Роза Отунбаева: «Атамбаев “Алты жыл уктабай кыйналдым” – деп айтып жатат, баарыбыз билебиз, ал жанын жакшы эле бакты»

Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева “Азаттыктын” журналисти Бакыт Асановго жаңыдан ишин баштап жаткан президент Сооронбай Жээнбеков, Кыргызстанды 6 жыл башкарган Алмазбек Атамбаев тууралуу маек курган. Ошол маекти кыскартып берип жатабыз.

— Роза Исаковна, эгемен Кыргызстандын 5-президенти 24-ноябрда ант берип, расмий ишке киришти. Ант берүү аземинде сиз баш болгон өлкө жетекчилерин, мурунку өкмөт жетекчилерин, парламент төрагаларынын көбүн көрө алган жокпуз. Сизди бул иш-чарага чакырыштыбы? Дегеле ушул суроо азыр коомчулукта талкуу болуп жатат…

— Эмнеге ушундай суроо силерде кызыгууну жаратат? Бүгүн бизге жаңы президент келди. Мен дагы учурдан пайдаланып жаңы президентти куттуктап коёюн деп жатам. Жана өзүң айткандай мурунку спикерлердин, өкмөт башчылардын ушундай мүмкүнчүлүгү болгон жок. Менин дагы ошондой мүмкүнчүлүгүм болгон жок эле. Ошон үчүн Сооронбай Шариповичти куттуктап жатам. Ал киши менен абдан кыйын жылдарды бирге өткөрдүк эле. Бирок мен ойлойм, бүгүн биз баарыбыз Казакстан менен болгон маселени кантип чечебиз?- деп канча миңдеген адамдар кыйналып турганда, биз ошол жакка көңүлүбүздү буруп, Сооронбай Шариповичке колубуздан келгенче жардамды дагы эле беребиз деп турган кезибиз. Анткени, “Мына аркасында Атамбаев турат, минтип жатат, тигинтип жатат” десе, ошол эле казакстандыктар муну терс карап турушат да. Ошондуктан мен ойлойт элем, биздин ал жерде болгонубуз, болбогонубуз бул экинчи, бешинчи түрдөгү маселе. Бизди чакырган жок. Мисалы, мени чакырышкан жок. Атамбаев болобу, же Жээнбеков болобу мына биздин далыбыздан басып өтүп, бүгүнкү бийликке келген адамдар. Бирок мен ошол жерге барганымда өзүмдү ыңгайсыз сезет элем. Мен кайсы арыма ошол жерге барып жыргап отурат элем? Анткени, мына биздин жолдошторубуз Өмүрбек Текебаев түрмөдө. Бектур Асанов 2010-жылдары Жалал-Абадда токмок жеп жүрдү эле. Ал дагы түрмөдө олтурат. Чотонов дагы “Жээнбеков болсун”- деп губернатор болбой, ордун берген эле. Эми ал дагы түрмөдө. Эмнеге биз ошол жакка барып олтурушубуз керек?!.

— Ошол эле учурда Жээнбеков дагы, Атамбаев дагы кечээ Кыргызстанда алгачкы жолу бийлик тынч жол менен колдон-колго өткөрүлүп жаткандыгын белгилешти. Биз билебиз, 2011-жылы сиз Атамбаевге бийликти өткөрүп жатканда алгач тынч жол менен өткөрүлгөндүгүн айтышкан эле. Бул эми бийлик алмашууну унуткаруу аракетиби? Же чындыгында мунун артында эмне максат турушу мүмкүн?

— Мен ойлойм, биз өзүбүз кыргыз эли жакында эле баягы жазуу маданияты пайда болуп, тарыхты абдан үстүртөн билип, ушундай бир өнөр менен келатабыз да. А чынында кечээ Каптагаев фейсбукта “бул үчүнчү жолу” деп жазып чыкты. Биз да мындай артты карап көрүп, анан ушул тарыхты кайра биз жазып, өзүбүзгө жараштырып жазабыз деген ушундай аракеттерди ташташ керек го. Мына биз көрүп жатабыз. Канча адамдар жөн эле атылып да кеткен. Туурабы? Жакында революциянын 100 жылдыгында Россияда кандай гана баалар берилген жок. Анын баарын көрүп жатабыз. Ал баары бир кетпейт экен. Мына тарых деген өзүнүн ордун эч качан өчүрбөйт экен. Биз дагы ушуну үйрөнүшүбүз керек. Мен ойлойм, бул азыркы далбастаган аракеттер да. А чынында мындай эр болсо элдин арасына барышсын. Эл менен жүрүшсүн. Мисалы, мен Кыргызстанда барбаган жер жок. Мен барган жерде эл жакшынакай кабыл алып “Оор учурда биздин президентибиз болгонсуз”- деп сый-урматын көрсөтүшөт. Мага ошол жетиштүү. Анан бир жерге барбай калдым, ошол жерде отурбай калдым деп эч качан өкүнбөйм.

— Мына азыркы коомдук-саясий абалды, коңшулар менен мамиленин жөнөкөй эместигин баарыбыз көрүп турабыз… Эми азыркы президент Жээнбековдун алдында эң негизги кандай милдеттер турат?

— Мен алгач ошол милдеттерге бул кишинин күчү жетеби, жетпейби деген суроого жооп берейинчи. Менин оюмча ушундай критикалык ситуацияда ар бир адамдын жөндөмү, мүнөзү ачылат да. Бул киши азыркы убакка чейин жооптуу иштерде болгон жок. Бирок азыркы кезде ага сын айтыла турган учур болду. Бул жакшы үй-бүлөдө тарбияланган тектүү адам. Мен ойлойм, бул адам кыргыздын нукура дипломатиялык жөндөмдөрүнүн баарын анализдеп, эстеп Нурсултан Абишевич менен тил табышса. Мен тил табышарына ишенем. Анткени, бул адамды эч ким чындыгында жакшы билбейт. Назарбаев деле аны менен премьер-министр кезинде бир эле жолу сүйлөштү. Эми азыр таза жүз болуп барып, эки элдин тарыхый карым-катнашынын негизинде сөзсүз тил табыша алат деген үмүттөмүн.

— Андан сырткары Жээнбековдун алдында турган дагы бир милдет катары-бул улуттук бириктирүү милдетин да атап жатышпайбы. Бул жаатта эмнелерди кылуу керек, анан канчалык деңгээлде жөндөмдүү деп ойлойсуз? Мисалы, буга чейинки акыркы алты жылдагы саясий күчтөрдүн ортосундагы тирешти эске алганда…

— Мен ойлойт элем, жөндөмдүү болуш керек. Анткени, биз каалайбызбы, каалабайбызбы биз дайыма Кыргызстанда түндүк-түштүк тууралуу айтып турабыз. Кайсы жерге барсаң да ушундай маселе бар. Мен Улуу Британияда элчи болдум. Ал жерде Түндүк Ирландия, Уэльс, Шотландия сыяктуу ажырымдар бар. Испаниядан болсо Түндүк Католонияны көрүп жатабыз. Эми бизде деле ушундай ажырым бар экен. Совет доорунан бери бизде бирде түштүктөн, бирде түндүктөн мамлекет башчылары болуп жатканына күбөбүз. Бул жолу президентти түштүктөн тандап алганын мен Атамбаевдин туура кылганы деп эсептейт элем. Бирок Соке досу жеке ал үчүн эмес. Бирок аны түштүктөн тектүү жердин өкүлү катары тандап алганын туура деп эсептейм. Эми мунусу жалпы элдин рухун түшүнгөндүгү. Аны элдин баары түшүнүп жатат. Азыр болсо Сооронбай Шарипович түндүк менен түштүктү бириктиргенге көп тажрыйбасы бар. Анын элге жакын адам катары элди бириктирерине ишенем.

— Бирок ошол эле учурда бул маселени кызматтан кеткен президент айтпадыбы. Мен бийликтин кайсы бир бутагы болсо дагы таасир этүүгө жөндөмүм, мүмкүнчүлүгүм бар деп. Анан акыркы окуяларды эске алганда президент Сооронбай Жээнбеков канчалык деңгээлде өз алдынча саясат жүргүзө алат? Ага кантип даремети жетет?- деген суроолор азыр орчундуу болуп жатат. Сиздин оюңузча канчалык деңгээлде өз алдынча саясат жүргүзүүгө мүмкүнчүлүгү бар?

— Биринчиден, бул киши өз алдынча команда түзүшү керек. Саясатта ушундай… Атамбаев “Алты жыл уктабай кыйналдым”-деп айтып жатат. Бирок Путиндей, өзү акаарат айткан Назарбаевдей иштеген жок да. Биз баарыбыз билебиз, жанын жакшы эле бакты. Путиндин сайтын карап көрсөңүз бир күндө беш-алты жыйын өткөрөт экен. Атамбаев эл менен иштеше турган канчалаган катмарлар калды… Аларга жеткен жок. Бул кийинки учурда атайын иш-чараларда жалаң мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу менен алек болуп жатпадыбы.

— Сиз 2011-жылы бийликти өткөрүп жатканда ишеним көрсөттүңүздөр эле. Ошол ишенимди президент Атамбаев канчалык деңгээлде актады?

— Бул эми оор суроо. Биз алты жылдын ичинде ар тарапка буруп кеттик. Мен бир саясатчынын: “Төрт жылдын ичинде Жээнбеков менен Атамбаев эки тарапка буруп кетиши мүмкүн” деп жазганын окудум. Революциядан кийин “нервный обстановкалар” сакталып жатат. Өч алам дегендер көп. Өкүнгөндөр көп дегендей. Эми мындай кырдаалда чындап эле иштегенге оңой эмес. Бирок ошого карабай жолуңду таап анан жаныңдагы командаң туура болушу керек экен. “Атамбаевге ким кеңеш берет?” деп аксакалдар деле, башкалар деле көп учурда кейип жатышты. Болгону анын жанында шопуру анан Фарид Ниязов болду. Бул өзү сөз укпай турган деле киши. Өзүнөн эле акыл чыгып жатты. Биз анын акылы кандай экенин көрдүк. Ал эми Сооронбай Шарипович жакшы команданы түзүп, акылдуу адамдарга таянып алардын кеңешин угушу керек.

— Ант берүү аземиндеги сөзүндө Жээнбеков демократия менен парламентаризмди өнүктүрөм деп билдирди. Ошол эле кезде демократиянын эки тарабы-жоопкерчилик менен эркиндикти баса белгиледи. Анан сиз муну кандай кабыл алдыңыз? Жаңы президент мурдагыдай эле саясий атаандаштарына куугунтуктоо анан адам укугу жаатында эмнелерге көңүл бурушу керек?

— Жок, биз чын эле Жээнбековду билбейт экенбиз. Бул киши саясий иште көрүнгөн жок да. Демократияга чоң салым кошту дегенди биз такыр билбейбиз. Бул киши Атамбаевдин жолун улайм деп үзбөй айтып жатат. Ушунун негизинде биз анын кандай кадамдарды жасай турганын көрөлү да. Анткени менин оюмча бул өтө чоң сахнадагы рампалардын алдында иштеп жаткан өтө жооптуу иш. Дүйнөлүк аренада ошол замат рейтингдерге кире баштайсың. Мен ойлойм. Сооронбай Шарипович популист да эмес. Азыр дүйнө жүзүндө жаңы породадагы популисттер пайда болду. Популист болбогондуктан Сооронбай Жээнбековдун кадамдары ойлонуп жасалат деп ишенем. Анан бул кишиде аёо сезими болуш керек. Мисалы, акыркы отуз жылдан бери укук коргоочулар өмүрүн демократияга арнаган. “Демократия аралчасы” деген сөз биринчи ушуларга таандык деп эсептейбиз. Азыркы премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин бирөөсүнүн дагы буга тиешеси жок. “Демократия аралчасы” укук коргоочулар менен журналисттердин эмгегинен жаралган түшүнүк. Ошондуктан азыр дүйнөлүк аренада Кыргызстанга ким кандай баа берээри биринчи кезекте Жээнбековдун кадамдарына көз каранды.

— Сиз менен буга чейин маектешкенибизде өлкөдө акыркы жылдары жүргүзүлгөн тышкы саясат ыраатсыз жүргүзүлүп калгандыгы тууралуу айттыңыз эле. Жээнбеков кызматка киришкенде эле Атамбаевдин ишин улантарын айтты. Демек, тышкы саясаттан жаңылык күтпөй эле койсок болобу?

— Мен Жээнбековдун: “Күчүм да жетет. Дареметим да жетет. Тажрыйбам мол” деп шайлоо учурунда айткан сөздөрүн эстеп калдым эле. Мен ойлойм. Азыр Жээнбеков үчүн көп жаңы нерселер пайда болот деп. Бул кишинин демократия айдыңында көп нерсе менен иши жок болчу. Бул биринчиден. Экинчиден, бул эл аралык иштер сыноо болот. Атамбаев өзү бул сыноодон араң эле өттү. Европа болсо биздин өлкөдө шайлоо процедурасынын негизинде мамлекет башчы өзүнүн кызматын кийинкисине өткөргөнгө баа берип жатат. Ал эми шайлоонун кандай өткөндүгүнө ОБСЕ сыяктуу уюмдар баа берет экен да. Ошондуктан эл аралык байланыштар өтө татаал нерсе болот. Буга да практика керек экен. Сырт жактагы элчилерибиз дагы чет тилди жакшы билген тажрыйбалуу адис болушу керек. Буга байланыштуу да Жээнбековдун алдында көптөгөн милдеттер турат. Эгер Жээнбеков өлкөдө өз алдынча саясат жүргүзө албай, үстүнөн карап турган “аталыгына” көз каранды болсо, анда ал аз убакыттын ичинде эле өзү көмүлөт.

Булак: “Жаңы Ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *