Руслан Казакбаев, ЖК депутаты: “Бабанов ийгиликке жетиш үчүн баардык аракеттерин жасайт”

ТИМ катарынан тамыр алып, чоң саясатка канат күүлөп чыккан Руслан мырза баралына келген барчын сымал болуп турган кербези. Кадимки Өмүрбек Бабановдун жандай көргөн жакын досуна партиялык ички интрига, кызматтык ишмердүүлүгү, тышкы саясаттагы абал, башкы дипломаттар менен болгон мамилеси тууралуу собол салдык. Айрым түз соболдорубуздан буйтактап, сыпайылана, чыныгы дипломаттык жүрүшү менен жооп узатты.  

– Руслан мырза, соңку парламенттик шайлоодо сиз штабын жетектеген ырынан-чыры көп “Республика — Ата Журт” партиясынын тизмесине досуңуз Өмүрбек Бабанов экөөңүздөр өңчөй дос, тааныш, тууган-урук, келечекте силерге “кол бала” болчу депутаттарды алып келгениңиздер кызуу талкууга алынганы бар. Маселен, келиниңиз Алтынай Өмүрбекованы сиз жогорудагыдай критерий менен алып келгенсиз да, туурабы?

– Сен атагандай сын-пикирлерге кошула албайм. 2012-жылы тышкы иштер министри кызматынан кеткенден кийин мени Өмүрбек Токтогулович жетектеген “Республика” партиясынын саясый кеңеши чакырып, ошол жылы боло турган Бишкек шаардык кеңеши үчүн шайлоону жетектеп берүү, шаардык кеңешке аттанган талапкерлердин тизмесин баштап баруу сунушу менен чакырып калышты. Ойлонуп көрүп, макул болдум. Андагы Бишкек шаардык кеңешинде мен жетектеген “Республика” партиясы ар кандай кысым, бут тосууларга карабастан 2-орунду камсыз кылдык. Өзүм да шаардык кеңешке талапкер болгондуктан, жеңишке жетишкенден кийин өз эрким менен Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгынан баш тартып, “Республика” партиясынын борбордук штабын жетектеп, партиялык курулуш, жергиликтүү бөлүмдөрдүн ишин жандантуу, эл менен иштешүү сындуу партиянын ички маселелерин чыңдоо менен 3 жыл алек болдум. Мындай иш-аракеттерибиздин жыйынтыгында, 2014-жылы 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо 1-орунга ээ болгон “Ата Журт” партиясы менен бириктик. Биргелешкен иш-аракеттерибиздин натыйжасында, 2015-жылы “Республика – Ата Журт” партиясы соңку парламенттик шайлоодо өлкө боюнча 350 миң добуш менен маарада 2-орунга чыга келдик. “Тууган-туушкандарын алып келген” деген сындарга да кошула албайм. Туура, партиянын тизмесине талапкерлер тааныштык аркылуу киришти. Аны танбашыбыз керек. Бирок, партиянын ички жобосуна ылайык, биздин саясый топ менен чыгышкан 130 талапкерибизди тең округдарга бөлүп, район-район, облус-облус болуп атаандаштык негизде аттанышкан. Мына ушундай ички атаандаштыктан алдыга суурулуп, көп добуш алышкан талапкерлер депутат болушу керек эле. Тиешелүү добушту топтогондор депутат болуп келишти. Тилекке каршы, айрым кесиптештерибиз округдарынан тыңгылыктуу добуш алышпаса дагы сот аркылуу депутат болуп отурушат. Бирок, биздин фракция мындай көрүнүштөргө карабай, ынтымактуу иш алып барып жатабыз. Алдыда депутат болуу кезегин 6 талапкерибиз күтүп жатышат. Бул боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Мен ойлойм, Кудай буюрса, алар да кезеги келгенде сөзсүз депутаттык мандатка ээ болушат деген үмүттөмүн. Ал эми Алтынай Өмүрбекованы партиялык тизмеге алып келүүгө эч кандай тиешем жок. 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо Өмүрбек Токтогулович андагы өзүнүн күчтүү командасы менен Алтынай Өмүрбекованы издеп табышып, аны саясатка киргизишкен. Анда дагы депутат болгон. Бул чакырылышта дагы Бишкек шаарынан округ алып, татыктуу добуш топтоп, депутат болуп чыга келди.

– Жакында парламент төрагалыгына болгон так-талашта досуңуз Өмүрбек Бабанов фракциялаштарыңар менен спикерликке сиздин ысымыңызды сунуштап чыгышаарын кыйытканы бар. Көп өтпөй коалициялык көпчүлүк сунуштаган Чыныбай Турсунбековду сиздердин фракция колдой турганын жар салып чыкты. Бабанов досуңуздун мындай жүрүшүн президенттик аппараттан кагуу жеген соң, сиздин талапкерлигиңизден айнып, Чыныбай Турсунбековду көздөй “ойт берип” кеткендиги катары сыпаттасак болобу?

– Туура, башында “Республика – Ата Журт” фракциясынын ичинен спикерликке талапкерлердин ысымдары айтыла баштаганда, менин да атым аталган. Фракциянын ичинен кесиптештерим билимимди, дипломатиялык жөндөмдүүлүгүмдү баса белгилешип, өздөрү колдоп чыгышты. Ал жыйында менин эле эмес, башка кесиптештеримдин да аттары аталган. Мурда-кийин коомчулук көзүндөгү инсан болгондуктанбы, менин атым маалымат каражаттарына көп чыгып кетти. Ал эми “Өмүрбек Бабанов президенттик аппараттан кагуу жедиби?” деген какшык аралашкан соболуң чындыкка жакындабайт да.

– Бир катар бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү кыргыз бийлигинин АКШ менен болгон мамилесин айыптап, тышкы иштер министрибиз Эрлан Абдылдаевдин отставкасын талап кылышууда. Бул канчалык негиздүү? Дегеле Эрлан Абдылдаев менен мамилеңиз, анын ишмердүүлүгүнө оюңуз кандай?

– Баардык иштин туура жагы да, туура эмес жагы да бар эмеспи. Анын сыңары, бул жерде деле маселенин эки тарабы бар. Еврейче айтылган сөз болбосун, бул жерде министр дагы, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү дагы туура пикирлерин айтышты. Андыктан, анчалык корко турган деле эч нерсе жок. Керек болсо министрдин кызматтан кетишин талап кылып жатышкан бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүн министр өзү чакырып, ой бөлүшүп, адам укугу боюнча маселелерге көңүл бурушу керек. Ал эми министр Эрлан Абдылдаев 4 жылга жакын убакыттан бери тышкы иштер министрибиз катары иштеп, чоң деле ката кетиргендигин байкаган жокпуз. Ушул жерден баса белгилөөчү жагдай, тышкы иштер министрлиги мамлекеттин, президенттин тышкы саясатты жүргүзүү боюнча аткаруучу органы катары өз алдынча көз-карандысыз, расмий билдирүү жасабайт. Тышкы иштер министрлиги АКШ менен болобу же башка мамлекеттер менен болобу, кандайдыр бир билдирүү же чечим кабыл алаарда өкмөт башчы менен же президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмү менен макулдашып, анан гана бир чечим кабыл алат. Министр өз алдынча чечим кабыл ала-албайт.

– Кочкор кланынан чыккан дипломаттар Аликбек Жекшенкулов, Сапар Исаков баштаган кесиптештериңиз менен мамилеңиз кандай?

– Мамилем эң жакшы. Жеке эле бул экөө эмес, мурдагы тышкы иштер министрлеринин баардыгы менен мамилем жаман эмес. Мен тышкы иштер министрлигинде тээ ылдыйдан баштап жогору көздөй кызматтык тепкичтердин баардыгын этап-этабы менен басып өткөн кызматкер катары министрдин биринчи орун басарлыгына чейинки убактарда иштеген министрлерди устатым, мугалимим катары эсептейм. Эң биринчи Роза Отунбаева, Муратбек Иманалиев, Аскар Айтматов, Эднан Карабаев, Аликбек Жекшенкулов, Кадырбек Сарбаев. Бул 6 министрди тең өзүмдүн урматтуу жетекчилерим, окутуучуларым катары билем жана сыйлайм. Алтоондо тең пенде катары кемчиликтери болгондур, бирок, кесиптик жактан жогорку профессионал дипломаттар жана адамкерчиликтери бийик инсандар экендигин танбайм. Мүмкүнчүлүк болгон, көрүшүп калган жерден баары менен тең сүйлөшүп, пикир алмашып турабыз. Эгерде алардын мага карата башкача ойлору болсо, өздөрүнөн сурап көрсөңөр болот. Ал эми Сапар Исаков биз иштеп турганда тышкы иштер министрлигинде эл аралык укук бөлүмүндө бөлүм башчы болуп иштеди. Андан соң өкмөт аппаратынын тышкы саясат бөлүмүндө, президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчылык кызматтарына, президенттик аппарат жетекчисинин орун басарлык кызматына чейин өсүп, иштеп жатат. Сапар Исаков профессионал, дасыккан дипломат катары өз ишин тыңгылыктуу тартып, жаштыгына карабай жогорку кызматтарда иштеп жатат. Экөөбүздүн ага-ини катары да мамилебиз абдан жакшы.

– Эртеби-кечпи бүгүнкүдөй амбициясы менен досуңуз Өмүрбек Бабанов күчтүү менеджер, күчтүү лидер катары бийлик башына келүү тилеги бар. Ошондо сиздин ордуңузду кайдан көрсөк болот?

– Эгерде, андай тилектериңер бар болсо, анда орундалсын! Баягы, “Пенденин оозунда болсо, периштенин кулагында” деген кеп бар го? Мени кайсы кызматтан көрсөңөр дагы эл-журтубузга кызмат кыла берем. Баардыгы Кудайдын буюрганынан. Мен ТИМдеги тээ ылдыйкы кызматтан министр болгонго чейинки жасаган карьерамда Өмүрбек Токтогуловичтин өзгөчө салымы болгон эмес. Биздин ортобузда жигиттик, достук гана мамиле бар. Ортобузда “Дос күйдүрүп айтат, душман сүйдүрүп айтат”, “достук-достук менен, иш-иш менен” деген принципте гана иш алып барабыз. Өмүрбек Бабанов абдан күчтүү бизнесмен, күчтүү менеджер катары баштаган иштердин ийгилигине жетиш үчүн баардык аракеттерин жасайт.

Булак: “Азия news

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *