Роза Отунбаева: “Атамбаевди эмнеге кечириш керек? 20дай саясый туткун түрмөдө олтурат, өзү Бакиевдей авторитар болду, эми кайра кайрылып келип, партиясынын башына туруп, бийликте түбөлүккө калгысы бар”

– Атамбаев инагурацияда элден кечирим сурады, сиз аны кечирдиңизби? Кечире аласызбы?

– Бул оор суроо,  аны эмнеге кечириш керек? Бүгүн 20дай саясый туткун түрмөлөрдө олтурушат, канчалаган гезиттер анын ар намысына шек келтирди деген жарлык менен миллиондогон сом штрафтарга жабылышты. Бул деген күч колдонуу позициясынан сүйлөшүү, бул жерде акылдын жыты да жок, стабилдүүлүк да жок. Менин оюмча Атамбаев деле  мурунку президенттердей эле, Бакиевдей эле авторитар болду. Тилекке каршы анын президенттик мөөнөтү бүткөндөн кийин биздин айтарыбыз – биз андан мындай президенттикти күткөн эмес элек. Биз оппозицияда чоогу жүргөндө бир партия президентти шайлап, анын мөөнөтү бүткөндө бийликти экинчисине өткөрүп бере турган максатты көздөбөдүк эле. Эми болсо ал кайра кайрылып келгиси бар, партиясынын башына туруп бийликте түбөлүккө калгысы бар”, – деп билдирди 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева “Азаттык” радиосуна орусча берген видеомаегинде.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *