Роза Отунбаева: “Атамбаев шайлоодо Таластыктарды “бийликтин талапкерине добуш бербесеңер Кыргызстандан бөлүп Казакстанга кошуп беребиз” деп коркутса, түштүктү “Өзбекстанга кошуп беребиз” деп билдирди”

“Бабановдун Ошто айткан “Чөгөлөп жашагандан көрө тике туруп өлгөн жакшы” деген сөзү үчүн бийлик аны азыр коён кубалагандай кубалап жүрүшөт”, – деп билдирди 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева “Азаттык” радиосуна орусча берген видеомаегинде.

“Ошол эле учурда Атамбаев өзү шайлоо учурунда эки жолу, биринчисинде Таласта, экинчисинде Ошто элдин алдында чыгып сүйлөп, толук түрдө конституцияга каршы билдирүүлөрдү жасады. “Силер баарыңар бийликтин президенттикке талапкерине добуш берүүгө милдеттүүсүңөр,  башкага добуш берип көргүлөчү, анда биз Таласты Кыргызстандан бөлүп, Казакстанга кошуп беребиз” деп Таласта коркутса, ал эми түштүктө, ал Баткен, Жалал-Абад, Оштун активдерин жыйнап алып “Биз силерди бөлүп, Өзбекстанга өткөрүп беребиз”  деп билдирүү жасады.  Сиздер башка бир мамлекеттин президентинин ушинтип билдирүү жасаарын элестете аласыңарбы?”, – деди Роза Отунбаева.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *