“Республика – Ата-Журт” фракциясында ички төңкөрүш болуп, лидери алмашты

Бүгүн, 3-апрелде КР Жогорку Кеңешинин “Республика-Ата-Журт” фракциясы чукул жыйын өткөрүп, өзүнүн мындан 4 ай эле мурун шайланган жаңы лидери Руслан Казакбаевди жетекчиликтен кетирип, ордуна Жыргалбек Турускуловду шайлашты.

Бирок маселе кечээ эле чечилип, фракциядагы 28 депутаттын 22си партиянын негиздөөчүсү Өмүрбек Бабановдун досу, оң колу Руслан Казакбаевдин ордуна Жыргалбек Турускуловдун шайлануусуна макул болуп, колдорун коюп беришкен экен. Бүгүнкү жыйын ошол чечимди формалдуу түрдө гана бекитип бериптир.

Руслан Казакбаевди Мирлан Жээнчороев, Кенжебек Бокоев, Алтынай Өмүрбекова сыяктуу 5 депутат гана колдоп, калган 22си Жыргалбек Турускуловго ооп кетишиптир. Бирок бул оюн көп кадамдуу комбинациянын биринчи эле кадамы болгондуктан муну уюштургандар акыркы президенттик шайлоодо өзүнүн талапкери Бабановго 600 миңден ашык добуш жыйнай алган партияны ээлеп калуу максатын көздөшүүдө. Анткени партия лидери Өмүрбек Бабанов сыртта качып жүрөт, анын ишенимдүү өкүлү Руслан Казакбаевди бүгүн нейтралдаштырышты. Эми партия факт жүзүндө ээси жок калды, партиянын адамдык, электоралдык, структуралык ресурстары эки чоң дөөнүн ортосунда талашка түштү.

Бул оюндардын башталышына Алмаз Атамбаевдин 31-марттагы маалымат жыйынында “мен СДПКны 2020-жылдагы парламенттик шайлоого даярдайм, өлкөдө 2-3 эле партия калыш керек, СДПК анан  “Республика-Ата-Журт” сыяктуу системдүү партия болушу керек” деп РАЖды бөктөрө басып алгандай айтканы себеп болду.

Бүгүнкү Казакбаевге (Бабановго деп билиңиз) каршы добуш беришкен 22 депутаттын көбү буга чейин бул эки лидер менен шилекей алышкан дос болуп жүргөндөр. Ошол эле Жыргалбек Турускулов мындан 5 ай мурун, президенттик шайлоо учурунда Жумгалга келген Бабановду үйүндө түнөтүп, сыйлап жүргөн. Бирок Турускулов деле транзиттик гана лидер болуп, чоң оюнчулар камдап жаткан жаңы лидерге ордун бошотуп берет дешет билермандар.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *