Роза Айтматова:«Таластыктар бийликке каршы саясий топ түзүп, Усубалиевди кызматтан түшүрөбүз, башка кишини биринчи секретарь, Чыңгыз акемди маданият министри кылабыз дешкен»

— Чыңгыз Төрөкулович айыл чарба институтунда окуп жүргөн кезинде чоң окумуштуу болом деп максат кылып, жакшы окуп, Сталиндик стипендия алчу экен. Бирок, контрдун баласы деген сөз айтылгандыктан, окумуштуу болууга жолу тосулуп, айласыздан жазуучулукка ыктап кеткен деген сөздү укканым бар эле. Окуп жүргөн кезинде дагы Чыңгыз Төрөкуловичге ошондой сөздөр айтылганын уккансызбы?

— Ооба, бул айтылган сөздөр чындык. Чыңгыз акем окумуштуу болом деп аспирантурага экзамен тапшырып койгон. Ал кезде окуу жайдын директору Лущихин деген окумуштуу болгон. Чыңгыз Төрөкулович, Ботбаев Ильяз, Абдраев Каниметке окшогон балдарды жүн багытындагы койлордун породасын чыгарасыңар деп илимге тартып, өзүнүн мектебин түзөйүн десе керек. Ошол кезде директорго “Сиз эмне үчүн эл душманынын баласын аспирантурага аласыз?!” деп арыз түшөт. Ал кишинин айласы кетип Чыңгыз акеме “Сен эми аспирантурага өтпөй калдың” деп, Кеминдеги “Коммунизм” деген колхозго зоотехник кылып жиберишет. Лущихин дагы Чыңгыз акеми зээндүү баланы колдон чыгарбайын деп, КыргНИИЖВ (Кыргызский научно-исследовательский институт животноводства и ветеринарии) деген институттун Чоң-Арыктагы эксперименттик фермасына зоотехник керек болуп, Чыңгыз акеми ошол жакка сунуш кылат. Чыңгыз акеме дагы “Сен ушул жерде иштесең, илимий ишиңди улантып, илимий кызматкер болуп жүрө бересиң” деп жардам бериптир. Ошол жерде иштеп жүрүп илимий иштерди баштаган. Биздин топоздорду Даниянын көп сүт берген уйлары менен аргындаштырып, жаңы порода чыгарам деп аракет кылат. Ошол иши менен Ленинградга барган. Ленинградда илгери падышалар жашаган Гадчина деген жер бар. Согуш жылдары асыл тукум малдын баарын ошол жерге жыйнаган экен. Ал жерден Даниянын породасындагы буканы алып, поезд менен бул жакка жөнөтөт. Ленинградга барганда бир киши менен мейманканада чогуу жаткан экен. Эртең мененки, кечки тамакка чогуу барышып, комнатасына келгенде сүйлөшпөй эле жатып алышат экен. Ошол киши Чыңгыз акемин үстүнөн “Бул япон шпиону болушу керек. Сүйлөгөн сөздөрү түшүнүксүз. Жүрүм-туруму мындай”деп арыз жазат. КГБ кармап, “Сен бул жерде эмне кылып жүрөсүң?” деп суракка алышат. Илимий иш менен жүргөнүн айтып, түшүндүрүп берет. Өзү бул жакка келгенден кийин ошол окуясын айтып берип, аябай күлгөн. Баягы бука Жамбулга жетиптир, бул жактагылар ошол жакка барып машинага салып алып келишет. Букага “Васька” деп ат коюп коюшуптур. “Васька” менен биздин топоздорду аргындаштырыш керек да. Топозго бара жатып Долондо жолчулардын үйүндө түнөп калышат. Ошол жерде бир айдоочу ичкилик ичип, кызып алгандан кийин “Менин сүйгөн кызым бар эле. Ошол сүйгөнүмө жетпей калгам. Азыр жолчулардын үйүндө жашайт” деп өзүнүн ичиндегисин айтып бериптир. Чыңгыз акем илимий иши менен баратса да, ошол жерден “Кызыл жоолук жалжалым” чыгармасынын идеясы жаралат. Азыр “Васьканын” тукумдарынан бар деп айтышат.

— Чыңгыз Айтматовго Мухтар Ауэзов батасын берип, чыгармачылык жолун ачкан деп да айтылат. Ал киши менен Чыңгыз Айтматов кандай таанышып калганын билесизби?

— Чыңгыз акем Мухтар Ауэзов тууралуу өзү айтып калчы. Ал киши бул жакта “Манасты” талкуулап, жоёт экен, ушул тууралуу жыйын болот дегенди угуп атайын келиптир. Чыңгыз акемдин “Биз студент элек. “Манасты” жоёт дегенди угуп, жыйынга кире албасак да, сыртынан шыкаалап турганбыз” деп айтканы бар. Ошондо Мухтар Ауэзовду сыртынан көргөн экен. “Жамийланы” Мухтар Ауэзов окуганда ал кишиге жагыптыр. Ал киши дагы өзүнүн жакшы ой-пикирин жазып, колдоп коюптур. Биздикилер болсо жамандап, кабыл албай жаткан. Кийин Мухтар Ауэзов чоң жыйналышка келип калды. Үйгө чакырып чай бердик. Мухтар Ауэзов келет деп эжем экөөбүз үйдүн ичин жыйнап даярданганбыз. Жаз мезгили болчу. Жеңем базарга барып азык-түлүк сатып келген. Ауэзов менен бир топ жазуучулар кошо келишти. Апам Аскарды Ауэзовдун олтурган креслосуна оонатканы эсимде.

— Сиздер контрдун балдары дегенди аябай көп көтөрдүңөр. Чыңгыз агайга кыздар дагы контрдун баласы деп сүйлөшпөй койгон учурлары болгон экен. Керээз эже Чыңгыз агайга турмушка чыгууга кантип макул болду экен?

— Керээз жеңе мединститутта окуп жүргөн, абдан активдүү комсомолка экен. Комсомолдук бир жыйында чыгып сүйлөптүр. Сүйлөгөнү Чыңгыз акеме жагып калган го. Жеңемин атасы ооруп көз жумат. Жеңем апасынын боюнда болот. Ошон үчүн Керээз аталып калган да. Ал киши көз жумгандан кийин кудагый кайнисине турмушка чыгат. Андан Темир деген балалуу болот. Темирдин атасы куугунтук жеп калып, ал дагы жок болот. Кудагый эки уул, бир кызы менен айылынан көчүп кетет. Бул жерде Герцен деген көчөдө үйү бар болчу. Атасынын карындашы Айша апа Беловодскийде балдар үйүндө директор болчу. Ошол киши менен үй сатып алышып, балдарын ошол жерде багышат.

— Керээз эже Чыңгыз агайдын эң мыкты чыгармалары жазылганда жанында болду. Жеңе катары сиздерге мамилеси кандай эле?

— Абдан жакшы болчу. Биз Покровкада жашачу элек. Жеңемди ошол жакка алып келген. Покровкада туугандарыбыз деле жок. Кавказдан сүрүлүп келген карачайлардын көчөсүндө жашачубуз. Кечинде кой союп, чакырарга кишибиз жок, кошуна карачайларды чакырганбыз. Чыңгыз акем алдын-ала ушул күнү келебиз деп кат жазып жибериптир. Согуштан кийин гуманитардык жардам келген. Мага жибектен ак костюм тийген. Мен ошол кезде 14 жашта элем. Бүгүн келет деген күнү эртең менен туруп, ошол ак костюмду кийип, эшиктин астын суу чачып, кайра-кайра шыпырам. Кургап калса кайра суу алып келип чачам. Качан келишет деп эшикти ачып, эшикти карайм. Үйдө менден кийин жаш бала жок, биринчи келин болгон соң чыдамсыздык менен күтүп атам да. Кезектеги сууну алып келгенимден кийин эшик ачылып кирип келишти. Челекти көтөрүп алып чуркап баратам, суу чайпалып төгүлүп, көйнөгүм суу. Чыңгыз акем болсо эшиктин жанында туруп алып “Алдыгы көйнөгүң эмне болду?” деп атат. Жеңемди ошентип тосуп алгам. Биз фермага көчүп келгенде кичинекей эки бөлмөлүү үйдө, баарыбыз батып жашадык. Санжар дагы төрөлүп калган. Чыңгыз акем түндө олтуруп алып жазат, биз уктайбыз. Башка болсо “Койчу, үй-бүлөң чоң экен…” деши мүмкүн эле. Керээз жеңем биздин абалды түшүнүп, биз менен абдан жакшы мамиледе жашады.

-Керээз эже сиздин биринчи жеңеңиз. Ал сизге эже катарында эле болуп калган болсо керек?

— Жеңемдин да сиңдилери жок эле. Агасы, иниси эле бар болчу. Агасынан, инисинен да жалаң эркек балдар төрөлдү. Жеңем өзү “Сиңдим же кызым жок” деп айтып калчу. Мен болсо сиңдиң деле, кызың деле болом, сени картайганда багам деп айтчу элем. Кийинки жылдары буту ооруп калды. Кээде тепкич менен баратканда сүйөп-таяп, көрдүңбү мен сени багып атам деп коём да. “Кыйратып атасың” деп калчу эле.

— Чыңгыз агай менен Керээз эженин турмушу болбой калганы сизге да катуу тийсе керек?

— Ооба.

— Чыңгыз агайдын Бүбүсара менен болгон махабатын ар ким ар кандай айтып жүрүшөт. “Гүлсараттагы” Бүбүжандын образы Бүбүсара деп айтышат…

— Ооба, ошонун образы болсо керек. Чыңгыз акем менен Бүбүсаранын жолугуп калганы өзүнчө тарых. Бул Керээз жеңеме абдан кыйын болду. Башта мен бул тууралуу уккан эмес элем. Бир күнү үйгө келсем апам ыйлап олтурат. Эмне болду?- десем, “Чыңгыз Керээз менен ажырашам, Бүбүсара менен жашайм деп жатат. Мен Чыңгыз менен сүйлөштүм. Сен атасыз калганда ушул балдарыңдын курагында болчусуң. Азыр сен кетип калсаң, балдарың атасы жок калат. Сеники го айла жоктон болгон иш. Эч нерсени өзгөртө алган жокпуз. Сен өзүң балдарыңды ошондой абалга таштайын деп атасыңбы деп айттым” деди. Ошентип балдарын айтып Чыңгыз акеми кетирбей койгон. Жеңем атайын ооруканада лор врач болчу. Анын иштеген жерине күнүгө эле келчүмүн. Бир күнү келсем, жеңем “Муса Жангазиев келиптир. Чыңгыздын үстүнөн арыз жазып алыптыр. Ал арызды менин атымдан, менин үй-бүлөмдү ушинтип бузуп жатышат деп жазыптыр. “Биз чүйлүкпүз, сен биздин карындашыбызсың. Сенин тагдырыңа биз күйүп жатабыз. Ушул арыздын астына колуңду эле коюп кой, эртең эле Усубалиевге алып барып, Чыңгыз Айтматовду талкалайбыз” деди. Ушул жерде кол коюп берип кой деп бир саат кетпей олтурду. Кол койбойм деп айттым” деди. Жеңемдин эстүүлүгү да.

— Жеңеңиз кол коюп берсе эмне болмок?

— Ал кезде партия күчтүү. Чыңгыз акеме эптеп бир нерсе таап, талкалайлы деп турган мезгил. Анда Кыргызстандан чыгып кетиши керек болот эле.

— Бүбүсара тууралуу чекитти Нагима апа койгон турбайбы?

— Ооба, апам акыркы чекитти коюп, өзүнүн балалык кезин айтып, эки баланы карманды да. “Атаң күнөөсү жок атылып кетип жетим калдыңар эле, сен тирүү туруп балдарыңы жетим кыласыңбы!” деген сөзү катуу тийсе керек.

— Силер Сооронбай Жусуев менен чогуу бир үйдө жашадыңар. Ушунча бала менен эки үй-бүлө бир үйдө кантип жашадыңар эле?

— Сооронбай акенин аялы Шааркүл эже жаш, жоош, жакшы аял болчу. Ошол үйдө биринчи эркек баласын төрөдү. Керээз жеңем жумушка, биз окууга кетебиз. Үйдө апам экөө эле калат. Шааркүл эже жаш да, апам энеси катары баланы кантип караш керек экенин үйрөтчү экен. Шааркүл эже жолукканда “Мага өз апамдай эле жардам берчү” деп айтып калчу. Чогуу, ынтымакта жашаганыбызга апам менен Шааркүл эженин жакшы мамилеси башкы себеп болду окшойт. Сүйүнбай Эралиев, Шүкүрбек Бейшеналиев, Саякбай Каралаев, Райкан Шүкүрбеков деген эң мыкты чыгармачыл адамдар ошол жерде болчу. Атабыз реабилитация болгондон кийин бизге эки бөлмө беришти. Ошол жакка көчүп кеткенбиз.

— Чыңгыз агайдагы айкөлдүк атаңыз менен апаңыздын кимисинен өткөн?

— Апам абдан эстүү киши болгон. Абдан жакшы үй-бүлөдө тарбияланып, гимназияда, медреседе окуп билим алган. Чыңгыз акемин айкөлдүгү, акыл жүгүрткөнү апамдан болуш керек деп ойлойм.

— Чыңгыз Айтматов дүйнөнү дүңгүрөтүп аты чыгып калганда бирөө “Ушул адамдар сенин атаңын камалышына кол коюп бергендер” деп келишкенде, Чыңгыз агай “Эми, ошондой доор болгон экен” деп жооп берип койгон экен. Эгер башка бирөө болсо ошондой атак-даңк менен алардын тагдырын сындырып коёт болушу керек эле. Айкөлдүк тууралуу сураганым ошондон улам болду. Бир кезде Чыңгыз агайды биринчи секретарлыкка сүрөгөн таластык саясий топ болгон дешет. Москвага кечигип барып калып, Чыңгыз Айтматов биринчи секретарь болбой калган деп айтышат. Ушунун чындыгы барбы?

Усубалиев биринчи секретарь болуп иштеп атат. Эсенамановдун Эркин деген баласы болот. Эркин шаардык аткаруучу комитеттин башчысы болуп иштейт. Абдан билимдүү болгон. Элдин баары “Келечекте Усубалиевдин ордуна келе турган жигит” деп айтып жүрүшөт. Ал сөздү Усубалиев уккандан кийин аны бир себебин таап, жумушунан түшүрүп коёт. Эркин ичип кетет. Таластан Суванбирдиев, Аманов сыяктуу чоң кызматтарды жакшы аткарып ЦКга мүчө болгон мыкты кишилер чыккан. Мен кандай болгонун так билбейм, бирок таластыктар бир топ түзүп, Усубалиевди түшүрөбүз, Чыңгыз Төрөкуловичти эмес, башка кишини биринчи секретарь кылабыз дешет. Чыңгыз акеми Маданият министри кылабыз дешкен. Москвага ошолор барган болсо керек. Усубалиев алардан мурун кирип чыгат да. Кийин баягылардын баарын жумуштан түшүрдү.

Маектешкендер:

Бекен Назаралиев,

Наралы Асанбаев

Булак: Жаны Ордо

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *