“Росинбанк” арам акчаны адалдап иш кылабы?

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы «Росинбанктын» кызматкерлери кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланганын аныктады. Алар салык төлөбөөнүн айласын көрүп, тышкы экономикалык ишмердүүлүк менен алектенип жатат деген шылтоо менен жасалма документтердин негизинде келип түшкөн акча Россиядагы жана Сейшел аралдарындагы чет элдик компаниялардын эсебине которулуп турган. Мындай жол менен «Росинбанктан» 3 миллиард рублдан ашык (3,3 миллиард сом) каражат которулган. Бул боюнча бир нече кызмат адамдары менен банктын кызматкерлерине карата документтерди жасалмалоо жана арам кирешени адалдоо боюнча кылмыш иши козголду. Жыйынтыгында банктын башкаруучулугунун жетекчисинин биринчи орун басары Андрей Гойхман кармалып, соттун чечими менен тергөө абагына бир айга камакка алынды.

Булак: “Фабула”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *