“Республика-Ата-Журт” фракциясы жаңы өкмөттүн ант берүү аземине катышпай койду

Бүгүн, 7-сентябрда КР Жогорку Кеңешинде Сапар Исаков жетектеген жаңы кыргыз өкмөтүнүн ант берүү аземи болуп өттү. Аземге Алмаз Атамбаев да келип катышты.  Бирок «Республика — Ата Журт» фракциясы демонстративдүү түрдө жаңы өкмөт мүчөлөрү жана премьер-министр Сапар Исаковдун ант берүү аземине катышкан жок. Бул аракеттер менен алар министрлер кабинетинин жетекчисине каршы экендигин көрсөтүштү.

Азем пленардык отурум учурунда болду. Жогорку Кеңештин ишинин башында бардык фракциянын депутаттары отурушту, бир гана «Республика — Ата- Журт» фракциясынын депутаттары гана катышкан жок.

Эске салсак, парламент жаңы өкмөт курамына добуш берип жатканда да фракция өкүлдөру жана лидери Өмүрбек Бабанов өздөрүнүн наарызчылыктарын билдирип, добуш берүүгө келгенде эч көңүл бөлбөй, кнопкаларды баспай коюшкан, айрымдары демонстративдүү түрдө залдан чыгып кетишкен.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *