Роза Отунбаева: «Атамбаев 7-апрель күнү “Мен “обезьянникте” отурдум, кийимдерим сасык жыттанып, өзүм да жийиркенип турам. Үйгө барып жуунуп, анан кечирээк «Форумда» жолугалы” деп отурбай, кетип калды»

Президенттин чындыгы. Төртүнчү маек.

(Башталышы мурунку сандарда)

-Кечки 19.30 биринчи этаждагы ЖКнын пресс-борборунда Текебаев, Шер, Чотонов, Дүйшөбаев, Мадылбеков, Сариев, Эркебаев, Ибраимовалар болуп жыйналып калдык. Аянтка барып ал жердеги хаотикалык атууларга күбө болдук, жаштар жарадарларды машинелерге салып алып жатышты. Балдар, алардын лидерлери менен бетме-бет сүйлөшүп, элди партиялык жана регионалдык топтор аркылуу чогултуп көрөлү деп, аракет кылдык. Иса Өмүркулов менен Темир Сариев мурун эле аянтта болушуп, баарын мурун эле көрүп-билишип, курал атууларды токтотуш керек, биз айрым бир силовиктер менен сүйлөштүк дегенде, Ак үйдүн ичине кирели деп чечтик. Төртөөбүз: Темир Сариев, Кеңешбек Дүйшөбаев, Эмилбек Каптагаев Ак үйдүн күн чыгыш тарабынан кирип, 7-этажга түз эле чыгып бардык. Залда Данияр Үсөнов баш болуп күч структураларынын башчылары толук отурушуптур. Баарынын түрлөрү бопбоз, маанайы төмөн, көздөрү алаңдап эмне кылаарын билбей, баары мергенчиден бурчка коргологон жаныбарлардай көрүндү мага. Саламы жок эле баш ийкеп, ошол замат мен БЭКтин Аткаруу комитетинин төрайымы катары Үсөновго кайрылдым: “Соодаңар бүттү, сырттагы өлүмдөр — ​силердин мойнуңарда. Атууну азыр эле, тез токтоткула да, өкмөттү тараткыла, мага отставка жөнүндө кагаз жазып бергиле” деп. Үсөнов болсо: “Мен өзүм үчүн жооп берем, азыр эле жазып берем, бирок президент үчүн айта албайм, мен ал кишиге айтып чечим кабыл алалы”, деди. “Жаныңда эле отурбайбы, — ​деп мен жооп айттым, — ​барып айт, бир сааттан кийин түн кирип кетсе аянттагы элге эчким ээ боло да албайт, эмне болуп кетээрине эч ким кепилдик бере албайт, азыр отставкага дароо кетип жарыя болуп кетсе, эл токтойт”. Менин жанымдагы Сариев, Каптагаев, Дүйшөбаевдер менин сөзүмдү кубаттап, аларга сөз жолдошту. Биз ЖКга кайтып кеттик. Сариев ал жерде калып, Ак үйдөгү толо ар бир министрликтин, ар түрдүү аскерлердин чыгарылышына коридор түзүп бергенге, ошондой эле Ак үйдү өрттөбөй, тонобой кантип сактап калыш керек деген маселелерди талкуулап, чара көргөнгө кам көрсүн дедик. Кечки саат тогуз ченде И. Өмүркулов болуп кайта Ак үйгө келдик, Д. Үсөнов мага Бакиевге жолдогон, өзүнүн каалоосу менен премьер-министр кызматынан чегинүүсүн (отставкасын) сураган катты тапшырды. Мен катты алып кабинетимде күтүп турган элге шаштым.

— Демек, Бакиев өзүнүн өкмөтү тарасын дегенге “добро” бергенден кийин, 7-апрель түнү аткаруу бийлиги тарс деп жарылганын, жок болгонун эчким байкаган да жок, туурабы?

— Ооба, биз Ак үйдөн чыгып кетээр менен Бакиев жан-жөөкөрлөрү менен арткы дарбазаны сүзүп чыгышып, машинелердин айнектеринен тегеректеги элди автомат менен аткылап, “Манас” аэропортун карай качып кетиптир. Муну кийин билдик. Ошол учур абдан жоопкерчиликтүү болгон. Эгерде өкмөт кетти, бийлик кулады деп шашылыш жарыя кылып жибергенде, жаалданган эл Ак үйдүн короосунда, ичинде толтура жүргөн 350–400 милиционер, жоокерлерди тытып, жанчып, кырып салат болчу, дагы канча кан төгүлөт эле. «Ак-жол» парламенттин дареги жок, алар күндүз болуп жаткан окуяны сыртынан аңдап жатышты. Анын баарына биз да күбө болдук, бирок биз аларга караганда, жоопкерчиликти өзүбүзгө жүктөп, аянттагы кан-төгүүнү токтотууга күч жумшап, жарадарлардын баарын сактап калганга шарт түзүп, элди тынчытып, таратып, ишке кириштик. Бакиевчилер Ак үйдөн чыкканда эле ал имаратка чабуул жасалды, ал агымды эчким токтото албайт эле, көздөрү канга толгон жигиттер, балдар, баарын өрттөйүн, жок кылайын деген ойлор менен Ак үйгө киришип, түнү бою колуна тийгендин баарын тытып, талкалап, ала турганын алып, кеңсенин тамтыгын кетиришти. Мародерлук бул жолу да кара чумадай башыбызга түштү. Камактан чыгып келип жаткан саясатчылар баары аянтка барып, жардам аракеттерин жасап жатышты. 2005-жылдагыдай эле жини кайнаган эл бийликтин жек көрүндү “кара жащигин” барып минип алып, токтобой КТРде жаштары-карысы, оң-солчулдар келип өздөрүнүн ой-эмоцияларын төгүп жатышты. Телеканалдар аркылуу Текебаев, Каптагаев, Бекназаров, Өмүркулов жана башкалар чыгышып, бийлик кулаганын, бардык жоопкерчиликти Бириккен Элдик Кыймыл, Курултайда түзүлгөн Борбордук Аткаруу Комитети өзүнө ала тургандыгын, өлкөдө элдин ишеничине ээ боло турган жаңы бийлик түзүлө тургандыгын жарыя кылышты. “Убактылуу өкмөт” түзүлсүн, элдин эркин билдирүүсүнө ылайык бийлик Убактылуу өкмөтүнө өтөт деп жумушчу топ биринчи декреттин проектисин талкууга даярдады. Эсимде, Атамбаев кечки саат тогуздарда менин кабинетиме кирип, биздин иштеп жатканыбызды көрүп, ахвалды сурап, “Мен “обезьянникте” отурдум, кийимдерим сасык жыттанып, өзүм да жийиркенип турам. Үйгө барып жуунуп, анан кечирээк «Форумда» жолугалы” деп отурбай, кетип калды.

— Убактылуу өкмөт Бакиевдин жокко кеткен өкмөтүнүн ордуна келгени жарыяланып, ал кандайча түзүлдү? Сиздин талапкерлигиңизди ким көрсөттү?

— Аянттагы жана жалпы шаар боюнча ситуацияны колго алуу, элдердин коопсуздугун сактоо бул эң биринчи маселе болуп күн тартибине матаны жырып чыккан мыктай эле оркоюп чыкты. Зарылдык түрдө Болот Шерди МВДга, Мадылбековду УВДга, Душебаевди ГКНБга жибердик. Түн жарымда, саат он эки болуп калган, Текебаев, Атамбаев, Чотонов, Шыкмаматов, Шер, Мадылбеков, Сариев, Ибраимова, Эркебаев, Өмүркулов, Каптагаев, Дүйшөбаев болуп баарыбыз «Форумга» чогула баштап, кантип ишти алып барарыбызды талкуулап, ситуация боюнча мен кыска обзор жасап бердим. Азимбек Нарындан шаарга келип эле Исмаил Исаковду бошоткону колонияга кеткен, алар биздин жыйындын аягында келишти. Аны эстегеним: мен Айбек Турганбаевге (ГСИНдин башчысы) телефон чалып: “Исаковду бошотуп бергиле, Бекназаров ошол жерге бара жатат”, дедим. Убактылуу өкмөт жөнүндө декреттин проектиси баарынын колуна тийгенде эле “Ким башчысы болот?” деген суроо кабыргасынан турду. Ө. Текебаев, Б. Шерниязов, Д. Чотоновдор “Роза эже азыр БЭКтин Аткаруу комитетинин төрайымы, ал киши эле болсун” деп үн катышты. Тургандар колдоп калышты. Аны күтпөгөн Атамбаевдин өңү бузулду да, кырдаалды байкап көрүп: “Болуптур, Роза Исаковна УӨ төрайымы катары президент жана ЖКнын спикеринин ролун колго кармасын, өкмөттүн укуктарын мага ыйгаргыла биринчи орун басары катары”, деп сунуш берди. Ага Эльмира Ибраимова макулдугун айтып, Атамбаев БЭКтин башчысы катары ошондой орунду кармаса, туура болот деген позициясын ортого чыгарды. Тегеректеп турган саясатчылар, өзгөчө Текебаев менен Сариев: “Жок, андай болбойт, азыр жетекчилик бир колдо эле болуш керек, бир кишиге жүктөйлү да, ушу күнгө чейин Роза Отунбаева ал жоопкерчиликти көтөрүп келе жатса, так ошондой эле алып барсын” деп чуулдап калышты. Ошентип Атамбаев мага биринчи орун басар болуп, биринчи вице-премьердин полномочиелери менен иштеп калды. Текебаев конституциялык реформа жагын толук мойнуна алды. Ошол учурду бүгүн дагы ойлосом, партиялардын лидерлери бир-бирине атаандаштыгы ансыз деле курч, мындайда эч качан жетекчиликти алдырбайт болучу, төрагалыкты бири-бирине эрегишип, ыраа көрбөй, “через мой труп” деп кекенип турушкан кез эле. “Мен болом” деп жулкунбаган, мен, алардын атаандаштыгын көрүп, эртең кантип ушул күчтөр менен бул оор ахвалдан чыгабыз деп четте кайгыга батып отурдум. Эсиңердеби, ошол эле жылдары Украина, Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөрдөгү чатактарда диктаторлор кеткен соң оппозиция чытырап-бөлүнүп, бир муштумга чогула албай, ар бири бийликти мен алам деп, өчөшүп-тытышып, өлкөнү узак созулган согуштарга чөктүрүп коюшпадыбы… Шүгүр дейли, биз ошондой коркунучтан өтүп кеттик, кыска мөөнөттүк, болгону бир жарым жылдык өткөөл мезгилдин аныкталышы, ошол мезгилде Убактылуу өкмөт аткара турган ири саясий иш-чаралардын элге ачык жарыя кылынышы, туура түшүндүрүлүүсү, эң башкысы — ​элдин сабырдуулугу, ички биримдикке карай умтулуусу өбөлгө болду. Убактылуу өкмөттүн мандатын болгону үч ай деп аныктадык, жаңы Конституция кабыл алынышы менен аткаруу бийлиги болгон Өкмөттүн ыйгарым укуктары мыйзам чегинде түзүлгөн жаңы өкмөткө өткөрүлүп берилмек, андан дагы үч ай өткөндө парламенттик шайлоо болуп, Жогорку Кенештин курамы калыптануусу менен УӨ өз ишин токтотмок. Ошол графикти биз так сактадык, июль айынын башында Техникалык Өкмөт түзүлдү, иштин баары ага жүктөлдү, декабрда УӨ өз ишин токтотту, миссиясы бүттү. Канчалык УӨ ичинде ички атаандаштык курч болуп, алар бир-бирин тоотпой, жол бербей, тартышып-түртүшүп турса да биз бул иштерди аткардык. Ал оңойго турбаганы, түшүнүктүү го.

— Саруулар, силер алдын-ала сүйлөшүп алып, Отунбаеваны дайындагансыңар деп, Атамбаев кызуу кандуулукка алдырып Бекназаровго опурулганын, ар булактан көп эле укканбыз, ошол чынбы?

— Мен ушул сөзгө ишене албай койдум. Жаманбы-жакшыбы Атамбаев менен бирге он жылга жакын иштеп калыптырбыз. Анын ашынган трайбалист, улутчул эместигин, орустардын арасында жашап-окуп, жагымсыз “чылыктары” жогун күнүмкү иштерде жакшы эле билчүмүн. Өзүнүн түбү кайдан экенин өзү билбей, чаташтырып, өмүрүнүн ар этаптарында ар түрдүү аймактарга, урууларга таандуулугун айтып, жагынып, балким турмуш шарты кыстагандыр, аягында такка отурганда тарыхчыларына заказ берип өзүнүн санжырасын жаздырганы, аны эчким көрүп-окубаса да, элдин кабары бар. Бирок эч качан ким кайсы уруудан деп саясатчыларды тескегени эсимде жок. Балким ошол 7-апрель түнү аны көкөлөтүп көтөрүп, БЭКтин мүчөлөрү жалгыз лидер деп тааныбай койгонуна ызалангандыр… Деле Атамбаев жөнүндө Кыргызстандын сыртында эчкимдин кабары жок экени ошондо билинди, ал президенттикке көргөзүлүп жатат дегенде, элчиси болобу, өлкө же өкмөт башчысы болобу, журналисттер ал киши өлкөнүн атынан биринчи жолу сахнага чыгып жатканын көрүп, акыясын сурап, изилдеп жатышты. Орусия жетекчилери да менден тет-а-тет бул киши ким деп сураганы бар. Президенттикке кандидатыңар анча эмес, ичет экен деп менден деликаттуу түрдө үлкөн кошуналар сураганда, мен чын ыкласым менен “Жок, андай эмес, мен эч качан көргөн жокмун мас болгонун” деп жооп бергем. Ооба, эмоциясын, ачуусун кармай албай калат, аны менен иштеген аткаминерлер баары эле катуу, ачуу, ыңгайсыз сөз угуп жүргөнүн көп укчум. Бирок акыркы жылы, кетээр маалында Казакстандын президенти Н. Назарбаев жана анын өкмөтү менен тирешип кандай гана ыплас, даражасына жарашпаган, өлкөбүздүн жүзүнө көө жаап, аброюн түшүргөн сөздөрдү айтканында — ​чын эле баягы ажыдаар, кызыл-кандуулукка алдырып жинденип жатат, айла жок деп, жерди тиктеп, эл менен бирге кетээрин чыдамсыздык менен күтүп отурдук. Азыр, убакыт өткөндө, ойлоп көрсөк Атамбаев 7-апрелде Убактылуу Өкмөттү башкарып калса биз баарыбыз өткөн кайгылуу, трагедиялык жолду кандай өтөйт элек?! Бизди ал каякка алып келет эле? Кимдер менен согуштуруп-уруштурат эле? Аягында биз кандай авалда калат элек? Аны көрүп отура албаган революциячыл саясатчылар өзүбүз аны менен күрөшүп, баарыбыз жарандык согушка матырылып-чыланып калат белек деген ойлор азыр да чочутат, жаман түш киргендей болуп…

— Адахан Мадумаров сизди “Отунбаева өзүн-өзү шайлаган президент” деп айтып чыккан эле. Мадумаров айткан сөздү кийин Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүндө кайталады. Сиздин фамилияңыз шайлоо бюллетенине киргизилген эмес болчу, сындарга кандай карайсыз?

— Мадумаров айтса айта берсин, ал айтабы, дагы башкасы айтабы, андай сөздөргө терикпейм, кабагым-кашым да дебейм. Ошол учурдагы кырдаалды түшүнгөн адамдардын, дүйнөлүк саясий процесстерди, ар кайсы мамлекеттердеги саясий катаклизмдерди билген, алардын ички механизмдерин да жакшы түшүнгөн саясатчылардын, мамлекеттик түзүлүш боюнча эксперттердин пикирлери Кыргызстандагы 2010-жылдагы Апрель революциясы жана андан кийинки мамлекеттик бийликти легитимдүү жолго салуу боюнча биздин практикага карата көз караштары такыр башка. Асмандан түшө калгансып, ар нерсени жоромолдоп айта бергендердин сөзүн мезгил өзү таразалап, өзү электен өткөрүп коёт.

Эстегилечи, ошол 7-апрелде кандуу бийлик урап, үч бутагы тең канга чыланган борбор аянтта тарс деп чачырап жок болуп кетпеди беле! Оппозиция лидерлеринин дээрлик баары кечинде камактан чыгып, биринчи жолу Жогорку Кеңештин имаратында чогулганыбызда Өлкөдө бийлик жок болчу, башаламандык өкүм сүрүп турган, коом жарандык согуштун, массалык кыргындын кырында турган. Бүгүн бул чындыкты эч ким тана албайт. Биз “Бийлик жөнүндө” декрет кабыл алып, мамлекеттик бийликти ошону менен бирге жоопкерчиликти моюнубузга алдык деген менен Убактылуу Өкмөттү ким таанып, Кыргыз Республикасынын жогорку бийлиги катары ким эсептешти эле? Кыргыз Республикасы деген де-факто бар болгону менен, де-юре бизди эч ким тоотпой турган. Референдум өтүп, жаңы Конституция кабыл алынган 27-июнга чейин Убактылуу Өкмөттү эң жакын өнөктөштөрүбүз (КМШ, ШОС, ОДКБ) дагы кезектиги жыйындарына чакырбай, биздин легитимдүүлүгүбүздү тааныбай турушкан. Убактылуу Өкмөт деген эмне, бийликтин үч бутагынын тең ыйгарым укуктарын колуна кармап турган анын Төрагасы ким, булар менен укуктук негизде кызматташууга болобу же жокпу деген суроо табигый эле да. Мындай туңгуюктан чыгуу зарыл болгону айтпаса да түшүнүктүү. Мына ушундай шартта абдан терең талкуулап, ар тараптан ойлонуп туруп бийликти легитимдештирүү жолун тапканбыз, өткөөл мезгилге Президенттик кызмат ордун түзгөнбүз. Жаңыдан Президенттик шайлоо өткөрүүгө укуктук негиздер да жок болчу, андай мүмкүнчүлүктөр да жок болчу. Ошентип “Кыргыз Республикасынын өткөөл мезгилдеги Президенти жөнүндө” № 39-декретти кабыл алдык, бул Декрет жаңы Конституциянын долбоору менен бирге бүткүл элдик добушка коюлуп, жалпы элибиздин добушуна ээ болгон. Бул айныгыс факт. Ошол референдумга коюлган Декретте: “Убактылуу Өкмөттүн Төрагасы Роза Исаковна Отунбаевага Кыргыз Республикасынын өткөөл мезгилдеги Президентинин ыйгарым укуктары таандык кылынсын” — ​деп ачык жазылып турат. Мындай чечим менен эл аралык уюмдар, чет мамлекеттер, алардын арасында кошуналарыбыз макул болушуп, мен Кыргыз Республикасынын Президенти катары жападан жалгыз мамлекеттик бийликтин легитимдүү өкүлү катары таанылып, башка өлкөлөр менен, алардын лидерлери менен сүйлөшкөнгө, иш жүргүзгөнгө жол ачылган. Июнда ийгиликттүү өткөн Референдумда жаңы Конституция кабыл алынды, күзүндө боло турган парламенттик шайлоого жол ачты. Өлкөдө легитимдүү Президент, ал таянып иштей турган Баш мыйзам пайда болгондон кийин Убактылуу Өкмөт иш жүзүндө өзүнүн ишмердүүлүгүн токтотту, аткаруу бийлиги толугу менен Техникалык Өкмөткө өттү, кийин бул факт декабрда документтелген болучу.

Техникалык Өкмөт ишке кириши менен Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү, алардын ичинде партиянын лидерлери биринчи сапта шайлоого аттанышты, кызматтарын тапшырышты. Президент катары мен таза жана адилеттүү шайлоону өткөзүүгө милдет алып, ошол эле убакта элдин жашоосуна, коопсуздугуна, өлкөнүн стабилдүүлүгүнө жоопкер болуп калдым. Айта кетүүчү жагдай, парламенттик шайлоо аяктап, Жогорку Кеңеш ишке киришип, жаңы Өкмөт түзүлгөнгө чейин мага жалаң эле Президент эмес, спикер да, өкмөт башчысы да болуп, үч бийликтин тизгинин бир колго кармап иштеп турууга туура келди. Жаңы Конституцияны ишке киргизүүгө багытталган мыйзамдын талабы ушундай эле. Ал мезгил өтө оор болгону баарыбызга эле маалым, энергиянын баарын түштүктөгү коогалаңдын кесепеттерин жоюуга багыттадык, улуттар арасындагы араздашууну тынчытуу аракетин жасап, Ош, Жалал-Абад шаарларында, дагы бир топ жакынкы райондордо жабыркагандардын үйлөрүн кышка чейин куруп бүтүрүүгө жетиштик, бир да үй-бүлө көчөдө калган жок. Ошондой эле коопсуздукту чыңдоо, өлкөнү кышка даярдоо, бюджет тартыштыгына карабай финансылык сектордун туруктуу иштөөсүн камсыз кылуу, эмгек акыларды, пенсия-пособияларды өз учурунда кармабай төлөө сыяктуу көйгөйлөр да моюнда турган. Анан дагы, биз үчүн эң маанилүү болгон парламенттик шайлоону таза, демократиялык духта өткөрүү зарыл эле. Ошентип октябрь айында парламенттик шайлоо өттү, Убактылуу Өкмөткө оппозиция катары өздөрүнүн позициясын карманган “Ата Журт” партиясы эң көп добушка ээ болду, жаңы башкаруу системасына ылайык экинчи аракеттен кийин араң коалициялык өкмөттү түздүк. Андан бир жыл өтүп 2011-жылдын октябрь айында президенттик шайлоону өткөзүп, мен бийликти жеңишке ээ болгон А. Атамбаевге чын ниетим менен өткөрүп берип, саясий майданды толук бошотуп, чыгып кете бердим. Шайланган президенттин ишке кирүүсү менен 30-октябрдан тарта Кыргызстанда мамлекеттик бийлик толугу менен легитимдешти, конституциялык талаага түштү, өткөөл мезгил аяктады, мен дагы өткөөл мезгилдин Президенти катары өз миссиямды аткардым. Ушул жол менен президенттике келген Атамбаев кийин асмандан түшкөнсүп баарын танып, жокко чыгарып, 2016-жылдын 31-августу күнү, Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн чейрек кылым майрамында, элдин эсин оодарып, майрамдык маанайын жерге түшүрүп жатпайбы. Эң кызыгы, мен айтып кеткен номер № 39- Декретке өзү кол койгон, Убактылуу Өкмөттүн жыйынына менин биринчи орун басарым катары катышкан. Айнып калган күндө дагы, президенттик шайлоо Убактылуу Өкмөттүн декреттеринин негизинде өтүп жатса, шайлоону жарыялап, уюштуруп, өткөрүп жаткан өткөөл мезгилдин Президенти катары Отунбаева болсо, менин колумдан бийликти колмо-кол алып жатып анан ошентип тетир сүйлөгөнү уят эле иш. Такта туруп басмырлаганы — ​өзүнүн начарлыгын, алсыздыгын далилдегени. Эркек башы менен эл алдында опурулганын, өзүнүн абийири элдин алдында айрандай болуп төгүлүп жатканын көрүп, истерикасына күбө болбоюн деп ошондо Ала-Тоо аянтынан басып кетип калгам.

Мен ишенем, өткөөл заманда биз тапкан, биз колдонгон тажрыйбабыз, биздин шартка ыңгайлуу болуп табылган убактылуу саясий институт жана механизмдер дүйнөлүк коомчулуктун назарына түшүп, оор саясий кырдаалдардан чыгуу, конфликттерди чечүү боюнча эл-аралык тажырыйба казынасында өзүнүн татыктуу ордун табат. Тилекке каршы бул темада салмактуу иштер жазыла элек, жазылса андай талдоо-изилдөөлөр азыркы саясий адабиятта чоң кызыгуу жаратмак.

(Уландысы кийинки санда)

Маектешкен Бекен Назаралиев

Булак: “Жаңы Ордо”

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *