Роза Отунбаева: «Жаныш Бакиевди кармасын деп Жалал-Абадга жиберген генералдарыбыз ар кандай шылтоо айтып, аны кармай албай келген»

(Башталышы мурунку сандарда)

— Президенттик шайлоого талапкер болуп чыгып, мөөнөтүңүздү узартып алсаңыз болот эле да?

— Өзбекстандын президенти И. А. Каримов мени менен сүйлөшүп отурганда “Роза Исаковна, президенттикке кала бергин!”– деп айткан болучу. “Эмне үчүн болбосун? Президент катары кала берсеңиз өлкөгө эле жакшы”– деп Орусиянын президенти да айткан. Балким антип койсо деле болмок: мамлекеттик машина кол алдымда турган да, бетти тултуйтуп күчкө салууга болот эле да. Бирок мен элиме сөз бергем, өлкөнүн келечегине канча балдар жанын бергенин бир да минут эсимден чыгарбай, ант берген убадаларды унутпай, ордумду бошотуп жаңы шайланган президентке өткөзүп бердим. Өткөөл мезгилдин Президенти деген кызмат ордун түзүп жатканда дагы ички интригаларды токтотуу, өз ара ишенбөөчүлүктү кыскартуу максатында: “…президенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 2011-жылдын 31-декабрына чейин белгиленсин… кийинки 2011-жылда боло турган президенттик шайлоого талапкер катары катышууга укуксуз болсун…”– деп Декретке да жазып, өзүм кол койгом. Мен үчүн бийлик же мансап эмес, мамлекеттин келечеги маанилүү эле. Ошондой эле Кыргызстандын саясий тарыхында биринчи жолу бийлик тынч, мыйзам ченемдүү түрдө бир президенттен экинчи президентке өткөнү — ​принципиалдуу мааниге ээ болуп турган. Бул жаңы саамалык традицияга айлана турган изи өчпөс салт болсун дегенге жол салдым деп ишенем. Ал салтанатка башка өлкөлөрдүн президент, премьер-министрлери, тышкы иштер министрлери, республиканын активи, кеңири коомчулук катышып, унутулгус окуяга күбө болушкан.

Мындан да нары ойлор бар эле: пост-президенттик Институтту жаратуу, өлкөдө Экс-президент деген кандай болушу керек, анын коомдогу орду кандай болот, аткара турган иштери кандай деген үлгү жаратуу. Борбордук Азиянын дүйнөнүн башка региондорунан айырмасы “мурункулар” жашабайт, алар түз эле аркы дүйнөгө сапар алат. Бизде жагдай башка, азыр эки мурунку президент качып жүрөт, экөөбүз өлкөнүн ичинде жашап жатабыз, менин кызматтан кеткениме алты жылдан ашты, Атамбаев мына жаңы эле “мурунку” болуп отурат. “Президенттиктен кийин да башка жашоо бар, көп ийгиликтерди жаратып, өлкөгө пайда алып келсе болот”– деген девиз менен акыркы алты жылдан бери өзүмдүн дараметиме жараша Фонд түзүп, элге керектүү иштерди аркалап келе жатам. Фонд аркылуу билим берүү, маданият, аялдар, балдар, айрыкча мектеп жашына чейинки балдарды өнүктүрүү боюнча бир топ проектилерди ишке ашырып жатабыз, бир нече маанилүү китептерди даярдап басмадан чыгардык. Фонддон тышкары Кыргызстанды даңазалап төбөсүн көрсөтө турган бир топ эл аралык иштерге тынымсыз катышып жүрөм. Биз албетте келечекти карай умтулуп жашообуз абзел. Мына “Кыргызстан — ​2040” деген стратегияны даярдап жатабыз деп жатышат, андай программа кабыл алсак бул дистанцияда кеминде дагы төрт президент шайланат, алардын да кызмат мөөнөттөрү аяктайт, алардын топтогон тажрыйбасы дагы эле элге кызмат кылсын деген максатта биз аларды салттуу жолго түшүрүп, үлгүлөрдү көрсөтүүбүз зарыл. Өнүккөн өлкөлөрдө 4–5 мурунку президенттер, он чакты мурунку өкмөт башчылары жашап, иштеп, ооруганы ооруп, баспаганы үйүндө отурат. Алардын тажырыйбасы, эксперт катары пикири, ар кандай маселе боюнча кеңештери көп өлкөдө пайдаланылат. Кай бир калпыс нерселерге күбө болгондо капа болуп, бир топ тажрыйбалуу адамдар: “Деги биздин президенттерге кимдер кеңеш берет?” — ​деп сурап калышат. “Бизде андай нерсенин кереги жок, интернет, фейсбук дегендер бар, ошол жактан маалымат чогултуп алат”– деп мен тамашалап айтып коём. Президент деген, алардын оюнда эл менен, эл ичинде кадыр-барктуу, тажрыйбалуу инсандар менен тикелей байланыш болуусу зарыл деп ойлорун айтышат. Мисалы, Россия, Казакстандын президенттеринин бир топ маанилүү негизги тармактар боюнча жогорку деңгээлдеги кеңеш топтору бар, алар менен президент өзү жолугуп, аларды дайыма угуп турат. Путиндин сайтын карап көрсөңөр, бир күндүн ичинде ал 4–5 тематикалык жолугушуу, чоң жыйындарды өткөрөт. Балким биз Австриянын тажрыйбасын изилдеп, өзүбүзгө ылайыкташтырып көрүүбүз керек: аларда президенттин алдында үч кишиден турган (курамында сөзсүз мурунку президенттерден бирөө бар) конституциялык статусу бар кеңешчи топ иштейт. Улуу Британияда мурунку чоң кызматтагы адамдар, эң тажрыйбалуу адамдар Королевадан лорд же баронесса наамдарын алып, жогорку палатага чогулат, ошол жерде маанилүү маселелердин талкуусуна катышышат. Көрсө бай, 800 жылдан бери демократиянын тузун татыган өлкөлөр билимдүү, дүйнө жүзүн кыдырып билим-тажрыйбаны, байланыштарды топтогон адамдарды дагы да болсо өлкөгө иштетип, алардын бир грамм акылын да жерге таштабай, жоготкусу келбейт экен да! Мен, мисалы, азыр Бүткүл Улуттук Уюмдарынын Генералдык катчысынын алдындагы, дүйнө жүзүндөгү 200 өлкөлөрдөн тандалган 18 инсандан түзүлгөн Медиация группасында мүчөмүн. Бул жогорку деңгээлдеги группанын мандаты: конфликттерди, кайсы жерде болбосун, алдын ала чечүү, токтотуу, тынчтыкты бекемдөө, ал үчүн оптималдуу жолдорду табуу маселелери. Бизде болсо популисттик уран менен “эскилерди өзүм менен ала кетем, жаштарды бийликке коём” — ​деген волюнтаристик иштер жасалып, экономиканын көзүн билбеген, эч бир башкаруу-административдик тажрыйбасы жок жаштарды чоң позицияларга чочойтуп отургузушуп коюшуп, эми өлкөнүн тамтыгын чыгарып жатышат.

— Сиздин президенттигиңиз биринчи күндөн баштап эле чыр-конфликт заманга туш келип, сизден эң башкысы аскерий, катуу тартиптеги, каармандык, жоопкерчиликтүү, калыс, адилеттүү жетекчиликти талап кылган. Ошол убакта кол алдыңызда иштеген коопсуздук иштерине жооп берген аскер кызматкерлери, Кыргызстандын генералдары сиздин күч куралдар Кол башчысынын сынына жооп бере алыштыбы?

— Туура байкоо жасадың, менин Убактылуу Өкмөттүн башчысынын мандаты бул жаңжалды токтотуп, өрттөн аман-эсен чыгып, бузулган-кыйрагандын баарын кайта калыбына келтирип, карама-каршылыктарды жоюп, элди тынчытып, стабилдүүлүктү орнотуш керек болчу. Жалаң эле өкмөттөгү иштегендер эмес, жөнөкөй адамдар, ыктыярчылар бизге аябагандай чоң жардам беришти. Биздин аскерлердин — ​миң-миң деген катардагы жоокерлер, жүз-жүз деген офицерлер, генералдар — ​алардын эрдиги, күжүрмөндүгү, кайратына таянып көп кыйын учурлардан чыктык. “На войне как на войне” дегендей, адам жоготуулардан кете албадык, баарын кечтик: Жаныш Бакиевди кармасын деп Жалал-Абадга жиберген генералдарыбыз ар кандай шылтоо айтып, аны кармай албай келген; 2010-жылы апрелде Маевкадагы ситуацияны биздин милиция алсыз, төмөн профессионалдыгын көрсөтүп, колуна алалбай кан төгүлгөн; июнь окуясында атайын Ош күйүп жатканда, милицияны күчтөндүрүү максатында келген тажрыйбалуу делген атактуу милициянын мыкчыгери бир жумадан кийин ар себептерди айтып, ишин жыйыштырып кетип калган; Жалал-Абадды күчтөндөрүүгө комендант болуп барган дагы бир “столичный” кадрыбыз элден бекинип, качып, кийин Барктабасовду кармай турган операциясында министр болучу, коркоктугун көрсөтүп, генерал деген наамга татыксыз экенин иш жүзүндө даана ачыктаган. Түштүктөгү милиция башчылары ачык эле Бакиевдерге тартып, бизге каршы иштерди жүргүзүшкөн. Андай мисалдар толтура! Маевкадагы окуядан кийин 2010-ж. 23-апрелинде Атамбаев биздин күч жетекчилерине нааразы болуп, Убактылуу Өкмөттүн алдында укук тартибин жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча атайын комиссияны сунуштайт, өзү ага анын башчысы болоюн, бул жакты тартипке салам деген. Ага чейин УӨ төрайымынын орун басары катары күч органдары, прокуратура жана коопсуздук комитети Бекназаровдун кароосунда болчу. Мен, өз буйругум менен Бекназаровдун укуктарын баарын алып, Атамбаевге бердим; прокуратура, коргоо министрлиги, коопсуздук комитети, милиция, МЧС, иши кылып баардыгын ал башкарып калды. Бекназаровдо 7-апрель боюнча тергөө иштери, Акаев, Бакиевдердин кылмыш иштерин иликтөө милдети эле калды. Бул чечим туура эмес болгонун кийин убакыт көрсөттү, Атамбаевге ишенип отуруп, көп маселе көз жаздымда калганын, бир топ иштерди алдын ала жасай албай калганыбызды Ош окуялары даана ачыктап салбадыбы.

— “Азаттыкка” маек бергениңизде, Ош окуясы чыккан күнү Алмазбек Атамбаевди таппай калдык деп айттыңыз. Ал кандайча болгон окуя? Сиз өзүңүз Ош окуясын кимден уктуңуз?

— 10-июнь күнү биз өкмөттүн жыйынын өткөрүп, келерки жарым жылда экономика жаатында алдыдагы жарым жылга түзүлгөн пландарыбызды талкуулап, бекитип, жер-жерлердеги ситуация жөнүндө убактылуу дайындалган губернаторлор маалымат берип таркаганбыз. Апрель айынан кийин биринчи жолу ушундай жыйын өткөрдүк. С. Жээнбеков менен М. Мырзакматов келген жок болучу, анткени Ош шаарында авал тынч эмес болуп, жаштар тирешип, жаңжал болуп кетпесин деп ситуацияны контролго алып турган. Исмаил Исакович, андагы Ош жана Жалал-Абад областы боюнча менин атайын ыйгарымдуу өкүлүм катары бир топ критикалык маселелерди сүйлөшүп алыш керек деп атайы учуп келген болучу. 60 жашка чыкканына карата жыйындан кийин баарыбыз бир чыны чайга кирип, куттуктап, кечки саат онго жетпей тарап кеткенбиз.

Мамлекеттик резиденцияда мен Бакиев турган үйгө жашабай, короосунда коноктор үчүн салынган бир этаждуу тамда апам жана сиңдим менен жашачумун. Түнкү саат он экиден өткөн маалда мени телефон ойготту: Ошто жаңжал ачыкка чыгып, өзбек-кыргыз тирешип, кагылышып жатат. Ошол замат мен кийинип жумушка жөнөдүм да, УӨ мүчөлөрүн баарын чогулткула деген команда бердим. Саат бирдин тегерегинде баары офиске келип, туш-тушка телефон чалып информация чогулта башташты. Өрт чыгып кетти, курмандыктар бар, куралдуу күчтөр киришмейин иш чатак дегенди угуп, көп сүйлөбөй эле чара көргөнгө өттүк. Текебаев, Исаков, Бекназаров, Чотонов, Ибраимова, Артыков, А. Сабиров, А. Фаттаховдор Ошко учмай болушту. Элге кайрылыш керек, тирешүү, кагылыштарды токтотуш керек деп аларды таң аткандагы биринчи самолёттор менен Ошко учурдук. Танктар, аскерлердин кошумча бөлүктөрүнүн барышы да зарыл экенин чечип, Коргоо министрлигине тапшырдык. Суу, нан, медицина маселелери да муктаждык болуп чыга баштады. Каржылоо министри Т. Сариев Э. Ибраимова менен чечкенге тапшырма алды. Түштүктөгү стратегиялык объектилерди көзөмөлдөө жана сактоо маселеси шарттуу болучу. Чет элдик биздин партнерлорго туура, керектүү информация жеткизүү, дегеле өзүбүздүн элибизге маалымат айтуу боюнча баш оорубайт: журналисттер биз менен жарышып качан эле биз иштеген имаратка келишип, жарым түндөн баштап коридор, кабинеттердин баарын каптап жүрүшөт. Түнү бою иштеп, эрте менен жуунуп, киймимди алмаштырып келейин деп үйгө бара жатсам, шаарда уктабай, тынымсыз кулактарын радиого төшөп, телевизор карап, интернет окуп эмне болот эми деп турган эл; эрте менен жумушка, окууга, балдарын бала-бакчага алып бара жаткан көзү жана жүзүндө коркунуч уялап турган шаардыктарды көрүп чыйралдым, колдон келген иш-аракеттин баарын жасайбыз деп өзүмдү кубаттап жаттым. Эрте мененден баштап информация келе баштады: А, Бекназаров менен генерал Исаков Алайга учуп барышып элди Ошко барбагыла деп токтотуп башташты. Өзүнүн ыктыяры менен түндө офиске келген өзбек коллегаларыбыз Ошто өзбек эли менен махаляларда иштеп жүрүштү, элди токтотконго резина таяктар жана жыты күчтүү газ баллондор керек деп, аны издей баштадык. Губернатор С. Жээнбеков башка көп иштердин арасында айылдан келген кыздарды айыл-айылга жөнөтүп, алардын коопсуздугун сактоону колго алды. Коомдук активисттер, НПОлор, карыя-ветерандар, афган согушунун ветарандары, үйдө отура албаган колуман иш келсе даярмын деген жарандар, бизнесмендер, иши кылып өлкө коркунучта экендигин көрүп турган мекендештерибиздин баары өкмөт үйүнө агылып келип жатышты. Бишкекте, башка региондордо гуманитардык жардам, анын ичинде күнүмдүк керектелүүчү оокаттар, кийим-кечек, тамак-аш жыйналып, самолёт менен, жүк ташуучу чоң машинелер менен түштүккө жөнөтүлүп жатты. 11–12–13-июндарда күндөр бутубузда туруп өттү, эс алуу деген жок, кабинеттен чыкпай иштөөгө туура келди. Убактылуу өкмөттүн имаратынын ичи кайнап турду.

Атамбаев 11-июнь күнү күндүзгү саат он бирлерде жумушка келиптир. Ким бар-ким жок, аны караган, сураган киши деле жок, УӨ — ​баарыбыз бир команда болуп ошол күндөрү тынымсыз, уктабай иштеп жүрдүк. Бир топ убакыт өткөндөн кийин, ошондо кайда элең, неге келген жоксуң башкалар менен деп сурасам: мени кайтарган күзөтчүлөр телефондорду өчүрүп, мага эчтеке айтпай, эч кимди киргизбей коюшуптур, мен укпаптырмын, мен уктап калыптырмын деген шылтоодон башка сөз тапкан жок. УӨ коопсуздук комиссиясынын башчысы катары бир да жолу Ош, Жалал-Абад областтарына эң оор күндөрү — ​кан төгүлүп, от күйүп жаткан кезде — ​барып койгон жок. Деги эле июндун 15–16на чейин дымы чыккан жок. Ал күндөрү Атамбаевди он чакты кишиден турган бригада кайтарып жүрчү, апрелдин башынан эле Россиядан жалданганы анык — ​жалаң орус жигиттер, аскер формасы кара түстүү, мылтыктарын салаңдатып мойнуна асып, адамдарга такап, коркуткансып көтөрүп жүрүшкөн, бир сөз менен айтканда “наемники”. Эске түштү, Бакиевди да 24-мартка карата төөдөй чечен жигитти алып келишип, катуу кайтартышкан. Сырткы эффектиси айныбас 100%! Көргөн, учураган адамдарга: бул кайтаруу объекттери өтө баалуу болушу керек, бийлик акыр аягында ушул кишилердин колуна өтөт деген ишеним жаратып турат.

— Июнь окуясы башталганда Өзбекстандын президенти И. Каримов, Россиянын президенти Д. Медведев менен сүйлөшкөнгө мажбур болдуңуз. Ошол жөнүндө айтып берсеңиз.

— Ооба, ал сүйлөшүүлөр жөнүндө, өзгөчө эң оор кырдалда Ислам Абдуганиевич менен болгон чечкиндүү телефон сүйлөшүүнү мурунку интервьюларымда айтып бергем. Орусиянын андагы Президенти Д. Медведев менен болгон сүйлөшүүлөр деле кеңири чагылдырылган. Мен учурга жараша андан көрө жаңы эле төртүнчү жолу Россиянын президенти болуп шайланган В. В. Путин менен болгон сүйлөшүүнү айтып берейин.

Д. Медведев менен 12-июндун кечинде сүйлөшкөнгө үлгүрдүм, анткени ал күн Россиянын улуттук күнү, баары майрамдап, президент элге сыйлыктарды тапшырып, анан дагы бир топ кыдырата жолугушуулар болуп жаткан экен. Нарышкин, ал убакта Администрациянын башчысы, мен сөзсүз сизди байланыштырам президент менен деп убада берди. Президент И. Каримов менен болгон сөздөн кийин — ​бир эле кайрыла турган адрес: Орусиянын мамлекет башчысы бар болучу: эң жакын, стратегиялык өнөктөшүбүздөн аскерий жардам керек болуп турган. Орусиядан андан тышкары дагы материалдык жардам сураганга мажбур болдук, андай маселелерди премьер-министр Путин чечээри анык, мен өкмөт менен байланышып, Путинди күндүз табалбай калдым. Биз жаңылыктардан түшпөй, баары эле билчү, биздин муктаждыгыбыз зарыл экенин, жардамчысы: “Роза Исаковна, ВВ сөзсүз келсе эле сизге чалат” деди. Үч күндөн бери түнү бою уктабай, күнү-түнү иштеп, абдан чарчап, иштегенге жарабай тургам. Кечинде келип доктурга айтсам, мага уктата турган укол жасап койду, эртең менен турсаңыз — ​башыңыз тазаланып калат, күч-кубат келет деп. Жатып уктап калыптырмын. Түндө телефон шыңгырайт: Путиндин офиси: ВВ чалып жатыптыр. Мен телефонду ала коюп жооп берейин десем тилим бурулбайт, күрмөөгө келбейт, сөз айтайын десем — ​оозума бирдемени тыгып салгансып, такыр сүйлөй албайм, булдуруктап. Путин менден сурап жатат — ​мен жооп бере албай жатам. Даары ичкем, даары эле даары деп айтып жатам. Жыйынтык: ал киши менен керектүү сөз болбой калды, эртеси кайта чалып, баарын орду-орду менен айтып, жардамды сурадым. Карайлы, силердин өтүнүчтү четке тыштабайбыз деп В.В Путин көп узабай, биз сураганды толук аткарып берди. Кийин 2010-жылдын ноябрь айында Санкт-Петербургга КМШ өкмөт башчыларынын жыйынына барганда В. В. Путин мени тамашалады: “ошондо сиз кичине бир жагымдуу суусундуктан ичип койгонсуз го” деп. Жок, мен такыр эле ичпейм деп ишендиргендей болдум. Дагы бир тамаша мени күтүп турган экен. Чогулушка келген Казакстандын Премьер-министри К. Масимов мага: бизде Тараз шаарында бир айтылуу там бар, биринчи да, экинчи да президентиңер ал жерге түнөп, анан алдыга жол тартып кетишет. Эми ошону токтотуп, ал үйдү эс алдырбайсыңарбы деп, тийишти.

(Уландысы кийинки санда)

Маектешкен Бекен Назаралиев

Булак: “Жаңы ордо

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *