“Росинбанктагы” башаламандык же анын башында кимдер турган? Нурсулуу Ахметованын мамлекеттик кызматтагы ишмердүүлүгү

Элибизде “кайсы бирин айтасың” деген сөз айтылат. Ушул сөздү улап, Убактылуу өкмөт Кыргызстандын башына келип бийлей баштагандан берки ишмердүүлүгүн кайсы бирин албайлы дээрлик баары эле пайдасыз, ал эмес зыяндуу болгонун көрөбүз.

Жакында эле Атамбаев, мен бийлик жүргүзүп турганда башталган баардык долбоорлор Кыргызстанга пайдалуу болгон, коомчулук ошону туура түшүнгөнгө деңгээли жетпей эле мени күнөөлөп жатышат, экономикадан сабаты бар киши мындайча эсептейт маанисинде өзүнүн билдирүүсүн таратканы эсибизде…

Апрель окуялары башталаары менен банк уячалары таланып-тонолот, анан эле “Мегаком”, “Залкар” банкы, Кумтөр, Жерүй, “Манас” аба майданындагы АКШынын транзиттик борборун чыгаруу, Бишкек ЖЭБ (ТЭЦ), Улуттук тарых музейиндеги ремонт, Нарын дарыясына жаңы ГЭСтерди куруу, Датка-Кемин, Балыкчы-Корумду, Түндүк-Түштүк авто жолдору сыяктуу иштердин кандай максатта башталып, “төбө чачты тик тургузган” каржы-экономикалык кылмыштар кандай жүргөндүгү эми гана аз-аздан ачылып жатпайбы.

Анда эмесе биз ошол экс-ажобуздун экономика тармагын бийлеп турган көздөй кадры Нурсулуу Ахметова (азыр деле президент аппаратында каржы, экономикалык бөлүмдү жетектеп келет) айымдын мамлекеттик кызматтагы ишмердүүлүгү тууралуу сөз кылмакчыбыз.

Нурсулуу айым эл аралык уюмдагы жумушунан 2010-жылы кантип мамлекеттик кызматка келип калгандыгын, “Новые Лица” басылмасына 2015-жылдын 25-майында берген интервьюсунда, апрель окуяларындагы мародерчулукту өз көзү менен көрүп, өмүрүндө биринчи жолу өлкөбүздүн келечегине кабатырланып, корккондугун, анын эртеси 8-апрелде Алмазбек Атамбаев Нурсулуу айымга телефон чалып, иштешүүгө сунуш кылгандыгын, анан жолукканда “Хватит сидеть там, в проектах, кто-то должен работать, поднимать страну” деп шыктандырганын, ошентип мамлекеттик кызматка өткөндүгүн айткан экен.

Атамбаев командасынын Бишкек ТЭЦиндеги жаңылоо, оңдоо иштерине укуктук баа бериле баштаганда Сапар Исаков менен бир катарда биздин каарманыбыздын аты да кытайлык ТВЕА компаниясына байланыштуу документтерден чыгып, уу-дуу сөздөр болгон. Негедир Нурсулуу Ахметованын бул иштер боюнча кийин тиешелүү органдарга жок дегенде күбө катары чакырылып көрсөтмө бербегендиги тушүнүксүз…

Сөзүбүздө кичине чегинүү жасап, Убактылуу өкмөт бийликке келгенден кийин улутташтырган Азияуниверсалбанк (АУБ) жана ушул банктын проблемасыз активдеринин негизинде түзүлгөн “Залкар” банктын кийинкиси жөнүндө уласак…

Ошентип, 2011-жылы жаңыдан түзүлгөн “Залкар” банкына 100% ДЕБРА (Банктарды кайра түзүү жана карыздарды жоюу агентствосу — ​Агентства по реорганизации банков и реструктуризации долгов) кожоюндук кылып калат. Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарын камтыган 36 филиалы бар “Залкар” банк түзүлгөн күндөн тартып чет өлкөлүк тышкы донорлор (инвесторлор) банкты менчиктештирүү (б. а. сатуу) сунуштарын коюшат. Талапка жараша сатуу боюнча иштерди ошол кездеги банктын жалгыз кожоюну катары ДЕБРА жүргүзөт.

Эл аралык адистердин (оценщиктердин) чыгарган тыянагына ылайык “Залкар” банкы 1 миллиард 200 миллион сомго бааланган. Ошол кездеги АКШ долларынын куну орточо 47 сомдун тегерегинде болсо, Банктын баасы 25 миллион АКШ долларына барабар болгон. Өзгөчө тактап койчу жагдай, ​банктын ошол кездеги балансындагы негизги каражаттары (основные средства- же банк мүлктөрүнүн баасы) эле 670 миллион сомго барабар болгон.

Бирок, ар кандай себептерди негиздеп отурушуп, “Залкар” банктын баасын 2013-жылы 293 миллион сомго (б. а. 6 млн 200 мин АКШ доллары) чейин түшүрүп, Россиялык «Инвестторгхолдинг» сатып алат. Ошентип, “Залкар” банк эми россиялык «Росинбанк» болуп аталып калды. Жаңы пайда болгон Орусиянын банкына Кыргыз Республикасы 620 миң доллар же 29 млн 140 миң сом кошуп, 10% дык үлүшкө ээ болот (аталган банктагы — ​10% дык үлүшү үчүн Кыргызстан 5 жылдан бери 50 сом дивиденд алганы да күмөн).

Ошол кезде банктын сатылышын КР Президентинин аппаратынын экономика бөлүмүнүн башчысы Нурсулуу Ахметова түздөн-түз көзөмөлдөп турганын баары эле билишчү. Буга далил катары, банкты сатып алган орусиялык «Инвестторгхолдингдин» кожоюну В. В. Гудковду Н. Ахметова бир канча жолу кабыл алып, Президент А. Атамбаевге чейин жолугуштурганын айтсак болот. Н. Ахметова В. Гудковду бардык жерде орусиянын «Эң мыкты банкири» наамынын ээси деп тааныштырып жүрдү. Кыскасы Н. Ахметова «Залкарбанкты» сатуу боюнча чечимдерди кабыл алуу борбору болуп калганы чындык. Н. Ахметова жактап-мактап алып келген В. Гудков, 2017- жылы РФнын расмий органдары тарабынан кылмышкер катары таанылып, Монако княжествосунда качып жүргөн жеринен кармалат. «Инвестторгбанктын» лицензиясы шылуундук иштери (отмывание средств) үчүн РФнын Борбордук банкы тарабынан тартып алынды. В. Гудковго таандык РФдагы облустук маанидеги өтө чоң эмес дагы бир банктын лицензиясы да алынган. Ушундай кылмыштуу иштерге байланышы бар деген доомат менен 2018-жылы КР Финансы полициясы «Росинбанктын» Төрагасынын биринчи орун басары А. Гойхманды камады (Андрей Гойхман — ​В. Гудковдун жээни).

2013-жылдын июнь айынан тартып иштей баштаган “Росинбанктын” 2018-жылдын июнь айында 36 филиалынан 12си гана калды. Кардарларга жакын, ыңгайлуу жайларда жайгашкан бир топ филиалдарынын кеңселерин жаап, имараттарын чекесинен чыркыратып сатты (“Росинбанктын” расмий интернет сайтында дагы 12 филиалынын имараттарын сатуу боюнча жарыя илинип турат).

“Росинбанк” Бишкектин Москва көчөсүндөгү борбордук кеңсесин РСК банка 2 млн. АКШ долларына сатканы тууралуу маалыматтар айтылып келет. Ал эми “Росинбанк” өзү чон акча төлөп, ижарада отурганы түшүнүксүз-шектенүүнү жаратат.

Кыргызстандагы региондордун эң маанилүү проблемасы — ​бул аймактарда банк кызматынын жетишпегендиги. Муну Н. Ахметова беш колдой билет. Бирок, Н. Ахметова колдоп келген “Росинбанк” аймактардагы филиалдарын жаап, имараттарын чекесинен сатып жатканда ал жана Улуттук банк кайда карап отурганы түшүнүксүз.

Жакында эле КР Президенти С. Жээнбеков ишкерлер менен жолукканда аймактарды көтөрүү, аларга каржылык колдоо тууралуу сөз кылган. Ушул жерде суроо туулат Атамбаевдин каржы-экономикалык саясатын жүргүзүп келген Н. Ахметова атайын эле азыркы Президенттин саясатына каршы иштеп жатканыбы? Же ал киши экономиканын мыйзамдарын жана бүгүнкү кырдаалды Атамбаевдин көзү менен гана көрөбү? Президент Жээнбеков банк тармагындагы, жалпы эле каржы-экономикалык жааттагы ушундай кырдаалды билеби же кабары жокпу? Анда кайсы күчкө, кайсы ресурска таянып, региондорду көтөрөбүз деген ураан чакырабыз? “Залкарбанк” сатылганда сырттан келген инвесторго ушундай маселе коюлган эмес беле, же койгонду билген эмеспи же эптеп эле сатып, өз кызыкчылыктарын канааттандырууну көздөшкөнбү?

“Залкар” банктын сатылышынын жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын банк системасындагы «Кумтору» жана «ТЭЦи» болду.

“Росинбанк” Кыргызстанга инвестиция алып келбей эле кесепет алып келди. Жергиликтүү ишкерлерге кредит берүүнүн ордуна, атайын эле орусиялык ишкерлерге кайтарымы күмөн болгон кредиттерди бергендей (муну банктын расмий сайтындагы сатууга коюлган орусиялыктардын кредит алүү үчүн койгон күрөөлөрү (залогдор) тастыктоодо — ​себеби, ал жерде күрөөгө коюлган мүлктөрдү сатып, берилген кредиттин суммасын кайтарууга эмес, дегеле сатууга мүмкүн эмес мүлктөр коюлган, м: трассалардан алыстагы кичинекей айылдардагы 3 май куюучу жайлар банктын сайтында сатуу үчүн жарыяланган). 5 жылдан бери чет элдиктерге кредитти бергенде коюлган күрөөлөрдү КР Улуттук банкы көрбөдүбү? Улуттук банктын бул жерде жоопкерчилигин ким аныктайт? (“Росинбанктын” кожоюну баш болуп, жетекчилери четинен камалып жатканын жогоруда жаздык). Инвестиция алып келүүнүн ордуна, болгон акчаны кожоюндары чыгарып кетип жаткандыктан аталган банкта ушундай проблемалар пайда болду. “Росинбанкта” ликвидность деген коэффициент ушунчалык жапайылык менен бузулгандыктан, аргасыздан КР Улуттук банкынан 810 млн сом карыз алды. Демек, Улуттук банк дагы бир проблемалуу банктын пайда болгонун көрүп туруп ушундай иштерге барып жаткандай.

“Росинбанктын “ ушундай алешем ишмердүүлүк жүргүзгөндүгү айланып келип, жүз миңдеген кыргызстандык аманатчыларга проблема жаратып, экономикабыздын стабилдүүлүгүнө доо кетирип жатат. Мына ушунун баарына, өлкө келечегине 7-апрелдеги мародерлорду көрүп биринчи жолу кооптонгон Ахметова айым, баш болгон Атамбаевдин кадрлары жооп бере турган мезгил келди деп ойлойбуз.

Жаныбек Атамбеков

Булак: “Жаңы ордо

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *