Роза Отунбаева:”Мына, Текебаевди адилетсиз соттогон соттун бир жаагы кыйшайып ооруп калыптыр, каргыш тийди да, кыргыздын каргышы катуу болот”

“Атамбаев стабилдүүлүк орнотуп сый-урматы менен эле кетип калса эл эстеп калат эле, “стабилдүү Кыргызстанды таштап кетти” деп. Жок! Аркасынан минага толгон Кыргызстанды таштап кетип жатат ”, – деп билдирди Роза Отунбаева “Жалбырак” видеоканалына берген интервьюсунда.

“Ар бир адилетсиз иштин арты кайырлуу болбойт. Мына, Текебаевди адилетсиз соттогон соттун бир жаагы кыйшайып калыптыр, ооруптур, каргыш тийип жатат да. Кыргыздын каргышы катуу да!Азыркы соттор жана прокурорлор өздөрү жана үй-бүлөлөрү жөнүндө ойлонуш керек. Биз сот институтунун кадыр-баркын түшүрүп жатабыз. Бийлик бир сокур буйрутма берсе эле ошол буйрутманы “лаппай”, “дайыма даярмын!” деп аткарып жаткан сотторду көрүп жатабыз”, – деди Роза Отунбаева.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *