Руханий дүйнөң али биротоло жакырлана элекпи?

Маданият министрлигине, шаардык жана райондук маданий башкармалыктарга

Бизге жеткен маалыматтарга караганда, Бишкектин Киев жана Абдрахманов (мурдагы Советская) көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп жылдардан бери китеп сатуу менен алектенишип келе жатышкан жарандарды райондук администрациялар кубалап, орунга тургузбай жатышыптыр. Бул борбордук көчөлөрдү тазалап, биротоло тартипке келтирүү үчүн жасалып жаткан аракет го десең, анда алардын эле катарында картошка, мөмө-жемиш саткандар тынч эле иштерин улантып келе жатышат.

Дал эле мындан чейрек кылым мурдагыдай: Дзержинкада (азыркы Эркиндик бульварында) “Нуска” аттуу киши аягы такыр үзүлбөгөн эң чоң, эң сонун китеп дүкөндөрдүн бири жайгашкан эле. Бирок, ал жакка китеп-соода иштерине жармашышкан кайдагы бир аягы суюк, маданият деген эмне экенин түшүнүшпөгөн шылуундар кирип алышып, адегенде кире бериштеги бир бурчун гана арак саткан өтө чакан дүкөнчө кылышса, бара-бара китеп саткандарды четке сүрүп олтурушуп, акыры ошол имаратты толук ээлеп алганга жетишишкен. Ошентип олтуруп, борбор шаардагы өтө көп, чоң китеп магазиндеринин баарын “тап душмандары” катары жоюу иши жүргүзүлгөн..

Мунун арты эмнеге алып келгендигине жалпы коомчулук күн сайын күбө болуудабыз. Руханий жакырлануу адам табиятынын акырындап айбанга жакындай беришине шарт түзө берет. Башкасын айтпай эле коелук, кечээ жакында кайын энесинин башын алып, баштыкка салып, эжесин жардамга чакырып (тим эле, базарга картошка жеткиришип кой дегендей) мусорго таштаган жаш келиндин окуясы кайдыгер, күнүмдүк, боло жүргөн нерседей кабылданганы эле эмнени каңкуулап турат? Мурда криминал, же кылмышка жакын чөйрө деп шылтачубуз… Эми болсо карапайым үй-бүлөлөр өз ара криминалдарча “разборка” жасай башташкан деңгээлге жеттик.

Ушунун баары адамдардын рухий дүйнөсү жакырланып, жедеп жалаң гана материалдык дүйнө менен жашаган макулуктарга айланып бара жатышкандарынан кабар берип турат. Албетте, картошка, мөмө-жемиш, арак сатуу кирешелүү, бирок, алар эч качан руханий азык болуп бере албайт.

Урматтуу маданият тармагынын жетекчилери, шаардык жетекчилер! Китеп магазиндерин, күркөлөрүн куруп бере албасаңар, же ачык асман алдында китеп саткандарга элементардык шарт түзүп бергенге жарабасаңар, анан курулай эле “Маданият жылы, адеп жылы”, “Айтматов жылы” дей бергениңерден эч нерсе өзгөрүп кетпейт. Мындай ишиңер улана берсе, силердин майнапсыз саясатыңарга (“Түкүрбө!” — ​деген сыяктуу кызыл кулактуу арзан баа акцияларды канча ирет өткөрсөңөр да!) жалпы эл жабыла түкүрө башташы мүмкүн. Кеч боло электе, ойлонгула, соодадан руханий дөөлөт тарапка бир аз да болсо бурулгула!

Булак: “Жаңы Ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *