчтүү болуп турат. Ошон үчүн талапкерлигимди койгон жокмун.

Булак: “Азия Ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *