Новосибирскидеги Бут кийим фабрикасынан чыккан өрттө кыргызстандыктар каза болду

Бүгүн, 4- январда Новосибирск  облусунун Чернореченский айылында бут кийим фабрикасынан өрт чыккан. Бул туурасында Россиянын ӨКМи билдирет.

Алынган маалыматтарга ылайык, кампадан чыккан өрт тууралуу маалымат өрт өчүрүү кызматына жергиликтүү убакыт боюнча саат 9.00дө түшкөн.

Өрттүн кесепетинен 10 адам каза болду, алардын экөө кыргызстандык. Бул тууралуу ыкчам кызмат органдарына таянып РИА Новости агенттиги жазды.

Алдын ала маалыматтар боюнча каза болгондордун жетөө Кытайдын, экөө Кыргызстандын, бирөө Россиянын жарандары.

Өрттү өчүрүүгө жалпысынын 90 адам, 26 техника тартылган.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *