“Реал Мадрид” клубунун мурдагы машыктыруучусу Зинедин Зидан кайрадан “Эң мыкты машыктыруучу” деп табылды

Эл аралык футбол тарыхы жана статистикасы боюнча федерация (IFFHS) 2018-жылдагы футбол боюнча мыкты клубдук машыктыруучулардын тизмесин жарыялады. Бул тууралуу “Sports” сайты жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, сурамжылоонун жыйынтыгында “Реал Мадрид” клубунун мурдагы башкы машыктыруучусу Зинедин Зидан эң мыкты машыктыруучу деп табылган.

Зидан сурамжылоодон 296 упай топтогон. Ал эми добуш берүүгө жалпы 90 өлкөдөн адистер катышкан.

Эскерте кетсек, франциялык машыктыруучу Зинедин Зидан 2016-жылдын 4-январында испаниялык  “Реал” футбол клубунун башкы машыктыруучусу болуп дайындалган. Анын жетекчилиги астында бул команда Чемпиондор лигасын, эки жолу UEFAнын “Суперкубогун” жана Испаниянын “Суперкубогун” жеңип алган.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *