Россиянын бийликтери Кыргызстандан Москвага 3,6 тонна төө буурчак менен күрүч алып бараткан унааны артка кайтарды

Россиянын Оренбург облусундагы “Сагарчин” өткөрмө бекетинде, 13-февралда Кыргызстандан Москвага 3,6 тонна төө бурчак менен күрүч тартып бараткан автоунааны фитосанитардык коркунуч бар деген негизде Росайылчарбакөзөмөлдүн облустук башкармалыгы Россиянын аймагына киргизбей, артка, Кыргызстанга кайтарган.

2018-жылдын 1,5 айында эле Росайылчарбакөзөмөлдүн Оренбург облусундагы башкармалыгы 365 тонна айыл чарба продукциялары жүктөлгөн 23 автоунааны фитосанитардык эрежелер сакталбаган деген негизде артка кайтарган.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *