Айбек Дайырбеков, режиссер: “Дарак ыры” менен биз кыргыз киносунда жаңы из сала алдык

-Кыргыз киноматографиясынын тарыхында биринчи жолу мюзикл жанрындагы тасма коомчулукка сунушталууда. «Дарак ыры» тасмасын тартуу идеясы качан пайда болду эле?

– Фольклордук мюзикл тасмасын тарталы деген идея биринчи жалу менде 2010-жылы пайда болгон эле. Мындай жанрдагы тасма тартуума унутулуп калган ырларга экинчи жашоо берүү идеясы себеп болду десем болот. Мурдагы ырларды кантип кайра элге жеткирсек деп изденип жүрүп, фольклордук мюзикл тартуу менен ишке ашырсак болот экендигине келип токтолгом. Сюжет болсо бала кезде улуу муундагы аталардан угуп жүргөн окуялардын, уламыштардын негизинде бышып жетилип тасмага айланды.

– Көп убакыт, кыйынчылыктар менен коштолгон тасма өз максатына жеттиби? Деле тасманы эл кандай кабыл алууда. Себеби бизде мюзикл жанры биринчи жолу элге сунушталып жатпайбы?

– Ооба тасманы тартууга абдан көп убакыт жумшалды жана көптөгөн кыйынчылыктар коштолду. Бирок ошого карабай, тасманын жыйынтыгы мен күткөндөн да жакшыраак болду десем болот. Себеби эгемендиктен кийинки тартылган кыргыз кино жөнөкөй көрүүчүлөр тарабынан ушундай көп пикир жазылган кинолорду мен көрө элек болчумун. Учурда социалдык тармактардан өз ойлорун адистер, сынчылар, жөн эле көрүүчүлөр да билдирип жатышат. Баары позитив гана жазышууда. Пикирлер кыргыз да, орус да тилинде жазылып жатат. Бул бизди абдан кубандырды. Дагы бир чоң ийгиликтердин бири 20-мартта Эл аралык А классындагы кинофестивалдан атайын чакыруу келди. Тактап айтсам «Дарак ырынын» дүйнөлүк премьерасы А классындагы кинофестивалда өтө турган болду. Көрсө бул өзү өтө сейрек кездешчү феномен экен. Коммерциялык максат менен тартылган кинолорго фестивалдар такыр кызыкпайт. Кызыкса да чанда гана кездешчү көрүнүш эле. Биздин мюзиклга көп фестивалдар кызыгып, Эл аралык А классындагы кинофестивалга чакыруу келди.

– Чынында тасма мыкты болуптур, дагы ушул жанрга кайрылуу пландарыңыз барбы?

– Бул жанрга дагы келечекте кайрылам го дейм, бирок жакынкы убактарда эмес. Себеби мюзикл жанры көп күчтү талап кылат экен. Дагы даярдык керек. Кылдат мамиле жасалышы шарт. Ал мюзикл мындан да мыкты болушу зарыл. Андыктан убакыт керек. Балким 5-7 жылдан кийин кайрылып калышым мүмкүн.

– Буга чейин бизде көп эле тасмалар тартылып келди, эмнеге мурдагы режиссерлор бул жанрга кайрылышкан эмес деп ойлойсуз?

Эмне себептен режиссерлор бул жанрга кайрылбай келишкенин айта албайм. Аны улуу муундан сураш керек. Менин божомолумда жанрдын татаалдыгы, мюзиклга ылайыктуу сюжет менен улуттук бийибиздин жоктугу буга чейинки режиссерлордун бул жанрга кайрылбай келишинин себеби болсо керек деп ойлойм. Биз билген «Бекбекей» кийинки совет доорундагы бий болсо, «Кара жоргону» биз архивден алып, кайра экинчи өмүр бербедикпи.

– Башкы ролдогу Бегимайдын образын ачып берген казак актрисасынын ордуна кыргыз актрисаларын эле тартса болмок дегендер да жок эмес. Режиссер катары буга кандай жооп айтасыз?

– Режиссер тасмадагы каармандарга актерлорду тандап жатканда жердигине, улутуна карабайт. Эми мындай сөздөрдү айта берсе сөз чыга берет. Биздин актер байкелер казак кинолоруна тартылганда, эмнеге кыргыз актеру башкы каарманды ойноп жатат деп эч ким сурабайт. Биздин бир топ актерлор, актрисаларыбыз казак кинолоруна тартылып эле жатышат. Мен деле Казакстанда 6 сериядан турган кино тартып келдим. Мага алар тараптан эч кандай доомат коюлган жок. Мен да тасма жаратууда актер-актрисалардын улутуна, жердигине карабай, профессионалдуулугуна гана баа беришим керек.

– Тасманын мыктылыгында сөз жок, бирок өзүңүз экрандан көрүп катачылыктарын таба алдыңызбы?

– Чыгармачыл адам болгондон кийин толук канааттануу кыйын го. Бирок тасманын көп жери мен ойлогондон мыкты болсо, көп жери мен ойлогондой болбой калды. Негизи эле тасма тартылып бүткөндөн кийин төрт ай оңдоо иштери менен алек болдук. Өзүбүзгө ыраазы болбой, Москвага алып барып дасыккан адистер менен 10 күн ондоо иштерин жүргүздүк. Үнүн эле бир нече жолу оңдоп жаздырдык. Тасманын бет ачары болооруна бир жума калганда кээ бир кадрларды алып салдым. Эми чыгармачылык деген изденүү экен да. Бир иштеп чыгып таштап койгон чыгарма чала чыгарма болуп калат. Сценарийди эле беш жолу оңдогонбуз. Ырларын болсо Бактыгүл Чотурова эжекебиз менен бирге 3 жолу оңдоп чыктык. Чыгарма деген кайра-кайра иштелип түздөлүп анан элге чыгышы керек. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш.

– Сизден кийин мюзикл жанрына кайрылган режиссерлор чыгышы мүмкүн. Бирок «Дарак ырындай» тасманы жарата алышабы?

– Муну мен айта албайм, айтыш кыйын. Бирок мындан кийин бизде мюзикл жанрындагы тасмалар жарык көрө баштайт деген үмүтүм чоң. Мюзикл бизге керек экен. Мындай жанрдагы тасмалар жок. Ошол себептен азыр көп тартылса дейм.

– «Дарак ыры» менен сиз кыргыз киносуна жаңы из салдым дейсизби?

Ооба, биз бул тасма менен кыргыз киносуна жаңы из сала алдык. Себеби кинону көргөндөр мындай жанрдагы кыргыз киносун көрө элек болчубуз деп айтып жатышат. Мунун өзү эле кыргыз тасмасында жаңы жанрдын пайда болгонун билгизип турат. Мындан сырткары Орусияда эң чоң компаниялардын бири биздин кинобузду Гонконг кинофестивалына сатыкка алып кетишти. Алар үчүн да бул жанр жаңылык болуп жатат. Даты бир айта турган нерсе, Орусияын ишкерлеринде кыргыз киносуна акча салып, эл аралык деңгээлдеги мыкты тасма жаратса болот экен деген ишенимди жараттык. Себеби буга чейин бир дагы орусиялык продюсерлик компания коммерциялык кызыкчылык менен кыргыз киносуна акча бөлүп, бизнес план катары карап колдогон эмес. Тасманын жыйынтыгынан көп нерсе көз каранды болуп турат. Кинобуз ийгиликтүү болуп, дүйнөлүк сатыкка чыкса, эл аралык фестивалдарга катыша алса, ошол эле компаниянын артынан кыргыз киносуна көп инвестиция да келиши мүмкүн.

– Учурда кандай тасманын үстүндө иштеп жашасыз. Деле кайсы жанрга кайрылсам дейсиз. Себеби бизде азыр драма эле тартылып, башка жанрлар унутта калып кетти.

– Туура айттыңар, ушул маселени көтөрүп чыксаңар жакшы болот эле. Кыргызстанда өкмөттүн акчасына тартылса, драма менен комедия гана тартылып жүрөт. Башка жанрлар унутулуп калды. Биз башка жанрларды унутта калтырбашыбыз керек. Азыр менде даяр үч сценарий бар. Арасында комедия, драма, мюзикл да бар. Кайсы сценарийге киришээримди азыр чече элекмин. Даты бир эңсеп жүргөн жанрым – жомок тартсамбы деп жаткам. Бирок буга качан киришем айта албайм. 5 жылдын ичинде бир жомок тартам деген тилегим бар. Кыргыз киносунун тарыхында өкмөт тарабынан бир дагы толук метраждуу жомок тартылган эмес. Бул чон мүчүлүштүк. Биздин 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9 жаштагы балдарыбыз кыргыз тилинде кино көрөйүн десе, бир дагы толук метраждуу кино жок.

– Акыркы убактарда биздин тасмалар эл аралык фестивалдардан байгелүү орундарды алып келүүдө. Муну менен кыргыз киносу өнүгүү жолуна түштү десек болобу?

– Биздин тасмалар эл аралык фестивалдардан сыйлыктарды алып жүрөт. Бул бир четинен жакшы болсо, экинчи жагынан алганда терс таасири да тийип жатат. Себеби жаш режиссерлордун баары автордук кино тартам деп, автордук режиссерлорду туурап тартып калышты. Бул туура эмес. Автордук фестивалдарга башкаларга окшобогон, оригиналдуу тасмалар ат салышат. А бизде көбүнчө бирин-бири туурап, ушундай тартсам фестивалда сыйлык алат экем деген түшүнүк менен тартып калышты. Өкмөт да жалаң гана артхааустук кинолорго акча бөлүп жатат. «Дарак ырына» эмнеге акча бөлүп беришкен жок, себеби тасма артхаустук эмес дешти. Ал эми дүйнөлүк практикада артхаус деген сөз эч кимге көз каранды болбой, автордун жеке чыгармачылыгы менен тартылган тасма. А бизде артхаустук тасмалар мамлекеттен каржыланып жатса, көз карандылык жаралбай койбойт да.

– Сизге ийгилик алып келген тасмаңыз?

– Мага ийгилик алып келген эң алгачкы дебюттук тасмам кыска метраждуу «Жээк» деген фильм. Ал тасма менен көп фестивалдардан сыйлык алып келгем. Тасманын арты менен А классындагы Берлин кинофестивалынын алдындагы жаштар кино мектебине, Москвадан сценаристтер курсуна барып келдим. «Жээк»менин режиссерлук биринчи кадамым болгон. Андан кийин эле «Дарак ыры» болду. Бул тасма көп жыл бою эңсеп жүргөн, мен тартпасам ким тартат эле деген кином болчу. Мындан кийинки да кинолорумдан үмүтүм чоң.

Автор: Жаркынай Кадыркулова

Булак: “Фабула”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *