Роза Отунбаева: “Өкмөттүн аппарат башчысы Нурханбек Момуналиев мага “Мен Бакиевчилмин!”, “Мен Бакиевчил экениме сыймыктанам!” деп айтты, мен муну Атамбаевге, башкаларына айтсам да унчукпай коюшту”

“Мобу Нурханбек Момуналиев деген мурунку өкмөттүн аппарат башчысы, азыр кайта эле аппараттын башчысы болду. Нурханбек Момуналиев Бакиевдин парламенттеги өкүлү болчу. Ал ушул мага 2010-жылдын апрелинен кийин “Мен Бакиевчилмин! Мен буга сыймыктанам!” деп айтып жатат”, – деп билдирди Роза Отунбаева “Жалбырак” видеоканалына берген интервьюсунда.

“Менин андан ушунчалык көңүлүм калып Атамбаевге да айттым, башкасына да айттым: “бу кандай?” деп. Десем “жок алар иштеп жатышат” дешип койду. Нурханбек Момуналиев мына, 10 жылдан бери ошол жерден жылбай  өкмөттө иштеп жатат. Кадр кызматына жетекчи болуп барып, ал жерди каалагандай бузуп-бычып,  эми кайра өкмөткө келип иштеп жатат.Темир Жумакадыров дагы, өкмөттө иштегендердин ар бир экинчиси Бакиевдин колунан өткөндөр, ошолордон сабак алган балдар”, – деди Роза Отунбаева.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *