Россияда “Мыйзамдагы ууру” макамынан баш тартып Кыргызстанга кайтып келген “Карышкыр” Өмүрзаков милицияга чакырылды

Жаңы кирип келген июнь айынын башында “Карышкыр” каймана аты бар кримтөбөл Мурсалым Өмүрзаков Россиядан Кыргызстанга кайтып келгендиги белгилүү болду.

Ал кайтып келери менен КР Ички иштер министрлигинин кызматкерлери аны профилактикалык аңгемелешүүгө чакырышып, ал издөөдө болбогондуктан тийиштүү иш чараларды өткөргөндөн кийин коё беришкен.

Ага чейин Россиялык массалык маалымат каражаттарында 2015-жылы Россияда маңзат менен колго түшүп, соттолгондон кийин Архангельск облусунда жазасын өтөп жаткан “Карышкыр” каймана аты бар Мурсалым Өмүрзаковдун Россиянын укук коргоо органдарына өзүнүн “Мыйзамдагы ууру” деген макамынан баш тартып, тил кат жазып берип жаткан видеотасмасы тараган.

Мурсалым Өмүрзаков “Мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин уюшкан кылмыштуу тобуна киргендиги ММКларда кеңири чагылдырылган.

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *