Рита Карасартова: “БШК бийликке жакпаган талапкерди шайлоодон четтетүүнү жакшы өздөштүрүп алыптыр”

-Рита эже, президенттик шайлоодон эмне үчүн четтетилип калдыңыз? Эмне үчүн чогулткан кол тамгалар жараксыз деп табылып калды?

– Борбордук шайлоо комиссиясы 30 миң колдун бештен бир бөлүгүн текшерип, андан талапка жооп бербеген колдорду таап чыгып, аны төрткө көбөйтүп, анан жараксыз кол тамгалар деген жыйынтык чыгарышат экен. Өзүм чуркап, кол тамгаларды топтогондуктан, ызаландым. Кол жазмалар бир кылка эмес, ар башка болуп жатат го десем, “бир ручка менен жазылыптыр” дешти. Кыскасы, “айы күнүн койгондон да катачылык кетти” дешти. Көрсө, кол чогулткан адамдардын көбү колду топтоп алып, анан аягында датасын бир кол жазма, бир ручка менен коюшуптур. БШК мына ошол нерседен дагы маселе жаратты. Ошондой эле кээ бирөөлөр күнүн, айын, анан жылын жазса, айрымдар жылын, күнүн, айын жазышыптыр. Кол тамгалар анык болгону менен мына ушундай техникалык мүчүлүштүктөрдү эске алышып, жыйынтыгында чогултулган колдун бир канчасын жараксыз деп таап чыгышты. Мага добуш берген укук коргоочулардын бирөөсү “апам картаң болгондуктан, аты-жөнүн өзүм жазып, ага кол койдургам. Ошондон да маселе жаралдыбы?”- деп таңгалып жатат. Өзү жазгандардыкынан да маселе жаралып, майда жазылыптыр, окулбайт экен”- деп түрдүү шылтоо айтышты. Кол топтоого салым кошкондордун көпчүлүгү жараксыз делген колдорго нааразы болуп, кайра жаздырып берели деп да чыгышты. Кыскасы, БШК бийликке жакпаган адамдарды шайлоодон мына ушундай арзыбаган нерселер менен эле четтетип коёруна көзүм жетти.

Укук коргоочу эмес, саясатчы катары ушул жагдайга саресеп салганда бийликке жакпаган адамдарды шайлоодон четтетип салуунун жолу абдан ойлонулганын жонтерим менен сездим. Анан аларды сотко берүү оюмдан да кайттым. Себеби, мага берилген колдорду жараксыз кылып жатат деп БШКны сотко берген күндө деле “бул колдор окшош экен”-деп койсо, мен кантип “андай эмес”- деп далилдейм. Же мени колдогон 30 миң адамды сотко алып келишим керекпи?

– Негизи президенттик шайлоого 30 миң кол топтоонун зарылчылыгы барбы?

– Мыйзамда көп нерсе жазылган эмес. БШК мыйзамдан тышкары президенттик шайлоого өздөрүнүн ички инструкцияларын киргизип алыптыр. Кыскасы, БШК бийликке жакпаган талапкерлерди шайлоодон четтетүүнү жакшы өздөштүргөнү менен өздөрү кайсы жерден иштеш керек экенин билишпейт экен. Алар биз чогулткан колдорду жараксыз деп табардан мурун басма сөз каражаттарына чыгып, элдердин укуктарын туура түшүндүрүшсө болмок. Анткени, “бир кишини колдогом. Эми экинчи кишини колдойм деп жазып берсем туура болобу же туура эмес кылган боломбу?”- дегендерди көп жолуктурдум. БШК элдердин салыкка төлөгөн акчасы менен чыгымдарын жаап жаткандан кийин туура маалыматты элге жеткирүүнү да колго алышса болмок. Тилекке каршы, булар теңирден тескери иш менен алек болуп, бирөөлөрдү каралаган саясатты ишке ашыруу менен алек болуп жатышат. “Акчаң, жогору жакта колдоочуң болбосо бийликке келбейсин”- дегендей эле чечим чыгарып койгонуна капа болуп калдым.

– Президенттик шайлоонун күрөөсүнө коюлуучу миллионду камдап койдунуз беле?

– Албетте, күрөөгө койгон каражатты камдагандан кийин президенттик шайлоого аттангам. Анткени, жолдошум биринчи тиешелүү каражатты таап алып, анан шайлоого аттануу керек деген кеңешин берген. Мен тийиштүү каражатты камдап коюп, тил сынагынан, анан чогулткан колдорумду тапшырып, катталгандан кийин күрөөгө коюлуучу сумманы төгөйүн дегем. Тилекке каршы, менин чогулткан колдорумдун бир тобун жараксыз деп, шайлоодон четтетип салышты.
Күрөөнү алдын ала төкпөй сактанып жатканымдын да себеби бар. Айтайын дегеним, шайлоого кандайдыр бир себептен катышпай калсаң БШК төккөн күрөөңдү кайтарып бербейт. Ошону билгеним үчүн алгач катталайын, анан төгөйүн деген чечим кабыл алгам.

– Келдибековду шайлоодон четтелиши БШКнын катачылыгыбы же өзүнүнбү?

-Келдибековдун күрөөсүн кошо төктүрүп алып, документтерин кабыл алышып эми чогултулган колдорун текшербей жатышат. Анткени, ал чогулткан колду текшерсе, шайлоого катыштырыш керек болуп калат. Ошон үчүн чогулткан колдорунун жарактуу, жараксыз экенин текшербей туруп, “соттолгону жоюла элек” деген шылтоо менен аны шайлоодон четтетишти. Бул жерде күнөө Келдибековдо эмес, БШКда. Чынында БШК өзү документтерин, күрөөсүн, чогулткан колун кабыл алып, жыйынтыгында аны каттоодон баш тартып, катачылыкка жол берди.

Булак: “Майдан.kg”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *