Роза Айтматова: «Апам атамды өмүрүнүн аягына чейин күттү»

-Роза эже, сизди көргөндө залкар жазуучубуз Чыңгыз агайдын балалык кезин элестетебиз. Атаңыз Төрөкул Айтматов Сталиндик репрессияга кеткени жатканын билгендей, сиздерди Москвадагы “Казань” вокзалынан Шекерге узатып жиберген экен. Ошол кезди эстей аласызбы?

— Мен апамдын айтымында ал кезде болгону 5–6 айлык экем. Атам менин эсимде жок. Атам Төрөкулду көрбөй калдым. 5 айлык кезимде атамдан түбөлүк ажырап, айрылбадымбы. Апамдан, эжелеримден уккандарымды, архивдик материалдар менен толуктап китеп кылып жаздым. Бул окуя август айында болуптур. Чыңгыз Төрөкулович анда сегиз жаштан тогузга караган кези экен.

— Атаңыз сиздерди узатып жатканда апаңызга “Шекерге баргыла” деп узаткан экен…

— Атам биринчиден өзүнүн айылына жөнөтүп жатат да. Экинчиден, биздин апабыз өтө бай адамдын кызы болгон. Тайатабыз Караколдо бир нече заводу, көптөгөн дүкөндөрү бар киши экен. Совет бийлиги орногондон кийин алардын баардык мүлктөрүн тартып алыптыр. Өздөрү болсо куугунтукка түшөт. Апамдын бир туугандарынын баары өз баштарын сактап калуу үчүн Караколдон ар кайсыл шаарга качып кеткен. Бирөө Ташкентке, бирөө Маргалаңга кеткен деп укчу элем. Апам алар менен кат жазышып турчу эле. Караколго төркүнүнө келейин десе ата-энеси жок, бул дүйнөдөн өтүп кеткен. Жалгыз гана бир иниси калыптыр. Анын да үйү жок, үйүн тартып алышыптыр да. Кичинекей кепеде жашачу экен. Андыктан апамдын төркүнүнө бара турган жери жок болчу. Атам өзү да Шекерге бар деп узатып жатпайбы.

— Атаңыз туугандарына ишеним артып жөнөтсө керек да?

— Ооба, атамдын аталаш Алымкул деген агасы болгон. Ал киши Шекерде биринчи селсоветтин секретары экен. Мен так айта албайм, 1937-жылы биринчи Жогорку Кеңеш шайланганда ошол киши депутаттыкка талапкер болгон деп айтылат. Бул тууралуу менде документ жок. Эжелеримдин, Алымкул атамдын аялынын айтканы боюнча ошондой болчу. Ал кезде кыргыздар боз үйдө, жалпак-жалпак сокмо дубал менен салган үйлөрдө жашачу да. Атабыз Кыргызстандын бардык аймактарында иштептир. Жогорку кызмат болгон обкомдун экинчи секретарлыгына чейин жетиптир. Ошондой жогорку кызматта иштесе да өзүнө эч бир жерге үй салбаптыр. Чоң энем боз үйдө жашачу экен. Ал кишинин көзү өткөндөн кийин боз үйдү чечип алып, кичинекей жерди бир колхозчуга берип коюшуптур. Биз Москвадан келсек кирерге үй жок. Алымкул атабыз бизди өзүнүн үйүнө киргизип, өзү үй-бүлөсү менен боз үйгө чыгып кетет. Көп өтпөй ал кишинин үстүнөн “репрессияланган кишинин үй-бүлөсүн багып жатат” деп арыз түшүп, аны да НКВДчылар түндө келип алып кетишип камап коёт. Биз контрдын үй-бүлөсү, балдары болсок, Алымкул атабыз контрдын агасы болуп атпайбы. Атамдын Рыскулбек деген бир тууган иниси болгон. Ал педтехникумда окучу экен. Мугалим болом деп жүргөн баланы фамилиясы үчүн окуудан чыгарып салышат. Айласы кеткенде айылга келип, биз менен жашайт. Атасына куса болуп жүргөн Чыңгыз акеме таяныч болуп, аны жанына алып жүрүп, чогуу жатып жүрөт. Бир күнү эле түндө кара кийинген кишилер келип, аны да камакка алышат. Алымкул атабыздын Өзбек деген иниси болгон. Милиционер болуп иштечү экен. Ошол киши мени да камап койбосун деп айылдан качат. Ал киши иштеп атам деп кат жазып турчу экен. Чыңгыз Төрөкуловичтин дагы бир тарыхы бар. Согуш бүткөндөн кийин ФЗУ (фабрично-заводское училище) деген ачылган. Ошол училищага өспүрүм балдарды жыйнап жүрүшкөн. Менин эсимде, колунда куралы бар киши үйгө келип, үйдүн ичин тинткен. ФЗУга окуганга балдарыңар бар экен деп издейт. Чыңгыз акем ал кезде Шекерде, биз Жийдеде жашачубуз. Акыры Чыңгыз акеми бир күнү ФЗУга алып кетишкен. Ак-Түзгө барат. Ал жерден практикага барганда электр тогу урат. Ошондо башы ооруп, алы куруп аябай кыйналат. Ошол жерден Өзбек акени көрдүм дейт. Ал киши “Сен бул жерден качып кет. Болбосо бул жерден ооруп каласың” деп айтыптыр. Көрсө, ал жерде урандын радиоактивдүү нурларынын таасири коркунучтуу экен. Ушул окуясын 2008-жылы эле айтып берген. Ошондо так сурап алган эмес экем. Кийин Өзбек аке да кайтып келген жок. Репрессиянын айынан биздин үй-бүлөдөн төрт киши кайтып келбей калды.

— Нагима апанын төрт баласы менен Москвадан келип, эркектер көтөрө албаган жүктү көтөргөн кайратына таң калам. Контрдын аялы деген сөздү угуп, балдарды тарбиялоо оңойго турбаган. Жакын туугандарыңар деле сиздерге жолобой калса керек?

— Андайлар да болгон дечи. Кийинки кезде бир маалымат таптым. 1937-жылдын 15-августунда СССРдин НКВДсынын наркому оперативдик буйрук чыгарыптыр. Эл душмандарынын үй-бүлөлөрү коом үчүн коркунучтуу, алар антисоветтик иш аракеттерге барышы мүмкүн, ошон үчүн алардын аялдарын 8–10 жылга алыскы лагерлерге сүргүнгө айдаш керек, балдарын болсо атайын режим менен иштеген колонияга камаш керек деген буйрук чыгат. Ошол буйруктан кийин ата-энебиз тынчы кетип, эптеп балдарды калкалап калалы деп, үйдөгү болгон нерселерин сатышат. Апамдын себине келген кымбат баалуу килеми, күмүш идиштер бар экен. Атам “Ушулардын баарын саталы, тынч жашоо келгенде мындан да кымбаттарын алып берем” деп айтыптыр. Муну апам айтып берип жатат. Апам болсо “Килеми, күмүш идиши жок деле жашаса болот. Балдарды аман сактап калалы. Сен биз менен кошо кач!” деп айтыптыр. 15-августта буйрук чыкса, атам бизди 20-август күнү бул жакка жөнөтүп жиберет. Жөнөтүп жатып апабызга “Фрунзеге барба. Ал жерге барсаң НКВД сени камап, балдарды колонияга алып кетиши мүмкүн” деп айтып жатпайбы. Апабыз Фрунзеге келбей, бизди Шекерге алып барып, Шекерден атамдын бир туугандары камалып кеткенде, өзүн ыңгайсыз сезсе керек, азыркы Манас районундагы Жийде деген айылга көчүп кеткен. Жийде бир көчөдөн турган кичинекей айыл болчу. Айылда мектеп, медпункт да жок, бир эле мечит бар болчу. Аны да жаап салышкан. Бизди маалымат чыкпай турган жабык айылга алып барып бакты. Анткени биздин фамилия республикада белгилүү эле.

— Нагима апаны НКВД издеген жокпу?

— Издеген жок. Расмий бийлик атамды эл душманы деп атаганы менен жөнөкөй катардагы эл андай кабыл алчу эмес. Эл адилетсиздик болуп жатканын түшүнгөн. Төрөкул кандай киши эле, эмне кылчу эле, кимге жамандык кылыптыр?- деп билишчү. Элдин кызыкчылыгын ойлогон, билимдүү киши эле. Кантип эл душманы болуп калды дешсе керек. Совет бийлиги күчүндө болуп тургандыктан үгүт иши күчтүү болгон да. Элге кайра-кайра үгүт иштерин жүргүзүп, маалыматты сиңире берсе, ошого ишенип калат. Ал кезде бирөөнүн үстүнөн арыз жазып, шекшигендер дагы болгон. Болбосо атамдын бир туугандары камалбайт болчу. Жөнөкөй эл бизге абдан жакшы мамиле жасады. Илгиз Төрөкулович эскерип жүрөт. Жийде айылында мектеп жок, коңшу Пушкин деген (азыркы Чоң-Капка) айылда мектеп бар эле. Ошол мектепке барып окуйт. Үчүнчү же төртүнчү класс болушу керек. Ноябрь айы экен, агайы “Бүгүн саат төрттө кайра мектепке келгиле. Октябрь майрамына репетиция жасап, даярданабыз” деп айтыптыр. Илгиз Төрөкулович мектептен чыкса жамгыр, үйгө жеткиче өтүгү суу болуп калыптыр. Өтүгү кургабай төрткө мектепке барбай коюптур. Эртеси эрте менен мектепке келсе, мугалими “Сен эмне үчүн келбей койдуң?” деп урушуптур. “Өтүгүм суу болуп кургабай, башкасы жок болуп келе албай калдым” десе, “Башкалардын экиден өтүгү бар бекен? Сен Октябрга каршысың!” дептир. Илгиз Төрөкулович “Октябрь деген эмне экенин билбейм, түшүнбөсөм да “Жок, каршы эмесмин” деп айтсам, “Мен билем, сен кимдин баласы экениңди! Сен атаңа окшоп Октябрга каршысың!” деп айтты” дейт. Ушуну Илгиз Төрөкулович көпкө чейин эсинен чыгарбай жүрдү. Кийин Академияда Тоо-кен институтунун директору болуп иштеп жатканда ошол киши баласын ээрчитип алып келген экен. Илгиз Төрөкулович агайы урушкандан кийин үйгө “Окубайм” деп таарынып келди. Эртеси апам мектепке өзү барып, мугалим менен сүйлөшүптүр. Апам “Мектепке бара бер” дегенден кийин окуусун улантып кеткен. Баягы мугалим киши баласын ээрчитип “Сенин апаң ошол кезде туура айткан экен. Апаң “Бешиктеги баланын бек болорун ким билет?! Сен азыр ушундай мамиле жасап жатасың, кийин күнүң түшүп калбасын” деп айткан эле. Эми сага келдим. Бул балам быйыл мектепти бүттү. Ушуну жогорку окууга өткөрүп бер” деп келиптир. Ошондой адамдар болгон. Апам ошондой оор күндөрдү эркектердей эле көтөрдү, бизге туура багыт берип түшүндүрдү. Биздин атабыз жок калганыбыз аз келгенсип, согуш башталып калбадыбы. Согуш жылдары тылда жашаган адамдар үчүн абдан оор болду. Болгондун баарын фронтко деп алып койчу. Үйдө оокат жок, ачарчылыктан кырылып калган үй-бүлөлөр болгон. Өмүр бою көчмөн турмушунда жашап келген эл жаңы жашоого толук адаптация боло элек кез. Ал учурда азыркыдай жер жемиштерди айдап алганды билбейт. Апамдын Караколдо ата-энесинен үйрөнгөн эмгеги бизге аябай кереги тийди. Илгиз Төрөкулович 12 жашында огородду өзү жалгыз иштетти. Жазында жүгөрү, картошка тигип, күзүндө түшүмдү жыйначу. Апамдын сарамжалдуулугуна таң калам. Жүгөрүнүн сотолорун, кийинки түшүмгө чейин канча күн барын эсептеп, “Бир күндө эки же үчтөн гана жүгөрүнүн сотосун жесек болот, ошондо күнүгө оокатыбыз болуп, ачка калбайбыз” деп айтчу. Картошканы да ошондой кылып эсептечү. Апамдын аталары бай болгону менен балдарын кара жумушка да үйрөтүшкөн экен. Апам бадыраң туздаганга чейин билчү да. Ошол кездеги балдар “Биринчи жолу туздалган бадыраңды силердин үйүңөрдөн жегенбиз” деп айтып жүрүшчү. Апамдын камкордугу ошондой оор күндөрдө бизди сактап калды. Ал кезде инфекциялык оорулар көп болчу. Андан да сактап калды. Бирибиз да ооруган жокпуз. Биз менен апамдын эжеси жашап, апам жумушка кеткенде ошол бизди карады. Мен курдаштарым менен ойногум келип, ошол жакка качып кетем. Тайэжем мени алып келип “Эмне үчүн ал жакка барасың” деп урат. Мен апам келгенде “Эжеңди кетирчи, мени ушинтип урат” деп ыйласам, “Оорусу бар үйлөргө барба. Сен да ооруп калып, баарыбызды оорутасың” деп түшүндүрүп айткан. Бизди апам ошентип баккан.

— Чыңгыз агайдын эскерүүсүндө жалгыз уйду уурдап кеткени бар. Ошол уйду сиздерге ким берген?

— Биз Москвадан келгенде Алымкул атамдын үйүндө туруп калдык да. Атамдын Айымкүл деген эжеси бар эле. Ошол Айымкүл эженин күйөөсү Момбек жезде ушундай болуп үй-бүлө көчүп келди деп угуп, күйүп-бышып келип учурашып, эртеси саан уйду “Нагима балдарыңа сүт керек болот. Саап иче бергиле” деп биз жашаган үйгө байлап коюп кетиптир. Бул уккандарымдын бири. Экинчиси, биз Жийде айылына көчүп кеткенде, Каракыз апам Чыңгызга кунаажын  энчилеп берген экен. Биз турган үй деле кичинекей, мал кармаганга сарайыбыз да жок. Уйду алып келип кайсыл жерге байларыбызды билбейбиз. Апам өзү оорулуу болчу, муун сөөктөрү ооручу. Кара жумушка көп жарачу эмес.

Колхоздун башкармасы менен “уюмду колхоздун уйканасына байлайынчы” деп сүйлөшүп, уйду колхоздун уйканасына байлатып коёт. Ал кезде Чыңгыз акем Каракыз апамдын колунда, Шекерде иштеп жүрөт. Биз Жийдедебиз. Чыңгыз акем бат-бат келип турчу. Ага өзүнчө 30 сотых огород берчү. Ага жүгөрү эгип, анын түшүмдөрүн алып келип бизди бакчу. Уй бооз болчу. Кечинде Чыңгыз акем келип калды. Апам “Жакында уй тууйт. Өзүбүздүн айран-сүтүбүз, каймагыбыз болот. Жаздан жакшы чыгып кетебиз” деп айтып калды. Чыңгыз акем эртеси эртең менен эрте уйду көрөйүн деп барса, уй байланган ордунда жок. Эки жакка чуркап издейт, кароолчудан сурайт, ал болсо “ордунда эле турган” деп коюптур. Үйгө чуркап келип “Биздин уйду уурдап кетиптир” деп айтат. Маңдайда жашаган коңшубуз бар эле Темирбек деген киши. Трактор айдаган киши болчу. Ошого барып “Уйду уурдаган ууруларды өлтүрөм!” деп мылтыгын сурап, издеп кетет. Бул 1943-жыл болсо керек. Биздин талааларда окоп казылып калган. Эгер согуш ушул жерге жетсе ушул окоптордон каршылык көрсөтөбүз дешкен. Ошол окопторго барып ичине катып койдубу деп издейт. Ал жерде жок. Андан кийин жол менен казактардын Жамбулун көздөй жөнөйт. Жамбул бизге жакын эмеспи. Жолдо баратса алдынан эшек минген аксакал киши чыгат. Чыңгыз акем “Уйду ким уурдаган, кантип табам?” деп да ойлобойт, көрсөм эле тааныйм, аларды атып салам!” деп ойлонуп баратыптыр да. Аксакал киши сырткы көрүнүшүнөн эле байкаса керек “Ой бала, бирөөнү өлтүргөнү баратасыңбы?” десе, Чыңгыз акем “Ооба, уюбузду уурдап кетишиптир” дептир. Аксакал “Токто, сүйлөшөлү” деп токтотуп, олтургузуп алып “ Уй үчүн киши өлтүрбө. Ким уурдаса Кудай жазалайт. Кайра үйүңө кайт. Сен бактылуу болосуң. Бакыт өзү сени издеп таап келет. Өзүң байкабай да каласың. Сенин уюң көп болот. Ууру Кудайдан көрөт, ошол күнөөсү мойнунан түшпөйт. Ал уйду издебей эле кой” деп көздөн кайым болот экен. Заматта эле аксакалды таппай калыптыр. Чыңгыз акеме ошондо Кыдыр кезиккен болуш керек деп айтып калышчу. Жолдо бакырып ыйлап алдым дейт. Ичиндеги бугун чыгарып алса керек. Үйгө келсе апам күйпөлөктөп жүрүптүр. Ал дагы мылтык көтөрүп кетти дегенди угуптур да. “Ууруларды тапкан жоксуңбу?” деп сураптыр. Чыңгыз акем “Жок, тапкан жокмун” десе, “Таппаганың жакшы болуптур. Уй үчүн киши өлтүрбөйт. Мылтыкты ээсине алып барып бер, экинчи кармабагын!” дептир. Андан кийин мылтыкты Темирбекке алып барып бериптир.

— Ошол кезге чейин атаңыздан кабар болгон жокпу?

— Атабыздан кабар жок. Биз Москвадан Шекерге келгенден кийин апам атамды Фрунзеге алып келди деген кабарды угуп, Фрунзеге келип, жолугушуу сурайт. Бирок, жолуктурбай коюшат. Апам “Силер өлтүрүп койгонсуңарбы? Менин жолдошум менен жолукканга укугум бар” десе, “Жок, жолдошуңуз тирүү эле. Кагаз берип жибериңиз, биз кол койдуруп чыгабыз. Ал кишинин колун тааныйсызбы?” дешет. Кагаз берип жиберсе, ошол кагазга атамдын колун койдуруп чыккан экен. Менин божомолум боюнча атамды абдан катуу кыйноого алып коюшкан болсо керек. Мүмкүн бутуна тура албай калган чыгар. Ошондой абалда жакын адамы менен жолуктуруу туура эмес деп чечишсе керек. Апам жолуга албай Шекерге келет. Атамдын Айымкүл деген эжеси “Сен жакшы аракет кылган эмессиң. Уурулук кылып камалгандарды барган жакындарына жолуктуруп жатпайбы. Эмне үчүн Төрөкул менен сага жолукканга уруксат бербейт?” деп нааразы болуп, өзүм барам дейт. Атам Москвада окучу да. Институтка барган жеринен 1-декабрда камашкан. Төрөкулду окууга келген жеринен эле алып кетишкендиктен жылуу кийимин кийбей чыккан экен, азыр үшүп атыптыр деп угулат. Айымкүл апам чебер аял болгон. Ошол киши чыдабай өзү тиккен жылуу тонун, тебетей, базардан өтүк сатып алып, талкан, сары майын көтөрүп Фрунзеге келет. Начальниктеринин баарына “Иним менен жолуктуруп койгула. Аялына жолугууга уруксат бербептирсиңер. Мага уруксат бергилечи?” деп жалдырап барат. Бири да макул болбойт. Айымкүл апам кайсыл мезгилде келгенин билбейм. Атам 1937-жылдын декабрында камалса, апам 1938-жылдын орто ченинде келсе, Айымкүл апам 1938-жылдын аягында келген чыгар. 1938-жылдын ноябрында атамдарды атып, көмүп салган болуп жатат да. Ошон үчүн Айымкүл апамдын алып келгендеринин баарын албай “Жолукканга укугуң жок!” деп жолуктурбай коюшат. Айымкүл апам менен кошо Рыскулбек келет. Жолуга албай кайра поезд менен Таласка кетишет. Ал киши үйгө келгенде катуу ооруп калат. Аябай катуу стресс болсо керек. “Төкөйгө тиккен тонду үстүмө жапчы, чыйрыгып жатам” деп өзү атама деп тиккен тонун үстүнө жаптырган экен. Айымкүл апам катуу оорудан каза болот. Апам болсо Кировдон жумуш таап, ошол жакка көчүп кетет. Бул 1939-жылы болгон. Ал кезде НКВДнын чоңу Ежовду кызматтан алып, ордуна Берия жаңыдан келген учур. Берия НКВДнын башчысы болуп келгенде, апам “Жаңы адам келди, ак жеринен камакта отурган Төрөкул Айтматовго эми башкача карайт болуш керек” деп Берияга “Жолдош Берия, мен Төрөкул Айтматов менен 12 жыл бирге жашадым. Бала-чакалуу болдук. Мен сизге ачык айта алам, ал эл душманы эмес. Төрөкул өз элине жакшылык каалаган, элди ойлогон киши болчу. Анын ишин сот туура эмес карап койду. Кайра башынан карасаңар. Төрөкулдун күнөөсү жок…” деп кат жазган экен. Ал кат Берияга жеттиби же жетпедиби, бул жерден эле карап койдубу билбейм. Апама кайра “Сиздин күйөөңүз Төрөкул Айтматов туура соттолгон. Ал 10 жылга алыскы лагерге сүргүнгө айдалган. Кат жазышууга укугу жок” деген кат жөнөтүшкөн. Андан мурун да ушундай справка алган. Ошол справкалары бар. Кат келгенден кийин апам эмне кылаарын билбей олтуруп калат. Биз чоңоюп келатабыз. Атамдын камалганына эки жыл болуп калды. Согуш жылдары кээ бирөөлөрдү фронтко алып, актап жиберген учурлар болгон. Апам байкушта “Төрөкулду дагы фронт алса, согушка барып Советтер Союзуна берилгендигин көрсөтсө бошотуп жиберер” деген үмүт дагы болду. Бирок, кат жазышууга укугу жок делип, эч кандай маалымат болбоду. Атам тирүү болсо кат жазып, эптеп бирөөдөн берип жибермек. Ал киши дагы жок болуп жатпайбы. Апам түрмөдөн чыккан кишилерди укса эле үйлөрүнө жетип барчу. “Төрөкулду көргөн, уккан жоксуңарбы? Силер аркылуу бир нерсе берип жиберген жокпу?” деп сурай берер эле. Чыдап 10 жыл күттүк.

— Нагима апа баш болуп балдары сиздер, атаңыз Төрөкул Айтматовду күтүү менен убакыт өткөрдүңүздөр да. Айрыкча, Чыңгыз агай атасын поезд менен алып өтөт экен дегенди угуп, достору менен Маймак станциясына чейин жөө жалаң келип, күтүп олтурчу экен. Ушул көрүнүш чыгармаларында кездешет эмеспи. Сиздерге билдирбей, жок дегенде атамдын үнүн угуп калайын деп достору менен түндө Маймакка чыгып кеткен деп угуп калдым эле.

— Чыңгыз акем ичинен көп нерсени ойлосо керек. Маймак Шекерден 22 чакырым алыс. Ошол жакка жөө, жылаңайлак барышчу экен. 60 жашка чыкканда болсо керек, Шеримкулов, Рыспаев дегендер Шекерге барып, Чыңгыз Айтматов келет деп даярдык көрүшүптүр. Чоң-Капкадан тосуп алып, ал жерден башка жерге барат, андан кийин Шекерге деп программа түзүп коюшуптур. Биз да Чыңгыз акем менен чогуу барганбыз. Чоң-Капкадан чыкканда эле Чыңгыз акем “Биринчи Маймакка барабыз” деп айтты. Тигилер болсо “Биз Маймакты пландаштырган жок элек” деп чыгышты. Чыңгыз Төрөкулович болсо “Жок, мен биринчи Маймакка барып, андан кийин айылга барам” деп болбой койду. Ошентип тигилердин программасын бузуп, биринчи Маймакка барбадыкпы. Маймакка барганда Чыңгыз акемдин “1937-жылы Москвадан Фрунзеге Төрөкул Айтматовду поезд менен алып келиптир. Ошондо ушул жерден өткөн болсо керек. Ошондо эмне деп ойлоду экен? Караңгыга көзү тигилгендир? Бирөө-жарымды көрөмбү деп ойлогондур” деп айтканын уккам. Биздин жашообузга биринчи сокку болуп, апам Москвадан поезд менен төрт баласын алып бул жакка келгенде, караңгы түндө Маймак станциясынан түшүп калат. Тосуп алган эч ким жок. Апам балдарын күтүү залына алып барып уктатат. Ошол окуя Чыңгыз акемдин жүрөгүндө өмүр бою сакталып калган болсо керек. Чыгармаларынын баарында темир жол, атасына куса болгон баланын образын камтыйт эмеспи.

— Апаңыз атаңызды бул жакка алып келгенинен кабары болгонбу?

— Ооба, апам атамды бул жакка алып келгенин угат. Экөө кат жазышып турган. Атамдын акыркы каты бүгүнкү күнгө чейин менин архивимде сакталып турат. Ал катка 80 жыл болду. Латын тамгасы менен жазган экен.

— Ошол катта эмне деп жазылган экен?

— Ал кезде каттарды почтодо окучу да. “Нагый, сенин акыркы жазган катыңды мынчанчы датада алдым. Силердин аман-эсен экениңерди окуп абдан кубандым. Балдар кандай? Мен балдарга дептер жибере албадым. Кийинкиде жиберем. Розичка арыктап калды дептирсиң. Эмне ооруп жүрөбү? Эмики катта балдардын баардыгынын ден-соолугун жакшылып жазып жибер” деп жазат. Москвадан дептер салам десе керек да. Апам бул жакка келгенден кийин ооруптур. Мени, апамды Каракыз эжем караптыр. Атамдын катында “Өзүм дагы ооруп жүрөм дептирсиң. Өзүңдү сакта, балдарга баш-көз бол. Мени сурагандардын баарына салам айт” дейт. Бирөөнүн да атын атабайт. Атын атаса аларды дагы камап жиберет. Апам ошол катты сактап жүрдү. Атамдын өлгөнүн 20 жылдан кийин билдик. Ага чейин тирүү деп, лагердин абагында болсо да тирүү экенине толук ишенип жүрдүк. Уралда, Сибирде жүрөт деп ойлодук. Бериянын катында Ыраакы Чыгышта деп жазылат. Апам атамды өмүрүнүн аягына чейин абдан күттү. Издеп кайра-кайра кат жазып жатты. Чыңгыз акем чоңоюп калгандан кийин ал дагы өзүнчө издеп “Атабыз эл душманы экенине ишенбейбиз. Биз эч нерсе билбейбиз, бизге кабар бергиле” деп прокуратурага кат жазат. 20 жылдан кийин апамдын атына “Кат жазган экенсиңер, келип кабар алып кеткиле” деген кат келет. Ошол кезде Чыңгыз акем аябай катуу ооруп жаткан. Жаңыдан аңгемелерин жаза баштаган кези эле.

— Чыңгыз агай ушундай оор күндөрдү башынан өткөрбөгөндө залкар жазуучу болмок эмес деп айтышат. Ал кыйын күндөрдүн баарын жүрөгү аркылуу өткөрүп жатпайбы. 60 жылдык мааракесин өткөргөндө дагы чоңдорго карабастан Маймак станциясына барып, өзүнүн балалыгын көргүсү келип жатпайбы…

— Ал кездеги идеологиялык катчы Маймак станциясы Чыңгыз акем үчүн кандай жер экенин билбейт да. Ал башынан өткөргөн оор күндөрдү ошол жерден өткөрүп жатпайбы. Апам катуу ооруп, ооруканада өлүм астында жатат. Мен палатада жанында олтурам. Апамдын температурасы кырктан ашып жатат. Тургунбек Суванбердиев деген тууганыбыз келип калды. Чыңгыз акем экөө апамды көрөбүз деп чогуу палатага кирди. Элдин баары оорукананын жанына чогулуп калган. Тургунбек Суванбердиевич менен акем кирип “Эмне болуп жатат?” деп сурады. Температурасы кырктан ашып кетти десем, Чыңгыз акем терезе жакка барып ыйлап жиберди. Тургунбек Суванбердиевич “Кой ыйлаба, сенин апаң бактылуу киши экен. Силерди чоңойтуп, эрезеге жеткизип коюп, эл арасына атыңар чыгып калганын көрүп кетип жатат. Жаш кезиңерде өлүп калса эмне болмоксуңар?” десе, Чыңгыз акем “Туке, ушул жерде туруп Маймактагы түн эсиме түшүп жатат” деп айтып жатпайбы. Мен ага чейин Маймактагы түндү апамдан гана укчумун. Апам төрт баласы менен поездден түшүп калат. 32 жашта экен. Ошондо биринчи жолу ушул балдарга жеке өзүм жооп берет турбаймынбы деп коркуптур. Чыңгыз акем болсо балдардын улуусу болуп, ал дагы коркот экен. Маймактагы түн ушунчалык эсинде калыптыр. Палатада “Азыр Маймактагы кара түн эсиме түшүп жатат. Ал учурда байкуш апам бир баласын көтөрүп, бир баласын жетелеп, Илгиз экөөбүз этегине жармашып караңгы түндө бизди жетелеп келди эле. Ошол бойдон бизди жетелеп жүрүп жалгыз өзү чоңойтту. Эми ар кимибиз өз алдыбызча болуп калганда, биздин жакшылыгыбызды көрбөй кетип жатканы эмнеси? Дагы кичине жашай түшсө болбойт беле?” деп ыйлап жатпайбы. Ошон үчүн Чыңгыз Төрөкуловичке Маймактагы ошол түн аябай маанилүү болгон.

Булак: “Жаңы Ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *