Ренат Самудинов, жаш саясатчы: “Шайлоодогу чыңалуудан радикалдык ислам ж. б. тышкы күчтөр колдонуп кетиши мүмкүн”

«Жаш келсе ишке, кары келсе ашка» деген кеп бар. Бирок кээде иштейм деген, идеяларга бай, эски системаны өзгөрткүсү келген мындай курч жаштардын белгилүү партиялардан кетирилиши кейиштүү көрүнүш.

– Ренат мырза, праймериз системасы деп алып чыктың. Бул системаны демилгелегениң КСДПдан кетишиңе себеп болдубу?

– Кыргызстанда мамлекеттик башкарууга, президенттик ишмердикке көбүнчө мамлекет жетекчилерине жаккандар гана келет. Биз праймериз системасы аркылуу күчтүүлөрдү, каймактарды тандап келүү системасын сунуштадык. Праймеризде мыктылардын мыктылары тандалат. Бир райондон бир орунга эки талапкер чыгып жатса, ошонун мыктысы гана тандалат. Президенттикке бир партиядан беш-алты киши чыгып жатса, анын эң мыктысы тандалып чыгат. Себеп дегенде, ал жалпы эл добуш берердин алдында КСДПдан Сагынбек Абдрахманов, Чыныбай Турсунбеков, Сооронбай Жээнбеков болуп бир партиядан чыгышты . Ошондо биз праймериз системасын колдонууну чечтик. Азыр КСДПнын 38 депутатынын көпчүлүгү балыктар, ою жок, мындайча айтканда, чабал депутаттар. Мындай көрүнүш кайталана бербесиндеп бул системаны сунуштадык. Бирок муну туура эмес көрүп, четке кагышты. Ошону менен ырбап кетти. Акыры партиядан алып тынышты. Буга чейин деле көп нерсени сунуштап келгенбиз. Депутаттарды квартал сайын отчетун берсин деп жатабыз. Шайлоого депутат болуп келишет. Ошол бойдон шайлоо алдындагы элге берген убадалары ишке ашып жатабы, ашпай жатабы эч ким билбейт. Ошого карата канчалык деңгээлде убадаларың ишке ашып жатат, баары айтылышы керек эле. Буга чейинки беш жылда ички процедураларды кармануу менен сунуш-пикирлерди ич ара айтып келгем. Бирок соңку кезде айткан сайын улам ары четтетип, такыр эле өгөй балага мамиле жасагандай кылышты. Эми болсо коомчулукка алып чыгууга аргасыз болдум.

– Коомдо болгон окуяларга ачык сын айткан жарандык активист Мавлян Аскарбековго иш козголду. Бул дагы КСДПнын куугунтугубу?

– Мавляндын мамлекеттик түзүлүштү өзгөртүү, күч менен алуу боюнча чакырыктарын уккан эмесмин. Андай чакыруу боюнча убагында эле реакция жасашмак. Канча бир убакыт өткөндөн кийин ушундай окуя болгон турбайбы деп иш козгогондору бир шылтоо го. М.Аскарбеков акыркы убактарда ачуу сөздөрдү айтып жүрөт. Бул бийликтин куугунтугу деп эсептейм.

– Бизде саясый институтка айлана турган бир дагы такшалган күчтүү партия жок деген пикириңди билдирдиң…

– Ооба, бизде саясый институтка айлана турган, таалим ала турган бир дагы күчтүү партия жок. Мамлекет кандай өнүгүшү керек? Так өнүгүү программаларын иштеп чыгуу керек. Партиялардын так программалары болуш керек. Экинчиден, кадрларды даярдоо, ошол программаны ишке ашыруу. Ошол программаларга, багытка арналып коомдук пикир жаратылат. Азыр мисалы, бир дагы партиянын жарк эткен, адамды ыраазы кылган так программасы жок. Программалар жок болсо, коомдук пикирлер жаратылбайт. Шайлоо келгенде эле ар кайсы идеологиялык принциптер менен иштеп киришет да шайлоого аттанып барышат. Ошонун негизинде фракция чабал болот. Фракция чабал болгондуктан парламент чабал болуп жатат. Аягында мамлекеттик башкаруу начар, чабал болуп жатат. Ар бир партия коомдогу маанилүү маселелерге өз позицияларын билдирип туруулары керек. Партиянын, парламенттин ичинде «сен муну сүйлөп койдуң» деп интрига болушпай, программалык көз караштардын конкуренциясы, атаандашы болуп, ошону менен мамлекетти кантип өнүктүрүш керек деп ар бир фракция өз программалары менен атаандашып, программалык сапат жакшы болмок. Программалык негизде конкуренция болмок. Ошого алып баралы деп өз аракетибизди жумшадык. Акырында партиядан чыгарып тынышты.

– Президенттик шайлоого карата чыңалып бараткан абалга кайдыгер болбосоң керек…

– Эки жээк болуп турат. Убактылуу өкмөттүн Темир Сариев менен бололу деген ниети бар экен. Түштүктөгү төртилтик командасы дагы Сариев менен сүйлөшүп жатат. Бул эмнени билдирет? Оппозицияда калгандардын баары бир идеялаш болуп жатат. КСДП бир тарап болуп жатат. Таза шайлоо өтпөсө, күч колдонуу менен шайлоо өтсө, КСДПга тиешеси жок күчтөрдүн баары биригип, ошондо абал оорлоп, чыңалышы мүмкүн. Мамлекет ошону түшүнүп, мындай абалга жол бербеш керек. Бул чыңалуудан радикалдык ислам ж.б. тышкы күчтөр колдонуп кетиши мүмкүн. Өзүбүз чабал болуп турганда буга абдан маани бериш керек.

– Өзүңдүн мындан аркы пландарың кандай? Жетилип калган саясатчы катары элге кандай кызмат көрсөтөсүң?

– Жаш активисттер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатам. Алар менен кыймыл түзүп, программаларыбызды иштеп чыгабыз. Шайлоонун таза өтүшүнө аракет жумшайбыз. Коопсуздук маселеси да болот. Булардын алдын алып, таза шайлоо болуп, чыңалбай тынч күндөрдү өткөрүүгө салым кошобуз.

Булак: “Азия Ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *