Равшан Жээнбеков: «Сооронбай Жээнбековго каршы мурунку премьер-министрлер, Жогорку Кеңештин мурунку төрагалары, министрлер, депутаттар, көрүнүктүү саясатчылардан турган радикалдуу оппозициялык топ түзүлүүдө»

“Күзүндө көп саясий процесстер башталса, уктап жаткан саясатчылар ойгонуп, Атамбаев менен биригип кетүү мүмкүнчүлүктөрү жогору”

— Эс алуу сезону башталганда эле күздө катуу тиреш болот экен деген кептер айтылып, кээ бирлери күздү күткөндөй эле болушкан. Күз да келди, саясатчымын дегендер өз чечимдерин чыгарып жатышса керек. Сиз да күзгү сезондогу саясий абалга бүтүм чыгарып жаткандырсыз? Саясатчы, саясий топтор менен кызуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатасызбы? Бизге кошул деп куда түшкөндөр барбы?

— Жеке менин чечимимде күздө чоң саясий процесстер, чыр-чатак деле болбойт. Бирок, чоң саясий активдешүүнүн башы башталат. Анын улануусу кийинки жазга кетет. Бизде негизги маселелер дайыма жазында болуп келген. Азыркы чындыкты айтсак, бийликке үмүт артып жаткан саясатчылардын көпчүлүгүнүн үмүтү өчө баштады. Коомдо мурункуга караганда өзгөрүүлөр болуп жатканын да айтышыбыз керек. Бирок, мындан да маанилүү, чоң өзгөрүүлөр болобу дегендерде дагы “чоң өзгөрүүлөр болбойт окшойт” деген бүтүмгө келишип, үмүтүн үзө баштаганы да чындык. Ушул нерселер да саясатты бир топ активдештирип, процесстердин башаты болот. Бул процесстер мамлекет үчүн жакшы түшүм берет деп ойлойм. Саясий атаандаштыкты күчөтөт, жаңы өзгөрүүлөргө түрткү болот, бийлик менен коомдун, бийлик менен саясатчылардын ортосунда жаңы байланыштар пайда болот. Ал эми жалпы саясатчыларды ала турган болсок, алар кызматка барышты гана ойлойт. Кызматка барган учурда дагы өздөрү айтып жүргөн маселелерди ишке ашырууга аракет кылышы керек. Бирок, көп учурда саясий элита кызматка баргандан соң мурунку принциптерди, программаларды, көз карашты унутат да, бийлик менен сиңишип, бийликтин айтканынан чыкпай калат. Азыр менин көз карашымда үч саясий топ параллелдүү иш алып барууда. Биринчиси, Атамбаев жана анын тегерегиндегилер. Алар бийликке каршы радикалдуу саясатчылар.

— Бүгүнкү президент Жээнбековду Атамбаев өзү алып келип, эми кайрадан алып түшөм деген кадамын эл туура көрбөсө керек?

— Туура, бирок саясатчыларда амбиция менен каалоо гана бар экенин унутпашыбыз зарыл. Өзгөчө Атамбаев менен анын тегерегиндегилерде жаңы бийликке карата күчтүү өч алуу сезими орноп калганын баарыбыз билебиз. Булар кандай болбосун Жээнбековду алып түшүүгө аракетин көрүшү толук мүмкүн. Анын себебин деле айтыштын кереги жок, баары түшүнүктүү эмеспи. Азыр экинчи топ дагы пайда болууда. Алар дагы бул бийликке жеткиликтүү деңгээлде күчтүү радикалдуу болобуз дегендер. Бул топто мурунку премьер-министрлер, Жогорку Кеңештин мурунку төрагалары, министрлер, депутаттар, көрүнүктүү саясатчылар бар. Бул эки топтон башка үчүнчү топ дагы иштеп жатат. Алар президент жана анын тегереги туура эмес иш кылса туура эмес деп айткан, дурус иштери болсо дурусун дагы айткан топ. Мен өзүмдү үчүнчү топтомун деп айта алам. Булар радикалдуу кадамды тандабастан, системдүү реформаларды колдогон адамдар. Ушул үч топ күздөн баштап активдешип, иштерин күчөтөт.

— Радикалдуу кадамды туура деп эсептеген Атамбаев башында турган топ ишенген адамдары камалып жабыр тартып жаткан болуп көрүнгүсү келет. Аларда каржы ресурсу бар экени анык. Бирок, элдин ишениминен кеткендер адам ресурсуна ээ болуп, чоң күчкө ээ боло алабы?

— Көп нерсе бийликтин кадамдарына байланыштуу болот. Бизге баш ийбеген дагы саясий процесстер башталып жатат. Тышкы күчтөрдүн басымы, экономиканын таасири, бийликтин кетирген каталары менен түрдүү процесстер башталды. Эгерде бийлик туура кадамдарды жасай турган болсо, азыр чыгып жаткан саясий күчтөрдүн көпчүлүгүнүн жаман ойлору, радикалдуу кадамдары болсо дагы ишке ашпайт. Бийликтин экономика тармагында каталары көбөйсө, телефонго 100 сом кошобуз, таза сууга тарифти көбөйтөбүз деген сыяктуу идеялары коомду бийликке каршы коёт. Мындан тышкары түндүк-түштүк маселеси да катуу курчуп баратат. Бийлик кадр саясатында, тышкы мамиледе катачылыктарга жол берсе, Атамбаев баштаган топ гана эмес, күчтүү саясатчылар дагы олуттуу суроолорду беришет.

— Деген менен эл дагы кимдин-ким экенин көрүп турбайбы. Атамбаевдин тобундагы лөктөр деп эсептелген, элдин эсебинен байлык топтогону ачык айтылып жаткан Сапар Исаков, Албек Ибраимовдорду кантип калкка ак деп актаныша алат?

— Коомчулук алардын артынан ээрчибей турганы бышык. Дүйнөдө бир дагы шаардын мэри өзүнүкү болсо дагы, болбосо да Албек Ибраимовго окшоп 30–40 гектарлаган жерде жашабайт. Ал деген мыйзамсыз болуп эсептелет. Бул тарабынан алганда аларды ээрчип эл чыкпайт деген туура. Сөз да болушу мүмкүн эмес.

— Ошол жерлер Албек Ибраимовго катталганы эле болбосо, чыныгы ээси Алмазбек Атамбаев деген сөз да коомчулукта айтылып жатпайбы? Кой-Таштагы үй салган жерди сатты кылып койгондой кылып коймок деген сөздөр болууда…

— Эгер ошол жерлер Атамбаевдики боло турган болсо бийликтин колунда атайын кызмат, прокуратура турат, укканга, аңдыганга мүмкүнчүлүгү бар. Ошонун баарын далилдеп элге көрсөтүшү зарыл. Далилдей албаса, Атамбаевге бийлик тараптан эч кандай күнөө коюлбаса, биз дагы Атамбаевдин күнөөсү жок экен деп айтышыбыз керек. Каалайбызбы, каалабайбызбы ошондой ойго келебиз. Мыйзам боюнча дагы ошондой. Азыркы күндө бийлик тараптан жеке Атамбаевге юридикалык жактан бир дагы күнөө коюлган жок.

— Коомдо бир эле Бишкек ТЭЦтен жеке Атамбаев 100 млн АКШ долларын алган экен деп айтылып жүрөт. Эгер ошол айтылган сөз далилденсе Атамбаевди камаганга президент Жээнбековдун духу жетеби?- деген маселе дагы курч темага айланып баратпайбы?

— Ушак түрүндө Атамбаев жана командасы Бишкек ТЭЦтен 100–150 млн доллар, түндүк-түштүк жолунан 200–300 млн доллар, Датка-Кеминден 100–200 млн доллар, Тарых музейинен, ипподромдун тегерегинен жеп койду деп айтылып жүрөт. Мунун баарын бийлик юридикалык жактан далилдеп, чыныгы күнөөлүү адамдарды алып чыгууга милдеттүү. Бул иштер боюнча күнөөсүз адамдар дагы камалып калышы мүмкүн. Чыныгы күнөөлүү адам президент Атамбаев болсо, анда элге Атамбаев өзү башында турган, күнөөлүү ушул деп айтышы шарт. Азыркы күнгө чейин эч нерсе деп айта элек. Атамбаевдин бийликтен кеткенине бир жылга жакындап калды. Ушул аралыкта жаңы бийлик тараптан ага каршы бир дагы күнөө коюлган жок. Шылтоосу иммунитети бар, мурунку президент болууда. Бул болбогон эле шылтоо. Атамбаевди далилдүү күнөөлөй ала турган болсо, аны бир дагы мыйзам, шылтоо болуп жаткан иммунитет сактай албайт. Бүгүн бийлик тарап далилдүү күнөө коё албаган соң, жакынкы аралыкта Атамбаев реабилитация болуп, кайрадан саясатка толугу менен аралашканга моралдык укукка ээ болот.

— Атамбаев өзүнүн саясий атаандаштарынын көбүн каматып салбадыбы. Камалгандарды юридикалык жактан кармаганга далилдер жок экени ачыкталган. Ошол саясий туткундарды азаттыкка чыгарууга Сооронбай Жээнбековдун эмне үчүн саясий эрки жетпей жатат?

— Атамбаев учурунда камалган саясатчылар саясий мотив менен камалышкан. Биринчиси, өч алуу максатында. Экинчиси, коомго баш көтөрсөңөр ушундай болуп камаласыңар деп коңгуроо каккан. Саясий туткундардын ишинин каралбай жатышынан, же болбосо соттон акталбай жатышынан – Сооронбай Жээнбеков Атамбаевдин ушул багыттагы иштерин туура деп чечти деген жыйынтык чыгарсак болот. Жакынкы убактарда президентке Атамбаевдин мыйзамсыз иштерин улантып жатасызбы?- деген суроолор коюлат.

— Атамбаев азыркы кыйын күндөрдү жеңип, өзүн реабилитация кылып алса, президент Жээнбековдун өзүнө кыйын болуп, бүгүнкү саясий салмагынан ажырап, алгачкы жеңилүүсүн моюндайбы?

— Айтылып жаткан ушунча сөздөрдөн кийин да Атамбаевге юридикалык жактан далилденген күнөө коюлбаса, анда адамдар “Бул бийлик элге ачык айтпай жашырып жатат же болбосо өздөрү да аралашкан турбайбы” деген ойго жетеленет. Экинчи жагынан бийлик андай кадамга баруудан коркуп жаткандай. Бийлик коркуп олтура берсе, берки тарап активдешип, ишин илгерилете берет. Күзүндө көп саясий процесстер башталса, саясатка уктап жаткан саясатчылар, саясий топтор дагы аралашат, баары ачыкка чыгат. Келечекте Атамбаев менен биригип кетүү мүмкүнчүлүктөрү да жогору.

— Атамбаевде өч алуу гана максат бар дедик. Ал киши бийликте турганда анын саясатына каршы турган сиз сыяктуу саясатчылар бар да. Азыркы президентке оппозиция болчулардын көбү деле Атамбаевге оппозиция болуп, көз караштары башка болуп келген. Ошол адамдар бүгүн Атамбаевдин Жээнбековду кетирүү идеясын колдоп, биригүүгө макул болушу арсар го?

— Ар бир саясатчынын коомго ачык айткан көз карашынан сырткары коомго айтпаган, ичте кармаган көз карашы бар. Баары эле “Биз демократияны жактайбыз” деп айтканы менен, өздөрү диктаторлор. Реформаларды каалайбыз дегендер бийликке келгенден кийин авторитардык бийлик менен сиңишип эле иштеп кетет. Ушул сыяктуу ар кайсыл саясатчы өзүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн берки топко барып кошулуу мүмкүнчүлүгү күндөн-күнгө өсө берет. 20 жылдан бери активдүү саясатта жүрсөм, анын 14 жылын оппозицияда өткөрүп, бир нерсени түшүндүм. Өткөн убактагы душмандар менен саясатта биригип калуу аябай жеңил экен. Мен Бакиевге активдүү түрдө каршы чыккан саясатчы болсом, Бакиевдин тегерегинде жүргөн адамдар менен чогуу Атамбаевге каршы иштедим. Бул таң калыштуу нерсе. Эртең эле Атамбаев менен ага каршы чыккан саясатчылардын кызыкчылык максаттары бир жерден дал келип биригип кете берет. Бирикпейт деп эч ким айта албайт. Малайзиянын азыркы бийлик жетекчиси Махатхир Мохамад өткөн кылымдын токсонунчу жылдары премьер-министр кезинде Анвар Ибрагимди эң оор, уят берене менен түрмөгө каматып, көп жыл абакта кармады. Өткөн жылы экөө саясатта биригип, оппозициялык күчкө айланып, өкмөттү кетирип, бири премьер-министр, экинчиси вице-премьер-министр болду. Саясат деген ушундай нерсе. Кызыкчылык бат эле бириктирет.

— Сиз да кызыкчылык үчүн деп мамлекет үчүн бир дагы жакшы жыйынтык алып келе албаган адам менен биригүүгө кете бересизби?

— Менин Атамбаев менен эч кандай байланышым жок. Келечектеги пландарыма дагы ал нерсе кирген эмес. Биз системдүү реформаны жактаган топ болобуз. Президент Жээнбеков сот, билим берүү, укук коргоо, медицина тармагына реформаларды баштаса, биз аны колдоп чыгабыз. Бул реформалар жакынкы убактарда башталбай турган болсо, биз президент Жээнбековдун каталарын, терс жактарын сөзсүз түрдө ачык айтабыз.

“Абулгазиевдин алсыздыгы президенттин ишмердүүлүгүнө көлөкөсүн түшүрүп, кадыр-баркына доо кетирип жатканы шексиз”

— Биз жакшы президентти тандайбыз деп атып тас кейпин кийип калып атабыз. Акаевди жаман деп Бакиевди, Бакиевди жаман деп Атамбаевди алып келдик эле, азыр аны мокочодой эле көрүп жатабыз. Аз күндөн кийин Жээнбековду сындап, аны да жаман дегендер чыгат. Бул президентти да жаман деп кетирип, андан өткөн жаман адамды алып келип албайбызбы?

— Мен да ушул маселе боюнча көп ойлоном. Биз президент катарында Сооронбай Жээнбековду сакташыбыз керек. Ал кишиде жакшы сапаттар бар экенин айта билели да. Мисалы, кек сактабагандыгы, айкөлдүк мүнөзү бар. Анын саясий толеранттуулугу, өзүнүн каршылаш топтору болсо алар менен кызматташууга бара алгандыгы.

— Анда эмне үчүн башынан бери каршы болуп келаткан Адахан Мадумаров менен кызматташууга бара албай жатат?

— Жээнбеков эгер ошол кадам зарыл деп эсептей турган болсо ага деле бара алат. Буга далил катары Жээнбековго каршы чыгып жүргөн бир топ граждандык коомдун өкүлдөрү, саясатчылар менен жолукканын айтсак болот. Бул маанилүү көрсөткүчтөрдүн бири. Аны менен кошо кемчиликтери да бар. Бүгүнкү күнгө чейин президент өзү айтып жаткан маанилүү делген сот реформасын баштаган жок. Өзү укук коргоо органдары коррупциялашкан деп айтты. Андай болсо азыр Абдил Сегизбаев менен Индира Жолдубаевалар эмне үчүн жыргап эс алып жүрүшөт? Азыр реформаларды баштап жиберсе Жээнбековдун жакшы президент болуп калуу мүмкүнчүлүгү жогору. Сооронбай Жээнбековго жакынкы убактарда күчтүү оппозиция пайда болот. Мен буга толук ишенем. Ага көп фундаменталдуу себептер бар. Президент Жээнбековго катуу басым жасап, эл көчөгө чыгып кете турган болсо, анын ордуна башка бир “акмакты” алып келип тыга коюу сырткы күчтөрдүн кызыкчылыгына төп келет. Ошондуктан, президент азыркы күндөгүдөй айкөлдүгү бар болуп тура турган болсо, биз аны колдоп, мөөнөтүнүн аягына чейин олтурганга шарт түзүп беришибиз керек.

— Жээнбеков кадр тандоодо катачылыкка жол берүүдө деп кемчилиги айтылууда. Маселен, Бишкек, Ош шаарларына татыктуу кадрларды тандай алган жок, Ысык-Көл облусуна губернатор кылып өзүнүн мурунку жардамчысын жөнөттү деген сындар чыкты. Президенттин аксап жатканы чын эле кадр тандоодо болуп жатабы?

— Президенттин азыркы күндөгү элди бир аз нааразы кылып жаткан, өзгөчө саясатта жүргөн адамдарда нааразычылык кадр саясатында болуп жатат. Менин көз карашымда 3–4 маанилүү кадрларда ката кетирип алды. Коомдун талабын түшүнбөстөн ошондой кадрларга басым жасаганы кемчилик. Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерин, Өкмөт башчыны, Өкмөттүн жалпы түзүлүшүн тандоодо катачылык кетти. Өкмөткө энергияны, жаңы көз карашты, жулкунуп тургандарды киргизе алган жок. Уктап жаткан Өкмөттү түзүп койду. Биз каалайбызбы, каалабайбызбы Өкмөттү президент түзөт. Парламент өз алдынча Өкмөттү түзө албайт. Ушул каталарды оңдой турган болсо, президентке бир топ ийгиликтер келе баштайт.

— Өкмөт башчы М. Абулгазиевдин ишти тартып кете албай, мажирөө болуп жатканы да президенттин ишмердүүлүгүнө көлөкө түшүрүүдөбү?

— Сөзсүз да. Кыргызстанда Өкмөт президенттин “бала-чакасы”, парламент президенттин кол алдындагы уюм. Ким президент болуп келбесин коом өзүбүз баарын өткөрүп берип, каалаганыңы кыла бер деп тапшырып коёбуз. Азыр дагы Өкмөттүн алсыздыгы түз жана кыйыр түрдө президенттин ишмердүүлүгүнө терс көлөкөсүн түшүрүп, кадыр-баркына доо кетирип жатканы шексиз.

— Бул Өкмөт дагы көпкө жашай албайбы?

— Азыркы Өкмөт президентке пайдалуу болгону менен коомдун өнүгүшүнө эч кандай салым кошо албайт. Чыныгы идея менен айта турган болсок, бул Өкмөттүн келечеги жок. Бирок, баардык президенттер Өкмөт айтканынан чыкпаган, алсыз болушун жакшы көрөт. Бул багытта азыркылар президенттин кызыкчылыгына жооп берип жатат. Ушул тараптан алганда Өкмөттүн өмүрү узун болот. Бүгүнкү күндө коомдун, маалымат каражаттарынын талабы бийликке караганда бир топ алдыга жылып кетти. Жакынкы күндөрү бийликке коом тарабынан басым күчөйт. Ошол басым менен бул Өкмөттү алмаштыруу мүмкүнчүлүгү жогору болот. Жаңы Өкмөттү түзүү жакынкы убактарда президенттин алдындагы негизги маселелердин бири болуп туруп калышы мүмкүн.

— Оппозиция талаптарын айтып чыккан кезде, президент күтүүсүз эле чакыруу жасап, “Бул Өкмөттү таратам, кимиңер премьер-министр боло аласыңар?” десе, ким болорун айта аласыңарбы?

— Саясатчылар бири-бирин колдобойт, артка тартат. Алардын жаратылышы ошондой. Эгер президент Өкмөт башчылыкка чакыра турган болсо көптөгөн саясатчылар барганга даяр. Мен өзүм дагы барганга даярмын. Муну жашырбай айтып келе жатам. Билем, мага премьер-министрликти бербейт.

— Бийлик тараптан жеке өзүңүзгө иштешебиз деген сунуштар барбы?

— Жалпысынан сүйлөшүүлөр бар. Мен айтып жаткан сунуштар ишке аша турган болсо президент Жээнбеков менен иштешүүгө даяр экеними айтып жатам.

— Сизди президент кызматка чакырганын неге жашырып жатасыз?

— Азырынча так кызматка чакыруу болгон жок. Чогуу иштешүү боюнча талкуулар болгону чындык.

“Кыргызстанда Түркиянын активдүү болуп баратканы орустарга жакпайт, бул Россия менен Кыргызстандын мамилесине терс таасирин тийгизиши толук мүмкүн”

— Дүйнөлүк Көчмөндөр оюнуна 4 президент келди. Айрыкча түрк президенти Эрдогандын келгенине аябай эле сүйүндүк. Эрдогандын бизге жасаган иш сапарынын алкагында Кыргызстан келечекте ийгилик жаратчу маселени чече алдыкпы?

— Элчи болуп иштеген, дипломатияны түшүнгөн адам болгон соң ар бир мамлекетти өз-өзүнчө айтсам туура болсо керек. Түркия бизге жеткиликтүү деңгээлде колдоо көрсөтө ала турган мамлекет. Бул тарых, азыркы күн менен далилденип жаткан маселе. Түркиянын каражат, ишкерлик, тышкы маселедеги колдоосу бир топ эле жакшы болуп келген. Бул мамиле Атамбаевдин учурунда бузулуп калды. Ошол себептен көп маселелер токтоп калган. Бизге инвестиция маанилүү да. Түрктөр бул жагынан чоң колдоо көрсөтө аларына толугу менен ишене алам. Бирок, ар бир мамлекеттин өзүнүн кызыкчылыгы бар экенин унутпашыбыз керек. Эрдоган бизди жакшы көрүп келгени менен өзүнүн улуттук кызыкчылыгын экинчи орунга чыгарып койгон жок. Алар бизге “Себат” (Азыркы “Сапат”) мектептеринин структурасын өзгөртүшүбүз керектигин же жаап салууну буга чейин ачык эле айткан. Бул маселе Эрдогандын иш сапарында кандай чечилгени эмнегедир аягына чейин айтылбай калды. Маалымат каражаттары аркылуу бул маселени чечтик, экинчи бул маселе турбашы керек деп айтышты. Деталдуу түрдө кандай болуп чечилгени тууралуу бийлик коомго маалымат бериши керек.

— Эрдоган “Доллардан баш тартып, түрк лирасы менен соода жүргүзгөнгө өткүлө” деп айтканы биздин ички саясатка аралашканы, басым жасап жатканы эмеспи?

— Бул өзүнүн кызыкчылыгын жылдыруунун бири дал ушул болуп эсептелет. Биздин негизги соода өнөктөштөрүбүз Кытай, Россия, Казакстан, Түркия болуп эсептелет да. Биз Кытай жана башка өлкөлөр менен сооданы доллар менен кылууга мажбурбуз. Азыр Түркия доллардан кетүүгө аракет кылып жатышат. Менин оюмча алар деле доллардан кете алышпайт. Президенттердин каалоосунан тышкары реалдуу экономика деген бар. Андан кетүү аябай оор. Эрдоган лира менен соода кылганга өткүлө деп өзүнүн кызыкчылыгын ойлоп жатат. Биз ага бара албайбыз деген ойдомун.

— Экинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр оюну Түркияда өтөт деген маалымат чыгып, алар менен биздин алака салкындагандан кийин түрктөр оюнду өткөзүүнү албай койгону айтылып жүрөт. Төртүнчү оюндарды өткөзүүнү түрктөр расмий түрдө алышты. Эрдоган кандай максат менен бул жакка келсе, анын баары ойдогудай чечилген соң, оюнду өткөзүүнүн эстафетасын алган жокпу?

— Түркиянын элчиси “Биздин эки тараптуу байланыштарыбыз, каражат маселелери Кыргызстандагы “Себат” мектептерине байланышкан” деп айтып келген. Андай болгон соң ошол маселе чечилсе керек. Көчмөндөр оюндары Түркияга берилиши да ушул маселе чечилгенден кийин айтылды окшойт деп айтууга болот.

— Азыр түрк тилдүү жана Ислам динин тутунган өлкөлөрдө Эрдогандын таасири күч. Европа биримдигинде көрүнүктүү өлкөлөрүнүн бири Венгриянын премьер-министри Орбандын келиши тышкы байланышыбызга жаңы импульсту бере алабы?

— Ошондой болот деп айтсак болот. Бирок, Эрдогандын дүйнөлүк аренадагы салмагы эки тараптуу. Түрк тилдүү жана Ислам дини кеңири тараган өлкөлөрдө Эрдоган күчтүү лидер катары эсептелсе, анын саясатын Европа өлкөлөрү, АКШ, батыштын саясатчылары колдобойт. Ал жакта анын салмагы жок. Венгриянын премьер-министри Орбандын дагы Батыштагы орду күмөндүү. Венгрия биздин Европа менен алака түзүшүбүзгө чоң салым кошо албайт. Экономикалык жактан дагы бул өлкө бизге буга чейин да чоң жардам бере алган эмес, мындан кийин да бериши арсар.

— Түрк кеңешинде көтөрүлгөн маселелерге Россия жакшы маселе козгодуңар, биз да силерди колдойбуз деп алакан чаап олтурбаса керек. Кремль да өз кызыкчылыгына жараша реакция жасайбы?

— Менин оюмча Кремлди ойлонто турган 2–3 маселе пайда болду. Россия Кыргызстанда өзүнүн негизги мамлекет экенин жоготкусу келбеген өлкө. Биринчиси, Кыргызстанда Түркиянын активдешиши орустарга жакпайт. Өзгөчө билим тармагындагы аракеттери. Экинчиси, бизде араб дүйнөсү же исламдын активдүү болуп баратканы. Үчүнчүсү, Жээнбековдун “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу биз үчүн өтө маанилүү, темир жолду курушубуз керек” деп айтышы да орустарды коркута турган маселе. Ушул маселелер Россия менен Кыргызстандын мамилесине терс таасирин тийгизиши толук мүмкүн.

Маектешкен Наралы Асанбаев

Булак: “Жаңы ордо”

1 ой-пикир

  • кыргыз жигит says:

    Озун дипломат кылып алганына кантесин? оп баракелде Равшан. Жомогунду жакшы айтыпсын анализи жок, саясий талдоо деген жок экен го эээххх чиркин…

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *