Республиканын аймагында дем алыш күнү күтүлгөн аба ырайы

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология боюнча агенттигинин дем алыш күндөрү күтүлгөн аба ырайынын болжолдоо баракчасы. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаарында 17-сентябрында ала-булут каптап турат, жаан-чачын күтүлбөйт.   Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден,  14 метрге жетиши күтүлөт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 15…17°, күндүзгү жогорку температурасы 28…30° жылуу болушу күтүлөт.

Ош шаарында 17-сентябрында жаан-чачын күтүлбөйт.   Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9  м/с  Абанын түнкү төмөнкү температурасы 16…18°, күндүзгү жогорку температурасы 29…31° жылуу болушу күтүлөт.

Республиканын аймагында 17-сентябрында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын  облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.  Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден,  кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

18-19-сентябрында кээ бир тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

20-21-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *