Руслан Айталиев, Бишкек шаарынын тургуну: «Тиричилик үйүн ачам деген оюм тыйын сурагандардын айынан ишке ашпай жатат»

Өткөн саныбызда борбор калаада бир дагы тиричилик үйү жок экенин жазган элек. Мурунку тиричилик үйүн Борис Силаев Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде сатып жиберип, азыр ал жерде “Бета Сторес” жайгашып турат. Тынчтык проспектисинде тиричилик үйү боло турган имарат курулуп бүткөнү менен ишке кирбей турганын да айтканбыз. Ошол имараттын ээсин таап, кепке тартып да көрдүк. Ал пенсиядагы киши болуп чыкты. Тыйындуу киши болбогондуктан жакшы оюн ишке ашыра албай келаткан экен. Бир нерседен үмүт кылгандар шаардыктар үчүн керек болгон тиричилик үйүн ишке киргизүүгө бут тосуп жатышыптыр. Ал кишинин идеясын мурунку мэр Иса Өмүркулов да колдогон экен. Азыркы калаа башчысы Албек Ибраимов да бул ишти көз жаздымга калтырбай, колдоо көрсөтүп, тиричилик үйүн ишке киргизгенге жардам берсе борбор калаа үчүн жакшы болмок. Президент да коррупция менен күрөш катуу болот дебедиби. Пенсионерден бир нерсени талап кылгандардын тамагын башкы прокурор айым да тыйып койсо, мыкты идея ишке ашып кетмек.

— Руслан мырза, сиз борбор шаарга тиричилик үйү керек деген идея менен ишти баштаган экенсиз. Идеяңыздын толук аягына чыкпай жатыптырсыз. Бул иш менен качантан бери убара болуп келатасыз?

— Борбор калаабыздагы Тынчтык проспектисинде жайгашкан мурунку Политехникалык институттун жанында жайгашкан № 62-үйдө балдарым жашайт. Ошол үйдүн жер төлөсүндө бөлмөлөр бар эле. Биз 1996-жылы мыйзам жүзүндө ал бөлмөлөрдү сатып алгандан кийин үйдүн түндүк жагынан эшик ачкан соң, бөлмөлөргө бир сыйра оңдоп-түзөө иштерин жасагандан кийин проектинин негизинде тиричилик салонун иштете баштаганбыз. Ал жерде телевизор, радио, саат оңдогондордон тышкары чач тарач, бут кийим оңдоочу жайлар да бар эле. Анан ал кездеги шаардын мэри Медет Керимкулов мэриянын кызматкерлери менен шаарды кыдырып жүрүп имараттын сыртынан “Салон бытовых услуг” деген жазууну көрүп калыптыр. Ал жердеги элден бул салондун ээси ким экендигин, сыртынан ким көзөмөлдөп жатканын сурашканда апамдын аты-жөнүн айтышып, мен тууралуу маалымат беришкен экен. Ал киши архитектуранын кызматкерлерин чакыртып алып “Бул жакта элге керектүү салон жайгашкан экен. Шаарда мындан башка салон жок. Салондун жанында бир сотых жер бар экен. Русланды чакырып, силер ага ошол жерди бөлүп бергиле. Ал салонун чоңойтуп шаар тургундары үчүн тиричилик үйүн салса жакшы болот, — ​деп көрсөтмө берген экен. Мэрияга мени чакыртышканда барып мэрдин Жуков деген жардамчысына жолуктум. Ал: “Шеф майрамдын алдында шаардын тазалыгын текшерип жүрүп силердин салонду көргөндөн кийинки иштин жайын бизге айтты. Эмесе арызыңарды жазып калтырып кеткиле. Архитектурага арыз түшкөндөн кийин ал жердегилер менен сүйлөшүп салонуңарды кеңейткиле” деп айтып ишти баштаганга мүмкүндүк берген.

— Архитектура андан кийин өзүнүн тиешелүү иштерин аткардыбы?

–2001-жылы жазган арызымдын негизинде 2002-жылы жер мага бөлүнө тургандыгы тууралуу токтом чыккандан кийин архитектуранын кызматкерлери жерди ченеп өздөрүнүн иштерин аткаргандан кийин алардын макулдугун алып, анан документтердин тиешелүү суммасын төлөдүм. 2005-жылы документтер даяр болгондон кийин өлкөдө төңкөрүш болуп кеткендиктен андан кийинки иштер аягына чыкпай калды.

— Төңкөрүштөн кийин баштаган ишиңиздин аягына чыкканга аракет кылдыңыз да?

— Албетте. Эми 2002-жылы чыккан токтомдун мөөнөтү 2007-жылы бүтмөк да. Ошон үчүн 2006-жылдын аягында кайра арыз жазгандан кийин 2007-жылы “шаар тургундарына керектүү тиричилик үйүн бүтүрсүн” деп токтомду узартып беришти. Анан колумда керектүү иш кагаздары тургандыктан ишти башташым керек эле да. Ошондо мени менен бирге иштеше турган бир таанышым төңкөрүштөн кийин акчасын короткусу келбей эмнегедир айнып калды. А мен өзүмдүн болгон мал-мүлкүмдү саттым. Архитектурадан тышкары мамлекеттик курулуштун архитектурасын көзөмөлдөө (ГАСК) кызматындагылар 2008-жылы менден документтерди сурап алгандан кийин бир жыл бою документтердин туура-туура эместигин текшерип, коммуналдык кызматтардын макулдугу менен мыйзам жүзүндө свет, канализация, суу маселелерин чечишим керек экендигин эскертишти. А мен бул маселелердин баарын чечкенден кийин 2010-жылы курулушту баштаганга уруксат беришти. Бирок тилекке каршы, ошол учурда Апрель революциясы болуп кетти.

— Апрель революциясынан кийин кызматка келген шаардын ошол учурдагы мэри Иса Өмүркуловго жолугуп көптөн берки көйгөйүңүздү айтканга мүмкүнчүлүк болдубу?

— Ал мэрге 2010-жылы күзүндө барып: “Иса Шейшенкулович, мен элге керектүү тиричилик үйүн курайын деп жатам. Мына, документтерим колумда, — ​деп көрсөттүм. Ал киши колдоп, “бул кишиге жардам бергиле, шаардын эли үчүн кызмат кыла турган жакшы ою бар экен”, — ​деп өзүнүн орун басарына көрсөтмө берди. Андан кийин мэриядагылар “Сиз азырынча курулушту баштабай туруңуз. Себеби сиздин курулушуңуз борбордук көчөдө жайгашкан. Ошон үчүн бир аз күтө тургула” ​деп айтышты. Ошону менен менен мен кийинки жылдын июлуна чейин күтүп, акча топтоп курулушту баштадым. 2011-жылы 3-июлда эреже боюнча курулуш баштала турган жердин тегерегин тоскондон кийин котлованды каза баштадык. Ошондо башка подьездде жашаган бир орус аял мага бут тосо баштады.

— Балким ал аял сизден акча өндүргүсү келгендир…

— Ал аял менден “бир нерсе” үмүт кылгандай болду. А мен андан баш тарттым.

— Сиздин колуңузда курулушту баштаганга мыйзамдуу документтер турса, ал аялдын кийлигишкенге кандай акысы бар эле?..

— Өкмөттүн ошол кездеги жерге байланыштуу № 50-токтомуна ылайык кошуналардын мага курулушту баштаганга уруксат катары кол коюп бергенинин деле кереги жок болчу. Ал эми тиги аял мэриянын жообуна ынанбастан андан кийин Бишкек шаардык прокуратурасына дагы менин үстүмдөн арызданыптыр. Башкы прокуратурадан болсо менин ишимди “мыйзамсыз” деп представление чыгарган экен. 2013-жылы Башкы прокуратуранын бул представлениесин архитектура, мамлекеттик инспекция жана башка курулушка тиешеси бар мамлекеттик органдар “бул представление туура эмес чыккан” деп жокко чыгарышты. Мэрия болсо “Бул социалдык обьект. Баардыгы мыйзамдуу” ​деп Башкы прокуратурага иштин жыйынтыгы тууралуу маалымат бериптир.

— Мэрия болсо мыйзам жүзүндө жыйынтык чыгарган экен. А бирок сизге эрегишкен жанагы кошунаңыз дагы деле тынчыңызды алгандыр…

— Ал кошунам бир аз тынчып калгандай эле болгон. А мен курулуш менен кызуу алек болуп жаткам. Шаардык прокуратурадан кошунамды 2011-жылы мэриянын үстүнөн Бишкек шаарынын райондор аралык сотуна арыз жазууга үйрөтүшкөн экен. Ошентип беш жылдай соттошуп жүрдүм. 2016-жылы 27-июлда шаардык сот “Жер мэриянын балансында болгондуктан бул маселени өзү чечет экен” деп чечим чыгарып берген. Андан кийин Жогорку сот “Бул жаран мөөнөтүн өткөзгөндүгү үчүн анын арызы жокко чыгарылсын” ​деп чечим чыгарып, бул ишке чекит койгон.

— Салондун курулушун кайсы жылы баштадыңыз?

–2012-жылы мен имараттын каркасын тургузуп, чатырын жаптым. Ошону менен курулуш, монтаж иштери бүттү. 2013-жылы февраль айында имараттын дубалын толук тургуздум. Андан кийин 2014-жылдын аягына чейин эшик, терезелерин орнотуп, ички иштерин бүтүрүп койдум. 2015-жылы болсо канализация, свет, сууну толук киргиздим. Менин пайдама 2016-жылы шаардык соттун, 2017-жылы Жогорку соттун чечимдери чыккан жана күчүнө кирген.

Былтыр жайында архитектурадагы тааныштарымдын бирөөсү мага телефон чалып байланышып, менин курулушумду шаардык прокуратуранын кызматкерлери текшере тургандыгын айтты. Көрсө, шаардык прокуратурадан Камалов деген кызматкер представление чыгарган экен. Камалов болсо мага жолукпай эле жанына архитектуранын кызматкерлерин ээрчитип алып курулушу толук бүткөн имаратты өз алдынча текшерип чыккан экен. Андан кийин комиссия түзүп, ошол комиссиянын чыгарган жыйынтыгы менен мен куруп жаткан имаратты түрттүрүп салмай болушат. А мен Камаловго жолугуп бул жер социалдык обьект экендигин, 2013-жылы шаардык прокуратуранын кызматкери Акназаровдун чыгарган представлениесин менин арызымдын негизинде Башкы прокуратура жокко чыгаргандыгын айттым. Ал болсо буга эч маани бербей “биз баарын мыйзам түрүндө аткарып жатабыз” деп жооп берди.

Нурсултан ШАЙДИНОВ

Булак: Жаңы Ордо 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *