Роза Отунбаева: “2010-жылы 12-майда Үсөн Сыдыков менен Исхак Масалиев төңкөрүш уюштуруп, борборду түштүккө алып кетебиз дешкен”

2010-жылы 12-13-14-май күндөрү Бакиевчилер төңкөрүш кылабыз деп аябай аракет кылышты”, – деп билдирди бүгүн 13-июлда экс-төңкөрүшчү Роза Отунбаева Бишкектин Биринчи май районундагы Текебаев/Чотоновдордун сотунда көрсөтмө берип жатып.

“12-май күнү 7-апрелде каза болгондордун кыркы экен. Бакиевчилер муну билип, ошол күнгө атайын чоң операция даярдашыптыр. Анын башында Үсөн Сыдыков менен Исхак Масалиев турушкан. Булар ошол түштүк тарапта туруп, республиканы жыртып эки жакка, анан борборду ошол жакка алып кетебиз деген ою бар экен. 12-май күнү эрте менен бизге “алар төңкөрүшкө даярданып жатат, Ак үйдү алат экен” деген маалымат келди. Анан Ак үйдүн алдына чууруп, аябай көп эл келе баштады. Карасак арак чыгарган бизнесмендин тарапкерлери көп келе баштады. Элдин саны 1,5 миңге жетип кетти. Тим эле кастрюлдарды уруп аткансып, кыйкырышып жатышты. Анан бизге “кол салуу болот, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө кол салуу болот, өлтүрүүгө чейин барышат” деген маалымат келди. 12-май күнү менен 7-апрелде каза болгондордун ата-энелерине жолугуп, кандай гана каргыштарды уктум. Ата-Бейитте куран окудук, анан саат 12лерде “Дасмияда” тамак бердик. “Дасмиядан” кийин “Мекен шейиттери” жулунуп биякка келишти. Алар менен аянтта тургандар кагылышып кетет экен деп чочуладык. Эптеп эки тарабын тең саат 4төргө барып тараттык. Анан баары тарагандан кийин саат 6ларда Атамбаев келди өзүнүн колоннасы менен. Бирок аянтта уже эч ким жок болчу… Кечинде “Түштүктө ситуация начарлап жатат” деп маалымат түшө баштады. Алардын максаты боюнча Ош менен Жалал-Абадды алыш керек экен. Эки обладминистрацияны басып алып, өздөрүнүн губернаторлорун коюш керек экен… 13-май күнү саат 12де абал курчуду. Милиция пассивдүү иштеп калды. Ош облусунун мурунку губернатору Бакиров Ош обладминистрацияны басып алып, азыркы Оштун мэри Айтмамат Кадырбаевди Ош облусуна губернатор кылып дайындашты. Жалал-Абаддын мурунку губернатору Масиров обладминистрацияны алганга аракет кылып жатты. Бектур Асманов обладминистрацияны таштап чыгып кетти. Биз Убактылуу өкмөт саат 2ге жолугуп, банк ячейкаларынан алынган 2 миллион долларды стаблизация үчүн Ош менен Жалал-Абадга жөнөттүк. Кечинде Үсөн Сыдыковдордун телефон аркылуу сүйлөшкөн сөздөрүн  телевизордон жарыялап жибердик…”, – деди Роза Отунбаева.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *