Роза Отунбаева, экс-президент: «Атамбаев В. В. Путиндин алдында “Эки революцияны тең мен жасаганмын!” деп кабак-кашы, оозу-мурду кыйшайбай айтпадыбы. Атамбаевге таң каласың, революцияны ким жасаганын элибиз жакшы билет»

— Роза Исаковна, сиз жакында эле абакта отурган Өмүрбек Текебаев менен жолугуп, ал-абалын сурап чыктыңыз. Эрки кандай экен, сынбаптырбы? Текебаевдин камалганына да бир жылдай убакыт болуптур. Эгер жашыруун болбосо, эмнелер туурасында сүйлөштүңүздөр? Өзүнүн ак экенин, саясатта кай жерден жаңылышканын айтып бердиби? Эмнеге өкүндү?

— Ооба. Мен Өмүрбек Текебаевге 47-колонияга өткөн декабрда кирип чыктым. Жаңы эле Кытайдан келген болчумун, ал жерде өткөн өтө маанилүү Кытай Компартиясынын съезди, Президент Си Цзиньпин менен болгон жолугушуу жана дүйнө жүзүнөн келген партиялардын Бейджиндеги чоң жыйыны жөнүндө ага айтып бердим. Өмүрбектин кайраты күчтүү, сыр билгизбейт, ошол эле бойдон экен. Сотторуна да барып жүрдүк, анда да өзүн бекем кармап, сыртынан өтө эле дурус көрүндү. Эң башкысы, эрки сынбаптыр. Эми Өмүрбектин бош убактысы арбын болгондуктан китептерди көп окуп жатат, биз дагы ага китептерди жөнөтүп турабыз.

— Ошондой эле камакта ачкачылык жарыялаган Бектур Асанов менен да жолукту деп уктук.

— Ооба, жакында эле Бектур Асановго да кирип чыктым. Мен абакка киргенде Бектурдун ачкачылык кармаганына жыйырма эки күн болгон экен. Операциядан кийин ушунча күн ачкачылык кармап, соо калбайт го деп тызылдап барганмын. Чынында анын ден-соолугун ойлоп, жүрөгүм ооруп корктум эле. Бектур кайра мени сооротуп жатпайбы…

— Арыктап кетиптир деген сөздөр чынбы?

— Эми, Бектур арыктаса арыктаган чыгар, өзү сөөктүү жигит эмеспи, көзгө көрүнбөйт. Бирок сырт көрүнүшү жакшы, сакал-мурутун алып, тыкан экен. Сырткы келбети жакшы эле. Мен ачкачылык кылып жаткансып, кайра мага кайраттуу сөздөрдү айтып, мени сооротуп жатты. Анан мен, “Айланайын Бектур, сен ачкачылык кармаганыңды токтот! Сегизбаевге өчөшкүдөй ал ким эле сага, сен али жашсың! Эмне үчүн сен Сегизбаев үчүн өлүшүң керек! Келечегиң али алдыда, кыргыздын сендей курч жигиттери кайрадан чоң саясатка келиши керек! Токтот! Ким билет, мезгили келсе сени камагандарды сен бийликке келип түрмөгө отургузуп калышың да мүмкүн. Тарыхта мындай окуялар абдан эле көп болгон. Сен өлүп калсаң да буларга эч ким эмессиң! Сен биз үчүн, кыргыз эли, үй-бүлөң үчүн керексиң!” деп андан улуу, көптү көргөн эжеси катары өз сөзүмдү айттым.

— Сизге чейин Азимбек Бекназаров да Бектур Асановго кирип чыккан экен. Азике да “Бектур, сен кимге өчөшүп жатасың! Сегизбаев үчүнбү? Токтот!” деп айтса укпай койгон экен…

— Ооба. Азимбек Бекназаров да кирип чыкканын, ал тургай сөккөнүн да мага айтып берди. Чынында, Азимбек, агасы катары Бектурга катуу айтыптыр. Бизди курчап отурган түрмөнүн жоокерлерине: “Бектур Асанов — чыныгы революционер, 2005, 2010-жылкы кыргыз революцияларынын башында турган жигиттердин бири” деп айттым, “Элдин келечек тагдырына кош көңүл карабаган, накта патриот, керек болсо өз баштарын сайып койгон баатыр жигиттер ушул Бектурлар болгон. Ошону биле жүргүлө!” дедим. Ал кайра мага “ Роза Исаковна, мына сиз Махатма Ганди туурасында китеп чыгарып жатасыз. Биз Гандинин басып өткөн жолунан үлгү алып, ошонун методикасы менен келе жатабыз. Гандини деле түрмөгө отургузуп сындыра алышкан эмес. Биз деле ошондой кайрат менен ачкачылык кармап отурабыз. Аны башыбыздан өткөрүш үчүн биз СИЗОдо жарым жыл даярданганбыз. Роза эже, эч нерсе болбойт, өлбөйбүз, жеңебиз,” деп бакылдайт.

— Бектур менен ээн-эркин сүйлөшө алдыңызбы?

— Каяктан! Түрмөнүн начальниги, дагы бир топ офицерлер биздин эмне сүйлөшкөнүбүздү угуп отурушту. Биздин деле алардан жашыра турган сөзүбүз жок болчу.

— Бектур Асановду 2005-жылдагы революция учурунда жакшы билип калдыңыз го?

— Ооба. Жакындан билип, революциялык иштерге чогуу аралашып калганбыз! 2005-жылы февралдын аягында мен Таласта Болот Шерге иштеп жүрсөм Ноокен району боюнча ЖК депутаттыгына талапкер Дооронбек Садырбаев жардамга чакырып, “Менин абалым оор, бир келип шайлоочуларды аралап бериңиз! Болбой калды…” деп калды. Докенин үнү бүтүп, кыйылдап чыкпай калыптыр. Доке суранып жаткан соң баарын таштап Ноокенге жол тарттым. Мен өзүм деле Таластан суук тийгизип алып, температурам жогору болуп тургам, бирок “Ата-Журт” кыймылында тең-төрагам үчүн көп ойлонбой эле, шаарга келип, анан түз Жалал-Абадка учтум.

— Сакалдыга бурула берген жерде боз үйдөн турган штабы бар эле…

— Ооба, Докем чыгырмачыл адам эмеспи, өтө креативдүү түрдө үч жолдун кесилишине боз үй тигип, кыштын кычыраган суугунда ошол жерден үгүттөө иштерин жүргүзүп жүрүптүр. Райондогу мектепке, айылдын эли чогулган жерлерге барып Докеме эки күн катары үгүттөп жүрдүк. Ударный иш-чарасын Кочкор-Атадагы клубга уюштуруптур, ал жерге Медеткан Шеримкулов, Үсөн Сыдыков, “тилин бал менен сүйкөп” койгон облустун эң кыйын тамадасы Нуркан-айым, дагы бир топ артисттер да чогулган эле. Ар бирибиз элге чыгып, жалындуу сөздөр менен Докемди мактап-көкөлөтүп, колдоого чакырып жаттык. Элдин жүрөгүнө жете алгандай эле болдук. Ал убактагы президент Акаев өзүнүн жакын адамдарын гана парламентке алып келүүгө катуу аракет жасап, Ак үй, административдик күч, ошондой эле акча менен добуштарды ачык сатып алууга киришип жатты. Өз алдынча демократиялык, андан да артык оппозициялык көз карашы бар адамдардын баарын акаевдик клан бут тосуп шайлоодон өткөрбөгөнгө аракет кылып жатышты. Абал күндөн-күнгө курчуп, биздин кандидаттардын иши оң-сол болуп турган кези. Өмүрбек Текебаевдей төрт жолу өзүнүн районунан жаш кезинен баштап шайланган адамдарга да шайлоо кыйын болуп калды. Бийлик жалаң чөнтөктөрү калыңдарды ага каршы тизип коюптур. Бир эле Азимбек Бекназаров биринчи турдан утуп, башкалар болсо бир буту чыгып, экинчиси капканга кыпчылып калгандай эле болуп жатты. Акман айылынын мектебинен баштап бир топ эл чогулган жерлерде Өмүрбекти колдоп жүрүп, Чотоновдун иши начар, ал жерге жардамга баралы деп чечтик. Докем менен кабарлашып туура эле Жалал-Абадга жол тарттык.

— ”Ата-Журт» кыймылы менен КЭК кыймылы байланышта иштедиңерби ошондо?

— Саясатчылардын мамилелерине жараша гана болду го дейм. Азимбек өзгөчө Бектур менен Дүйшөн Чотоновго агалык сезимин көрсөтүп турду, анткени мен уккандан Аксы окуясында экөө тең Азимбектин элин катуу колдогон. Мен, эсиңерде бар болсо, 2005-жылдын январь айы бою ЖКнын алдында өзүмдүн укугумду коргоп мөөнөтсүз митинг уюштуруп тургам. Элчи болуп акыркы 5 жыл өлкөдө жашаган жоксуң деп, депутаттыкка жол жабышкан болчу. Анан шайлоо башталганда “Ата-Журт” кыймылынын башында турган адамдардын бири катары биздин кыймылдын мүчөлөрүнүн үгүттөө иштерине жардамга аттандым. «Чу» дегенде эле Өзгөнгө барып Мадумаровдун кампаниясына катыштым, он чакты жерлерине барып сүйлөдүм. Аягында добуштарды эсептеген маалда эки тарап кызыл чеке болуп райцентрде тирешип, олку-солку болуп турганда биз элдин арасында Адахандын таламын талашып, катуу туруп бергенбиз.

Марттын башында Жалал-Абаддын облакимчилигин Бакиевдер басып алып, ал жерди аялдар менен ээлеп турган экен. 5-мартта Базар-Коргондон чыгып, биз жарым саатта эле эл чогулган аянтка келип калдык. Биздин келгенибизди жактырбаган уюштуруучулар — кыязы даяр оокатка келдиңер деп — бизден чоочуркап турушту. Бирок эл кол чаап, бизди таанып, жылуу кабыл алды. Биздин деле оюбуз — элдин духун көтөрүп, аларды колдоп, саясий учурга карата керектүү сөздөрдү, чакырыктарды кетүү деген болучу. Өмүрбек да, Докем да элге курч, жеткиликтүү сүйлөп беришти. Ортодо сөз кагышуу да болуп кетти, мен ойлойм, Докемдин акыркы китеп жыйнагында ал момент жөнүндө эскерүү жазгандыр деп. Бектур Асанов ошол жерде лидерлеринин бири экен. Мен Бектурду өзүмө чакырып, облакимчиликтин ичиндеги аялдардын абалын сурадым. Аялдар ал жерде камалып отурушат, чыкса анан кайра кире албай калышат деп, баары 2–3 күндөн бери үйүнө жете албай, жууна албай жүрүшөт деди Бектур. Боорум ачыды аларга, болгон акчамды Бектурга берип, келе жаткан 8-Март майрамы менен куттуктап, тамак-аш жасатып бер деп биз жөнөп кеттик. Өзгөндүн райакимчилигинде эл кылкылдап чогулуп турган экен, эл менен жолугуп, саясый кырдаалды ченеп, тез Кара-Кулжага жол тарттык. Чотоновдун шайлоого наразы колдоочулары, Кара-Кочкорго чейин жетип калышыптыр, чоң жолду ээлеп Ошко жөө жүрүш жасап келе жаткан экен. Биз баарыбыз Ошко жетип, эмки кадамдарыбызды, стратегиябызды ойлой баштадык. Кырдаал күн санап өзгөрө баштап, өзүнүн жогорку деңгээлине жеткенге жакындап калды. Негизи Жалал-Абадда эл жеңип, облакимчилик элдин колунда болгондон кийин, эмки кезекте элдин бийлигин орнотуу боюнча Ош турган, ал жерде биз «Ата-Журттун» саясатчылары: мен, Дүйшөн Чотонов, Анвар Артыков, Исхак Масалиев башында туруш керектиги анык болуп, биз Ошто элди чогулта баштадык. Кыргызстан Элдик Кыймылынын (КЭКтин) атынан бизге жардамга Үсөн Сыдыковду жиберишиптир. Адаттагыдай облакимиат башчылары сүйлөшүүгө келбейт, күчкө таянып турушат. Ал эми эл болсо утулган кандидаттарынын наразычылыгын бийликке жеткизебиз деп күрөшкө жулунуп турган кез. Марттын суугунда, каар-жаанда аянтта, Лениндин айкелин тегеректеп бир жумага жакын жаткан Чотоновдун эли, арасында кемпир-чалдар, аялдар, деги эле жөнөкөй карапайым эл чоң чыдамдуулук менен күтүп турушкан. Оштун борбордук аянтында тынымсыз өтүп жаткан митингдерге областтын төрт бурчунан активисттер, элдер келип-кетип турушту. Бирок бир моментте эл сырттан атайын жасалган күч провокациясына алдырып, жини кайнап, облакимчиликке кирип кетишет. Сырт жактан биз ойлобогон, бирок бизди колдогондор ошондо чыга башташты. Бир убакта Накен Касиев чалат, «минтсеңер-тигинтсеңер» туура болот деп. Феликс Кулов мага телефон чалып, кеңеш берсе, мен таңгалганымдан бир маалда дал болуп калдым: кайдан билдим түрмөдө да телефон пайдаланыларын.

Өз добуштарын уурдаткан эл бышып, «чу» дегенде эле, акыйкатты талашып, чечкиндүү кадамдарга даяр турган. Эки күн имараттын ичинде эл менен жүрүп, түндө үйгө барып жуунуп келейин деп кетсем (мен Исхак Масалиевдин үйүнө токтогом), Ак үй Жумалиев менен Малабаев дегенди, “кошелек” деген каймана аты бар, экөөн жиберип түнү бою Артыковду, ошондогу Ош областынын элдик губернатору, жана анын орун басары Чотоновду атайын алаксытып сүйлөшүп турушат, ошол маалда куралдуу күчтөр администрациядагы элди сабап, башы-көзүн жарып, имараттын ичинен кубалап чыгышыптыр. Элдин кайнаган жинин айтпагыла, ошондо эл тике туруп катуу туруштук берди! 18-мартта Ошто эң көп элдин катышуусу менен Элдик курултай өттү. Эл өзүнүн бийлигин орнотуп, акыйкатсыздыкты тебелеп-тепсеп, көкүрөгүндөгү ызасын чыгарып, чыңырып айтып, кичине бошогондой болду. Элден айланса болот, ушундай курч кырдаалдарда элдин демин угуп, алардын сүрүн, эркин сезип сөзсүз жеңерибизге ишендим. Россиянын журналисти мага Ошко телефон чалып менден сурап калды: “Эми, кийинки кадамыңар кандай болот!” деп. Менин оозума: “Эми багытыбыз — борбор калаа, Бишкекке кеттик!” деген сөз келиптир.

— Роза Исаковна, сизди 2005-жылкы элдик революциянын жеңишине АКШдан өтө чоң суммадагы акча каражатын алып келген деген маалыматтар айтылып жүрөт. Андан да сиз ошол кездеги президент болчу Курманбек Бакиевди да Америкага алып барып, “революциянын тагдырын” чече турган өтө бай адамдар менен жолуктурган деген сөздөрдүн канчалык чындыгы бар? Акаев түбөлүктүү хандай бекем отургандай көрүнгөн эле…

— Биринчиден, Бакиев депутат кезинде менсиз эле кыргыз саясатчыларынын делегациясынын курамында Америкага барып келиптир. Ал кишинин Америкага барганына эч кандай тиешем жок. Экинчиден, канчалык кыйын болуп, элди кенебей, эл менен эсептешпей бийликти мыжыгып, билгенимди кыламын деп отургандар биздин тарыхта эки жолу тактан сыдырылганын эл өзүнүн көзү менен көрдү. Эки жолку революция тең карапайым элдин кайраты, деми менен болду. Анан дагы, абайласаңарчы, бул сурооңорду Атамбаев окуп калса таарынат го силерге. Анткени, Атамбаев В. В. Путиндин алдында “Эки революцияны тең мен жасаганмын!” деп кабак-кашы, оозу-мурду кыйшайбай айтпадыбы. Атамбаевге таң каласың, революцияны ким жасаганын элибиз жакшы билет. 2005-жылкы жоогазын революциясын жасаган адамдар негизи баары эле тирүү. Алар аман-эсен арабызда басып, иштеп, дагы эле бийликке кабатыр болуп, ичи чыкпай жүрүшөт го.

— Туура айтасыз! Атамбаев орус президенти Путиндин көзүнчө “Кыргызстандагы эки революция тең менин акчама жасалган! Мен деген мультимиллионермин…” деп айтканын элибиз деле укту го?

— Эми 2005-жылдын саясий жүрүштөрүндөгү чыгымдардын көпчүлүгүн Бакиев каржылап турган. Ал жерде кимдин акчасы аларга агылып турганы кийин билинди го: Максимдин бизнес-достору, Данияр Үсөновго окшогон лөктөр беришиптир да. Берген акчаларын кийин бийликти мыкчыганда эки-үч эсе өндүрүп алышты. Анда эл араң эле жарылайын деп, саясый ситуация бышып калган болчу. Менин билишимче, Атамбаев 2005-жылкы революцияга катышкан жок, анда депутаттыкка да барган жок, Мелис Эшимкановдун шайлоо кампаниясын каржылаганга көмөк көрсөттү окшойт. Эсимде бар, бир жолу КЭКтин (Кыргызстан Элдик Кыймылы) штабына, ал Киев көчөсүндөгү Ү. Сыдыковдун офиси болучу, келип бир оппозициянын билдирүүсүнүн котормосуна киришип: “меники туура, мен СССР Жазуучулар Союзунун мүчөсүмүн”  деп талашып, ага макул болбой койсок таарынып кетип калган. Ошондон кийин 24-мартта түштөн кийин колоннанын башында грузовик менен аянтка келгени бар, ага чейинки окуяларда көрүнгөн жок.

— Отунбаеванын АКШдагы өтө бай тааныштарынан өтө чоң суммадагы акча келген деген маалыматтар ошол кезде айтылып кеткен эле…

— Мен чет мамлекеттерде бир топ иштеп калганым чын, чет өлкөлүк ММК, дипломаттар, саясатчылар менен байланышым бар эле. Биздин өлкөнү мен аркылуу көп адамдар тааныган, мен да биздин өлкөнү дүйнөлүк картага койгонго көп аракет жасадым. Ал эми саясий күрөштү каржылоого карата финансылык операцияларга мен эч качан барган жокмун, барбайм да. Ошондой шеги бар болсо, азыр деле кеч эмес, карап-издеп таап алышсын, андай болгон эмес.

— Ал эми Аскар Акаев маектеринин биринде 2005-жылдагы революция наркобарондордун каражаты менен каржыланган деп гезит беттерине маегинде айткандай болду эле. Акаев Жеңишбек Назаралиевди айтып жаткан жокпу? Ошол кезде ал дагы сиздер менен жүрбөдү беле. Анткени сиздер Жеңишбек Назаралиевдин ооруканасы турган жерден Ак үйгө жөө басып келдиңиздер го.

— Туура, Назаралиев ээлеген клиника 24-мартта — элди чогултканга, жүрүштү баштаганга эң ынгайлуу жер деп табылды. Ага чейин, андан кийин деле ал киши менен көп кездешкен жокпуз.

— Сиздер Жеңишбек Назаралиевдин ооруканасынан баштап Чүй проспекти менен жөө колонна болуп Ак үйдүн алдына келгенсиздер. Ошондо Ак үйдү басып алуу, Акаевди кетирүү пландарыңар бар беле?

— Жок! Бирибиздин да оюбузда Ак үйдү басып алуу маселеси жок эле. Президент Акаевге «элдин үнүн ук» дегендей басым кылалы деп гана ойлогонбуз, нааразылык сөздөрүбүздү уктурабыз, борбордук аянтта бийлик бизди укканча турабыз деген эле ойлор болучу анда. Ак үйгө жетерде биздин колоннаны тосуп атайын даярдалган, колдоруна таш көтөргөн “ак кепкачандар” пайда болушту. Биздин тынчтык митингге агылган элди кадимкидей чоң таштар менен ура башташты. Лениндин айкелинин аркасына бекингендей болуп, элдин арасында түртүшүп-арачалап, «токтогула» деп ошол кымкууттун ичинде тегеренип калдык. Эл болcо деңизге окшоп толкуп турду. Эки тараптан таш ыргытылып, таш-таяктан нары-бери качышып, бирөөнүн башына, экинчисинин бутуна таш тийип, кан ага баштаганда аянттагы эл толкуп кетти, көзүнө кан толуп, жини кайнап, анан бир силкинип, провокаторлорго катуу чабуул жасап, артка кубалай башташты. Ак кепкачандар кожоюндарын сөгүп, өз жандарын сактап, келемиштей болуп качышты. Андан кийин Ала-Тоо аянтында тынчтык митинги башталды. Ар бир трибунага чыккан адам жүрөктөн чыккан сөздөрүн айтып жатышты. Ошондо да провокаторлор элдин арасына кирип алып, дагы эле элге каршы иштерге даяр болуп турганын эл сезбептир.

— Кээде жаман, терс көрүнүштөр да жакшылык алып келген учур болот. Ак кепкачандар болбосо сиздер Акаевдин бийлигин уталбай калышыңыздар мүмкүн эле да?

— Эмне үчүн?

— Ак кепкачандар аянтта турган элге таш ыргытып, революциянын жеңишин тездетпедиби?

— Кандайча?

— Ала-Тоо аянтында буга чейин деле канчалаган митингдер өткөн. Сүйлөгөн адамдарды угушуп, кеч киргенде тарап кетишчү. Биз деле канчасына катышканбыз, аягында бутубуз талып үйгө кетип калчубуз…

— Туура… Провокаторлор окуялардын жүрүшүн тездетти десек болот… Бирок элдин деми күчтүү болчу ал кезде…

(Уландысы кийинки санда)

Маектешкен Бекен Назаралиев

Булак: Жаңы Ордо 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *