Революциячыл “Алиби” гезитинин кожоюндары бийлик тарабынан куугунтукка кабылды

Тынчтыкбек Алтымышев, журналист: “Баарыӊар билгендей «Алиби» гезити бүгүн 4- жолу жарыкка чыкты. Гезиттеги азыркы бийликке болгон конкреттүү сын пикирлер президенттин айланасындагы коргоочулардын безине тийгендей. Анткени, бүгүн таӊ эртеӊ менен гезиттин башкы редактору Бабырбек Жээнбековдун үйүнө өздөрүн УКМКнын кызматкерлерибиз деп тааныштырган адамдар келип, жубайы Таалай эжени УКМКга сурак берүүгө алып кетүүгө аракет кылышкан. Бирок, кайсыл иш боюнча, ал ишке шектүүбү же жоопкерби ачык айтышкан эмес. Бул биздин оюбузча түздөн-түз мыйзам бузуу жана күч көрсөтүү деп эсептейбиз. Калган жагдайлар боюнча маал-маалы менен кабардар кылып турмакчыбыз.

Канышай Мамыркулова, журналист: 37-жыл келдиби? УКМКнын өкүлдөрү жаңы чыгып баштаган “Алиби” гезитинин ээси Бабырбек Жээнбековдун үйүнө келип, аялы Таалайгүл Абдрасулованы алып кетип, суракка алууга аракет кылган. УКМКнын суроосу болсо повестка жиберүү керек эле. Бул эмне дегендик? УКМК каалаган күнү, каалаган жарандын үйүнө бастырып барып, “бас, кеттик!” десе боло береби?

Редакциядан: Эсиңиздерге сала кетсек, 2010-жылдагы революцияга өзүнүн “Алиби” гезити менен активдүү катышкан Бабырбек Жээнбеков гезиттин бүгүнкү санында 2010-жылдагы Апрель революциясынын максаттары ишке ашпагандыгын, бийлик элдик революциянын жеңиштерин уурдап кеткендигин сынга алган.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *