Россия эң ири экономика боло алат

«Standard Chartered» банкынын аналитиктери өздөрүнүн прогнозунда 2030-жылы Россия Европанын эң ири экономикаларынын бири болушу мүмкүн экенин болжолдошууда. Алардын баасы боюнча 2030-жылы дүйнөнүн эң ири экономикасы Кытай болот. Анын ички дүң продукциясы (ИДП) 64,2 триллион долларга жетет. Экинчи орунду Индия ээлеп, анын ИДПсы 46,3 триллион долларды түзөт. 31 триллион доллар менен АКШ үчүнчү орунду ээлейт.

«Standard Chartered» банкынын прогнозу боюнча, Россиянын ИДПсы 7,9 триллион долларга жетип, сегизинчи орунду ээлейт. Андан мурунку орундарды Индонезия (10,1 триллион), Түркия (9,1 триллион), Бразилия (8,6 триллион) жана Египет ээлешет. Япония (7,2 триллион) менен Германия (6,9 триллион) Россиядан артта калышат.

Аналитиктердин тыянагы боюнча, 2030-жылы алдыңкы он орунду бүгүнкү күндө өнүгүп келаткан өлкөлөр ээлешет.

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *