Роза Отунбаева: “2010-жылы 10-июндан 11-июнга караган түнү Убактылуу өкмөттүн бардык мүчөлөрү жыйналып, Ош ааламатын токтотуунун аракетин жасаганбыз, бир гана Атамбаев дайынсыз жок болгон”

“2010-жылы 10-июндан 11-июнга караган түнү Ошто кыргыз-өзбек кагылышы чыгып, элдер кырылып жатканда Сооронбай Жээнбеков жатаканаларда кыздарды куткарып жүргөн”, – деп билдирди 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева “Азаттык” радиосуна орусча берген видеомаегинде.

“Убактылуу Өкмөттүн бардык мүчөлөрү, Алмаз Атамбаевден башкасы  10-июндан 11-июнга караган түндө өкмөт үйүнө жыйналып, бул ааламатты токтотуунун аракетин жасаганбыз. Таң атпай Исаков, Бекназаров, Чотоновдор Ошто болушкан. Бир гана Атамбаев дайынсыз жок болгон. Анда аны Россиядан келген жан сакчылар кайтарышчу. Анан эртеси түш ченде пайда болгон Атамбаев “мени такыр чыгарбай коюшту” деп актанган. Сооронбай Жээнбеков досу болгондон кийин ага телефон чалып, Оштогу окуяларды айтып жатты да, андай ааламатты уккандан кийин өкмөткө жетип келсе болмок…”- деди Роза Отунбаева.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *