Робот вокзал кайтарат

Робот адамдын жүзүн тааный алат, өрт чыгууну кабарлайт жана жүргүнчүлөрдүн суроолоруна жооп бере алат. Мындай кыйын робот-полицейский Кытайда иштей баштады. Жаңы патруль кызматкери Кытайдын Хенань провинциясында, Чжэнчжоу шаарындагы темир жол вокзалында кызмат кыла баштады. Робот күтүү залындагы жагдайга көзөмөл салып ту­рат. Анын бою адамдыкынан кичине кичирээк, буттарында дөңгөлөктөрү бар жана башы айланып турат. Анын жардамы менен полиция кызматкерлери адамдардын беттерин тааный алышат. Эгер вокзалда өрт чыкса аны кабарлайт. Бринчи жумада робот тесттен өтөт, эгер тесттен жакшы өтсө робот полиция кызматкери дайыма түнкүсүн вокзалда көзөмөл кылат.

Булак: “Багыт.kg”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *