«Үркүн» тууралуу тасма тартылууда

Жаңы тартылып жаткан «Үркүн» тасмасынын режиссеру Муктар Атаналиевдин айтуусунда, тасманын кышкы эпизоддору тартылып бүтүп калды. Эми тартыла турчу жерди өзгөртүп, калган бөлүктөрүн тасмага түшүрүү улантылат.

Азыркы тапта көркөм тасма Жети-Өгүз районунун Саруу жана Дархан айылдарында тартылууда. «Үркүн» тасмасын тартуу 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгына карата тартылууда.

Сценарий, пландар бир жыл мурда даярдалып, тартуу процесси өткөн айда башталган.Фильмди ушул жылдын сентябрь айында бүткөрүү пландалууда.

Булак: “Жаңы Агым”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *